Четверг , 4-Март 2021
Башкы бет / Жаңылыктар / Ажылык, муфтияттагы коррупция жана зынаа.

Ажылык, муфтияттагы коррупция жана зынаа.

Ажылыктын өзү Куранда жазылбаптыр. «МеккеМединага барып, Кааба (Кубик) ташка сыйынып, Шайтанды таш менен уруп, ажы бол» деген бир да аятта жок! Бул — «язычество». Кааба ташка Ислам келгенге чейин эле табынышкан тура! Буттарга сыйынгандай эле кеп. Бул Арабияда байыртан бери келе жаткан БИЗНЕС!
Ошол «ажылык» деген бизнес балээнин айынан акча талаш пайда болууда. Минтип, муфтийибиз жамааты менен чогуу бүткүл мусулман дүйнөсүндө шерменде болду. Ажылык бизнести токтотуп, ар ким кааласа, Меккеге өз жолу менен барган түзүкпү дейсиң Аарийне, Арабия квота бербейт, себеби, алар соодагер калк, бизнеси «күйөт». Демек, бул язычество Исламга таптакыр туура келбейт, момундар!
Муфтият жылына миллиондогон доллар каражат чогултуп, ажылык сапар уюштуруп, түшкөн каражаттардын айрым бөлүктөрү белгисиз жакка жумшалат экен. Муну молдолор өздөрү айтып күйүп бышкан учурлар көп.
Борбордук мечитте зынаалык, разврат күчөп кеткенин көп угабыз! Жалгыз-жарым жаш кыздар дуа алайын деп барса, айрым молдолор дароо эле дубалап баштарын айлантып, «Нике дубасын» окуй салып, эки-үчөө «жайлап» салышат экен. Ишин бүтүрүп, дароо талак берип, айдап ийишет экен. Непадам боюна бүтүп калган болсо, «ме, барып алдыр» деп аборттун баасын берип жолго салышат экен! Мен ошондой тагдырга туш болгон кыздардан болгон окуяларын угуп, төбө чачым тик турду! «Тийиштүү жактарга арызданбайсыңбы» десем, кокуй, кара дуа окуп салабыз деген, корком!» дешет.
Бул эмне? Дүйнө боюнча дагы, анын ичинде Кыргызстанда да Исламга каршы, Куран китепте жазылбаган каапырлык иштер болуп жатканы – Акыр Заманга жакындаганыбыздын нак белгиси!
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс