Пятница , 26-Февраль 2021
Башкы бет / Аналитика / 92 жаштагы Шайым апанын аманаты же аяшы Азамат Алтайдын каттары

92 жаштагы Шайым апанын аманаты же аяшы Азамат Алтайдын каттары

Ишемби күнү тоодо балдарым менен жүрсөм өзүн «Азамат Алтайдын аяшы болом, сени көптөн бери издеп жүрдүм эле, тапканым жакшы болбодубу, сага кантип жолуксам болот уулум» — деп 92 жаштагы Шайым апа чалып калды. Апаны убара кылбай бүгүн өзүм барып жолугуп, мурда тааныштардай көпкө сүйлөшүп отуруп, сары майдай аздектеп сактап жүргөн аманатын алып кайттым.
Ал аманат Азамат Алтайдын 1991-95-жылдары Шайым апанын өмүрлүк жолдошу, Азамат Алтайдын классташы, айылдаш жакын досу, кесиптеши, белгилүү журналист Сабыр Калкановго жазган каттары, Азамат Алтай авабыз тууралуу райондук, облустук, республикалык гезиттерге жарыяланган макалалар, маектери экен. Арасында Азамат Алтайдын ошол ооор күндөрү тууралуу өзү жазган «Кара кийген күн» аттуу сандан-санга басылган эскерүүсү да бар экен.
Айрыкча Азамат Алтай авабыздын жан досу Сабыр авага балалык кезин, кийинки жашоосун баяндаган каттары, жүрөгүндө катылган сырларын ачык жазганын окусаң өзүнчө жандуу тарых. Экөө чогуу окуганын, окууну аяктаган соң Сабыр ага 1939-жылы борборго келип «Ленинчил жаш» гезитинде иштеп баштаса, Азамат ага — Кудайберген Кодомберди уулу Тоң райондук Комсомол комитетинде иштеп калганы, Азамат Алтай ошондо эле «Ленинчил жашка» райондон байма-бай макала жазып, алар гезитке басылып турганы, ал гана эмес бир жолу экөө биргелешип эки аял алган жетекчи тууралуу фельетон жазып, ал куугунтукка алганы тууралуу да каттарда, эскерүүлөрдө баяндалган.
Эки дос тең, Кудайберген Кожомберди уулу 1940-жылы аскерге чакырылган боюнча Ата Мекендик согуш башталып ошол бойдон айылына кайтпай калса, Сабыр Калкан уулу 1942-жылы майданга аттанып, жеңиш менен кайтып келген соң журналисттик кесибин аркалаганын көрөбүз.
Эки дос бири-бири менен 1991-жылдан баштап кайрадан табышып, кат аркылуу сыр төгүшүп, чер жазыша баштаганын Азамат авабыздын каттарынан, жоопторунан окууга болот. Бир катында: «Жашыңда сен зээндүү, тың, тентек элең, рогатка менен далай чымчык атып өлтүргөнүңө чыдап жүрчү элем» — деп Азамат ага досунун кылыктарын эстейт.
Эң өкүнүчтүүсү эки дос көрүшпөй калганын, абышкасы Сабыр Калкан уулу досунун келээрин угуп, чыдамсыздык менен күн санап күтүп, Көлдөн тосуп алайын деп даярдык көрүп жаткан учурда 1995-жылы 16-августа 74 жашында күтүүсүздөн каза болгонун 92 жаштагы апа эскерип отурду. Бир күндөн соң Азамат Алтай Бишкекке конот. Аяшы Шайым апага айылдан, аза кайгысын тартып отурган боз үйдөн, досунун жетилигинде жолугат.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс