Пятница , 26-Февраль 2021
Башкы бет / Досье / «БАТКЕНДЕ ҮРӨН СЕБҮҮ ИШТЕРИ БАШТАЛДЫ»

«БАТКЕНДЕ ҮРӨН СЕБҮҮ ИШТЕРИ БАШТАЛДЫ»

«БАТКЕНДИН БААРЫ ЧАЙИРЧИ БОЛОТ»
Кыргызда лакамы жок эл болбойт дейт, лакамы (кличка) жок элди кыргызда «култай» деп койот. Башкача айтканда кулда гана лакамы болбойт экен.
Айтылуу Зардалы айылын аркалаган «Нойгут» уруусунун лакамы илгертен эле «Чайирчи» болуп келет. Бирок бул лакамга биздин эл анча деле ардана бербейт, анткени чайир бул тоодо өскөн даарылык касиети өтө күчтүү даары чөп. Кыргыз элинин башына ачкачылык түшүп, алыскы Казак туугандардан бери агылып келип, ушул Зардалы айылында Гулжан чайирди жеп көп адамдар амал алышкан экен. Нойгуттар Зардалыдан Гулжан чайирди Баткен, Кокон, Андижан, Маргаланга чейин алып келип сатышып, «Чайирчи» лакамына ээ болушкан. Ал мезгилде бул чөлкөмдө элдер ачкадан бедени, өрүктүн сөөгүн тартып жеп азапка түшкөн.
Жылдар өтүп, эл тоюнуп, элди ачкачылыктан сактаган Нойгуттардын уруусу айтылбай эле «Чайирчи» бойдон калды. Анысы аз келгенсип көп жылдар бою Чайирчилар жапайы эл, эски ислам динин тутушат, башка элден кыз албайт, кыз бербейт дешип Баткенге келген ар бир жетекчиге жамандап келишти. Ал эми Нойгуттар кыз алып, уул үйлөөрдө куда тараптын тегин сурап, кул аралашпаган, зады таза, уруусу таза жер менен кудадашаарын кийин түшүнүп, тан беришти.
Эми жылдар өтүп ошол элди ачкачылыктан сактап калган Нойгуттардын чайири Баткенде чооң бизнеске айлана баштады. Чайирдан алынган 1 кг ширеси 100-300 доллардан фармацептикага сатылууда дешет. Андыктан Баткендин бардык эли тоолорго чайир үрөнүн себип, чайир ширесин чогултууну колго алышты. Чайирчи деп Нойгуттарды жемелеген уруулар бүгүнкү күнү баары өздөрү эле ЧАЙИРЧИ боло башташты. Баткен облусунун тоолору жылдан-жылга талашка түшүүдө. Мына чындык тамашасы!
Бүгүнкү күнү Баткен районунун Кара-Бак (Зардалы) айылынын эли Нойгуттар (чыныгы чайирчилар) тоо этектеп чайирдин үрөөнүн себүүнү башташты. Органикалык даарылык касиети күчтүү чайир ширеси Баткен элин байытуунун бир булагы болууда. Баткен баары чайирчи болду!
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс