24.kg маалымат агенттиги инаугурация аземине Кыргызстандын мурунку президенттери канча акча коротконун жазып чыкты.

Тунгуч президент кызматына үч жолу келген. Буга ылайык, ал үч инаугурациядан өттү. Бирок бул салтанаттардын чыгымдары жөнүндө ачык булактарда маалымат жок. Алгачкы жолу Аскар Акаев 1991-жылдын декабрь айынын башында ант берип, ошол эле жылы 12-октябрда президент болуп шайланган. Салтанат Ак үйдө шаан-шөөкөтсүз өттү.

2005-жылы президент Курманбек Бакиевдин инаугурациясы үчүн мамлекеттик казынадан 21 миллион сом бөлүнгөн. Анын ичинен 4 миллион сом орусиялык жылдыздардын катышуусунда кечки концертке жумшалган. Каражаттын көп бөлүгү Өкмөт үйүнүн жанындагы фонтанды оңдоого кеткен (азыркы “Ак үй”) – 12 миллион сом. Мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясы оңдолуп, Өкмөт үйүнүн чоң залы шаймандар менен жабдылган. Жалпысынан бул иштердин бардыгына 17 миллион сом бөлүнгөн.
Белгилей кетсек, Курманбек Бакиевдин инаугурациясы борбордук Ала-Тоо аянтында дээрлик 10 миң адамдын, анын ичинде чакырылган чет элдик коноктордун катышуусунда өткөн. Иш-чарага ар бир региондон 54төн өкүл чакырылган. 2009-жылы Курманбек Бакиев кайрадан мамлекет башчысы болуп шайланган. Президенттин аппараты Бакиев шайлоодо жеңип чыккандан кийин салтанаттуу иш-чарага 20 миллион сомго жакын акча коротконун билдирген.

Роза Отунбаеванын инаугурациясына 9 миллион сом жумшалганы ачык булактардан белгилүү. Иш-чара 2010-жылдын 3-июлунда Бишкектеги Улуттук филармониянын имаратында өткөн.

Президент Алмазбек Атамбаевдин инаугурациясына 10 миллион сом сарпталды. Ошондой эле, иш-чара Улуттук филармонияда 2011-жылдын 1-декабрында өттү. Роза Отунбаева Атамбаевге президенттин күбөлүгүн, төш белгисин жана мамлекет башчысынын штандартын тапшырган.

2017-жылы Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясына кеткен чыгымдардын суммасы 8 миллион 404 миң 248 сомду түзгөн. Салтанат 2017-жылы 24-ноябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынын “Энесай” кабыл алуу үйүндө откон.