Жогорудагы талкууга жем таштаган Алмакан аттуу айым эмне үчүн орундугун бекем кармап, жабышып алганын айтып берди. Анын айтымында, жолдошу каза болуп калгандан бери жалгыз 2 баланы тарбиялап келет. Багууга чамасы жетпегендиктен бирин ата-энесине берип койгон.
“Менин эки балам бар. “Ош базарында” 7 жылдан бери иштеп келе жатам. Эптеп араба түртүп, товарларымды сатам. Бир аз сатып, беш-он сомумду алып үйгө барам. Ден соолугум начар. Башым ооруйт. Дегеле оорубаган жерим калбады. Эки-үч күндөн бери ишке чыкпай отургам. Арабамды алып, мени кууп жатат. Алмамды сатып түгөтүп коёюн деп отургам. Эми чыкпай эле коёюн десем деле болбой арабамды алып койду. Бош столду талашып алып коюшту. Жакында байкем, эжем каза болгон. Ушундай кайгырып, жашоого дагы маанай жок. Эптеп кирип-чыгып жүрсөм столумду жүктөп кетти. Адам өз башына оор жүк келгенде акылынан кетет экен. Мага эч кимден жардам жок (ыйлады). Кечээ социалдык тармакта тарап, талкуу болуп жаткан видео жөнүндө мага Орусиядан тааныштарым айтышты.
“Алмакан, сенин видеоң Орусиядан чыгып жатат” дешти. Телефонду дагы жакшы караганды билбейм. Баламды жалгыз таштай албай ээрчитип келип, кайра ээрчитип кетем.
Балам “бутума суу өтүп кетти” десе дагы, “тура бер балам, жаның тынч болсо болду” дейм. Жолдошум 2010-жылы каза болгон. 10 жылдан бери жалгыз жашайм. Балам 14 жашта, окуудан келгенде эле жаныма чакырып алам”, – деди Алмакан айым.