Пятница , 26-Февраль 2021
Башкы бет / Досье / СЫЙМЫК ЖАПЫКЕЕВ МЕЛИС АСПЕКОВДОН 50 МИҢ ДОЛЛАР АЛГАНБЫ?

СЫЙМЫК ЖАПЫКЕЕВ МЕЛИС АСПЕКОВДОН 50 МИҢ ДОЛЛАР АЛГАНБЫ?

УКМК Сыймык Жапыкеевдин Мелис Аспековдон 50 миң доллар алганы тууралуу маалыматты четке какты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда Мелис Аспеков “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчилигинен талап кылынган $250 миңдин 50 миң долларын Жапыкеевге бергем” деп көрсөтмө бергени тууралуу маалымат желдей тарап, коомчулуктун талкуусуна алынган.
Белгилей кетсек, 8-январда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылууга шектелип активисттер Мелис Аспеков менен Улан Жураев кармалган. Алар “Кыргыз темир жолу” ишканасын ЖАМК текшерет, ишкананын жетекчилигине каршы митингдерди уюштурулат деп коркутуп, акча талап кылышкан.
10-январда Биринчи май райондук соту активисттер Мелис Аспеков менен Улан Жураевди 9-мартка чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камакка алуу тууралуу чечим кабыл алган.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс