Воскресенье , 7-Март 2021
Башкы бет / Аналитика / ЭРНИС КЫЯЗОВДУН «УЗАК ЖОЛУНАН» УЛАМ…

ЭРНИС КЫЯЗОВДУН «УЗАК ЖОЛУНАН» УЛАМ…

Эрнис Кыязовду, Эрнис досту мен мактабасам деле көпчүлүк жакшы билет: эбактан элдик болуп калган жигит. А анын «Узак жолун» эрикпей окуп чыктым. Акылдуу, абийирдүү адам ошого тете кепти козгойт: анда өтө олуттуу, маанилүү да, талылуу маселелер козголуптур.
Эрнистин ордуна кызматка келген Рахат Сулайманов, Рахат дос да абийирдүү, түз жүргөн, бирөөдөн жакшылыгын аябаган жигит. Ишине ийгилик каалайм!
Ал эми Эрнис козгогон кыргыз бийлигинин (канча алмашканына карабай!) маалымат саясатындагы мандем, көйгөй бизге да жакшы “тааныш”. “Эркин Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин башкы редактору болуп турган кезде бул маселеге мен да кайрылдым эле. “Узак , жолдон” улам, жарыялап коюуну эп көрдүм. Эрнис өзү Алыкулчасынан айткандай, түшүнгөн түшүнөөр, түшүнбөгөнгө не чара?!
( Айтса, мурда-кийин жазган-эткенимдин дээрлик баарынын электрондук варианты колдо турган соң, четинен чыгара бербей, жан жокпу?)
ЭҢ БАШКЫ МАМЛЕКЕТТИК САЯСАТ — АКЫЙКАТ!
Ардактуу окурман! Акыркы кездери: “Гезиттин ээси (учредители) мамлекеттик бийлик (өкмөт) болсо, мамлекеттик бийликтин ээси – Кыргызстандын эли. Демек, “Эркин Тоо” гезити эң ириде элге кызмат кылышы керек” деп келатканыбыз жөн гана көпчүлүктүн көөнү үчүн айтылган жайкама сөз эмес. Кашкайган акыйкаттын эле чагылышы. “Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин жападан жалгыз булагы болуп саналат” делип, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесине жазылган жобо бекемдеп турган акыйкат. (Тилекке каршы, Кыргызстандын калкы өздөрү добуш берип кабылдаган Конституция жоболорунун кыйшаюусуз аткарылышына алиге чейин жетише албай келатат.)
“Гезит ээси – эл. “Эркин Тоо” баарынан мурда элдик (мамлекеттик) кызыкчылыкты көздөшү керек” деп жатканымдын экинчи жагынан да жүйөлүү таянычы бар. “Өкмөттүк гезит” десе эле көпчүлүк “Эркин Тоо” гезити бүт бойдон мамлекеттик бюджеттен каржыланат деп ойлоп жүрөт. Жок, урматтуу окурман, биздин гезит элдин-сиздин жана сизге окшогон мекендештерибиздин гезитке жазылуусунан түшкөн каражаттын эсебинен жарык көрүп, жашап келатат. “Эркин Тоо” гезитинин редакциясына өкмөттүк бюджеттен өткөн 2010-жылы 463 миң сом гана каралган (мамбюджеттин акчасы деле элдин акчасы, Сиз менен бизден алынган алык-салыктан топтолгон каражат деңизчи) . А бул каражат редакция жайгашкан имараттын ижара акысын жана телефон байланышы үчүн акы төлөөдөн артпайт.
Мен мамлекеттин карамагындагы теле-радио, электрондук ММКнын жөнүн анча билбейм, а мамлекеттик гезиттер окурман журтчулугунун – жалпы элдин алдында өзгөчө милдеткер экендиги, гезит баарыдан мурда окурман журтчулугунун кызыкчылыгын көздөп, ошол карапайым калктын максат-мүдөөсүн чагылдырып, арыз-муңун жазып, калайыктын талап, табитине ылайык чыгышы керектиги кай жагынан карасаң да тастыкталып турбайбы?!
“АРЗЫМАТЧЫЛЫК”
Кыргыздын туңгуч гезити “Эркин Тоонун” 1924-жылдын 7-ноябрындагы №1 санына бул гезитти түптөөчүлөрдүн бири, улуу агартуучу (биринчи “Алиппени” түзгөн адам улуу болбогондо, ким?) Ишеналы Арабаев: “Эзелтен берки кыргыз элинин мекени Ала-Тоо, Улуу-Тоо болгон. Сар­гарып, зарыгып алдыдан күткөн үмүтү эркиндик, теңдик болгон эле. Мына эми кыргыз элинин көптөн күткөн эркиндиги өз колуна тийип, эрктүү облус – өзүнчө мамлекет болуп түтүн булатып отурат. Ошондуктан, кезитибиздин атын “Эркин Тоо” койдук. Эми “Эркин Тоону” колуңардан чыгарбай бек кармап, үзбөй окуп, мунун бетине арыз-муңуңарды тартынбай жазып тургула” (орфографиясын өзгөртпөй бердик. – А.Мониев) – деп баш сөз жазыптыр.
Ардактуу окурман! Колуңуздагы “Эркин Тоо” туңгуч кыргыз гезитинин түздөн-түз мураскери болбосо да, анын сыймыктуу атын алып, 1991-жылы ошол эле эркиндик, мамлекеттүүлүктүн жарчысы катары ачылган. Азыр эми мекендештерибиз “Эркин Тоону” колунан чыгарбай бек кармап, үзбөй окуп, бетине арыз-муңун тартынбай жазып турабы? Жок. Кыргызстандын 20 жылдык эгемендүүлүк тарыхында “Эркин Тоо”, “Эркин Тоо” эле эмес, “Кыргыз Туусу”, “Слово Кыргызстана” сыяктуу мамлекеттик гезиттер коомубуздагы эң окумсуз, эң ишенимсиз, демек, кадыр-барксыз басылмаларга айланды. Бул гезиттерге эл Өкмөттөн баштап айыл округдарына чейинки мамбийликтин көрсөтмө-буйругу менен гана жазылып келди. Эмне үчүн? Анткени, биздин гезиттер өзүнүн жарык көрүшүндөгү эң башкы максат болгон элдик озуйпасынан, мамлекеттик кызыкчылыктан оолактап кеткен.
Мамлекеттик саясатты чагылдыруу, мамлекеттик кызыкчылыкты көздөө десе эле биз теңирден тескери кетип, мамлекеттик бийликте отурган Президент, премьер-министрден баштап бардык чиновниктердин кылган-эткенин, баскан-турганын жактап жазып, алардын ишмердигине талдоо жүргүзүп, элдин пикири менен эсептешпей, бир тараптуу мактап, акыйкатты элден жашырууну түшүнүп келдик. Парадоксту карагыла, буга чейин бийлик адамдары бийлигине салып, буйрук берип, карапайым мугалим, медик , пенсионерлерди гезитке жаздырат, ошол элдин жеке чөнтөгүнөн өөнөлгөн каражаттын эсебинен гезит чыгат.
Анан элдин мүдөөсү, арыз-арманы, пикир-талабы биякта калып эле, ал гезитке бийлик адамдары бир беткей макталып, даңкталат. Кыскасы, ушуга чейин Кыргызстандын мамлекеттик бийлигин ээлеген адамдар, акаевдик режим, же бакиевдик режим болобу, мамлекеттик кызыкчылык көздөгөндөн оголе алыс туруп, көрпенделик мүдөө менен алпурушкандан жогору көтөрүлө албады эле, мамлекеттик аталган ММК аларга “арзыматчылык” кылгандан ашпады. Арийне, бийликтеги адамдарды бир тараптуу мактап, ошолор чийген чийинден чыкпай, мамлекеттик бийликтин саясатындагы кемчилик, катачылыктарды элден жашыруу мамлекетке да, элге да, анан калса, дал ошол “бийлик ээлеринин” өздөрүнө да зыяндан башканы тарттырган жок. Мынакей, 20 жылга жетпеген убакыттын ичинде эки жолу элдик төңкөрүш болуп, эки президент “качкын” аталды. Айрыкча, 7-апрелдеги төңкөрүш кандуу трагедияга айланып, 90 го жакын кырчындай жигиттерибиздин өмүрүн алып, андан кийин да канчалаган курмандыктарга себепчи болду.
“ТӨҢКӨРҮШ”
2005-жылдын мартындагы элдик төңкөрүштөн кийин мен Ош облустук “Ош жаңырыгы” гезитине башкы редактор болуп калган жайым бар. (Кээ бирөөлөрдө: “Бу Мониев деген неме облустук гезитке бир жолу редактор болуп калгандыгын неге эле кечке айтып, түгөтө албайт?” деген ой да туулушу мүмкүн. Антип айыптаганга шашпаңыз. Качандыр бир “чоң”, министр же депутат болгонуна маашырланып, мактанган алаңгазарлыктан кудай сактасын. Менин эскерүүмдүн максаты башкада). Ошондо: “Саясатта революция болуп, бийлик башындагылар алмашты. Эми коомдук аң-сезимде да революция болушу керек. Ансыз, бул бийлик алмашуудан эч кандай майнап чыкпайт” деп айтып, жазып чыгып, гезитти жаңылануу багытында чыгара баштаганбыз. “Аң-сезимде төңкөрүш” дегенде мен мамлекеттик бийликтеги адамдардын мамлекетке, элге карата мамилеси, мамлекеттик кызматка көз карашы, а элдин мамлекеттик бийлик жөнүндөгү түшүнүгү жаңыланып, туура багытка бурулушун көңүлгө түйгөм. Маселен, мамлекеттик ММК боюнча, ММК жалаң гана бийлик адамдарынын арыгын чаап, ырын ырдагандан арылып, керек болсо, алардын ишмердигин сын көз менен карап, өкмөттүн кемчиликтерин ачык айтып, элдин арыз-муңун жарыялап турушу керек деген ишенимде болгом. Анткени, мына ушундай шартта гана бийлик таза, жигердүү иштеп, коом алга жылып, мамлекет өнүгөрү мурдатан айкын эмеспи. Биз, “Ош жаңырыгынын” жамааты ошол кезде муну айтып эле тим болбой, ар кандай соккуга туруштук берип, гезитти накта элдик нукта чыгарып, өз позициябызда аягына чейин турганбыз. Тилекке каршы, ошондо Акаев режиминин ордуна келген саясий элита да, жалпы улуттук интеллигенция катмары да (анын ичинде журналисттер чөйрөсү да бар) өткөндөн сабак алып, ой-сезим, максат-ниетин тазалап, мамлекет, эл астындагы жоопкерчилигин сезе билген жок. Ошентип, мамлекетке, мамлекеттик саясатка карата коомдук аң-сезим эч бир өзгөрүүсүз калды. А аягы белгилүү…
Кыргызстандагы экинчи төңкөрүштөн бери да 10 айга жуук убакыт карыды. 2011-жаңы жылдын алгачкы айы узап баратат. Эми ошол өткөн окуялардан оңдуу сабак алып, табырка кылып, коомду оң жолго багыттап, өлкөбүздүн бүтүндүгүн чыңдап, өнүгүүгө кадам жасай алабызбы? Мына ушундай тагдыр чечер собол бүгүн кыргыз коомунда кабыргасынан коюлуп турат. Муну биерде айтып жаткан себебим, мына ушундай олуттуу мамлекеттик маанидеги маселелер мамлекеттик саясат, мамлекеттик кызыкчылык үчүн кызмат кылган “Эркин Тоо” сындуу гезиттин көз жаздымында калбай, мындай маселелер биринчи кезекте дал ушул, “Эркин Тоо” сыяктуу гезиттерде көтөрүлүшү керек. Же, натуурабы, окурман!
МАМЛЕКЕТТИК САЯСАТ ДЕГЕН ЭМНЕ?
“Сөз эркиндиги, демократия, элдик кызыкчылык” десе эле, мен гезит билген намазын окуп, оозуна келгенди оттоп кетиши керек дегенден алысмын. Ооба, ар нерсенин өзүнүн эреже-тартиби, жол-жобосу бар. Маселен, “Эркин Тоо” гезити редакциянын өзүнүн уставынын негизинде чыгышы керек. Ырас, “Эркин Тоо” гезитинин учредители – Өкмөт. А редакциянын уставында гезиттин милдеттеринин бири: “информировать читателей о деятельности Учредителя, публиковать официальные материалы” деп жазылган. Ал эми 2007-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жарыялоонун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 2-статьясы менен “Эркин Тоо” гезитине “Кыргыз Республикасынын бардык бийлик бутактарынын иш-аракетин чагылдыруучу мамлекеттик жалпы республикалык гезит” деген статус берилген.
“Эркин Тоо” гезити Президенттин Жарлыктарын, Өкмөттүн токтом, тескеме, буйруктарын, Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдарды ж.б. расмий материалдарды жарыялап, мыйзам актыларында белгиленген өз милдетин так аткарып келген, аткарып жатат. Аны мындан ары да аткара береринде талаш жок. Бул – мамлекеттик саясат. Ал эми, окурмандарга – элге маалымат берип, коомдук-саясий окуяларды, мамлекеттик бийликтин ишмердигин чагылдырууга келгенде гезитте бир гана мамлекеттик саясат эске алынышы керек. Ал – Акыйкат, Чындык! Айталы, Өкмөт тарабынан даярдалган Салык кодексинин, же ЖК кабыл алган кайсы бир мыйзамдын элдик кызыкчылыкка каршы, же мамлекетке зыян тарттырар кемчилиги болсо, ал эмне үчүн мамлекеттик гезитте айтылып, талкууга алынбашы керек?! Ар кандай иштин ачык-айкын жазылып, талдоого алынышынын өзү – керек болсо мамлекеттик саясаттын бир бөлүгү. Дагы да тактап коелу, мамлекеттик бийликтеги адамдардын – Президент, премьер-министр, спикердин баскан-турганын, ким менен жолугуп, не деп сүйлөгөнүн баштан аяк маалымдап, алардын ишин, чечимдерин “мыкты иштеп атат, укмуш, теңдешсиз чечим, эми оңолобуз” деп, жактап-мактап отуруу, көпчүлүгүбүз ойлогондой түпкүлүктүү мамлекеттик саясатка жатпайт. Бул – ошол бийликтеги адамдардын кызмат ордун сактоого же бекемдөөгө багытталган “жеке саясаты” гана. Тилекке каршы, Кыргызстандагы мамлекеттик ММК накта мамлекеттик, элдик саясатты унутуп, ошол “жеке саясаттын” гана кызматынан кылып келди. Ушинтип, өлкөбүздүн кедерине кетишине биз да үлүш коштук.
2009-жылы бир макаламда “Дегеле бүгүн кыргыз мамлекетинин мамлекеттик саясаты жок” деп жаздым эле. Өкүнүчтүү, алиге чейин Кыргызстан мамлекеттик саясаты жок мамлекет бойдон калууда. Түпкүлүгүндө, мамлекеттик саясат деген мамлекеттик стратегия, идеология жандооч болгон мамлекетти бекемдеп-чыңдап, өнүктүрүп-өстүрүүнүн жолу, алдын ала аныкталган өлкөнүн дүйнөдөгү орду, анан гана ошол багыт нускаган максатты ишке ашырууга арналган практикалык иш-аракеттер болушу керек эле…
Бул жаатта кенен талдоо жасап отурбай, сөздү кыскарта чабалы да, “мамлекет тагдырын аныктап, чечебиз” деп, 5 млн. калктын ичинен иргелип тандалган ЖК депутаттарын мисалга алалы. Азыркы парламентарийлердин жок дегенде жарымында мамлекеттик масштабда ой жүгүртүү, жалпы улуттук кызыкчылык үчүн күрөшүү дегендей сапаттар барбы? Жок. Урматтуу окурман, мен биерде эл добушун топтоп шайланган депутаттарды айыптагым жок. “Эшегине жараша тушагы” дейт кыргыз өзү. Мунун баары бүгүнкү кыргыз коомунун өксүк жагынын- интеллектуалдык дарамет, саясий аң-сезими тайыз, мамлекеттик инстинктен куржалак экендигинин чагылышы.
“Менин мекендештерим үчүн Кыргызстан сүйүүнү, кам көрүүнү талап кылган, ал үчүн иштөө керек болгон мамлекет эмес, тек гана жеке жыргалчылыктын базасын түзүүгө ылайыкталган обьект. Элимдин бактысыздыгы мына ушунда” – деп чыгаан кыргыз Жусуп Абдырахманов 1928-жылы каңырык түтөткөн экен. Мекенчил ишмер учурдагы кыргыз элитасынын, улуттук интеллигенциясынын кебетесин көрсө нетмек, элестетүү кыйын. Анткени, канча мезгил өтсө да кыргызда мамлекет, улут тагдыры дегенде үзүлүп түшүп, жалпы улуттук маанидеги идея багып, ошон үчүн күрөшкөн, эркин улуттук интеллигенция катмары түптөлбөй койду. Ошентип, мамлекеттик көз караш, мамлекеттик мамиле, мамлекеттик кызыкчылык деген түшүнүктөр кыргыз коомуна (анын ичинде саясий элитасы да бар) жат, чоочун бойдон калууда. Дал ушул кенемтенин айынан Кыргызстандын жалпы эли, карапайым калк өзүнчө ойлонуп, талдоо жүргүзүп, бүтүм чыгарууга жөндөмсүз, ар кандай ушакка заматта уугуп, айдактаган жакка кете берген караңгы массага айланып баратат.
“Эркин Тоо” сындуу гезиттин эң негизги милдеттеринин бири коомубуздагы мына ушундай кенемтени толтурууга багытталып, коомду агартуу, тазартууга кызмат кылуу болушу керек.
МАМСЫЙЛЫК
Өткөндө 7-ноябрь маалымат күнүнө карата кыргыз журналисттеринин жоон тобуна “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамы, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы сыяктуу мамлекеттик наам, сыйлыктар ыйгарылды. Андан кийин да мен өзгөчө сыйлаган Алым Токтомушев баш болгон бир топ калемгерлерге ошондой мамлекеттик сыйлык, наамдар берилди. Ушул жагдайдан улам: “Сенин да эмгегиң бар эле. Аракет кылып, сыйлык алып албайсыңбы?” дегендер болду санаалаш адамдардын ичинен.
Урматтуу окурман, “сыйлык боюнча бу жигиттин ич күптүсү бар экен. Эми арманын айта баштайт го” деп ойлогонго шашпай туруңуз. Удулу келип калган соң, дал ошол мамлекеттик сыйлыктар боюнча өзүмдүн өзгөлөргө “жат” позициямды жарыя айтып коеюн деп жатам. Мен, Абдувахаб Улукбек уулу, дегеле “ишмер” “грамота” дегендей, буйрук, жарлык менен берилүүчү сыйлыктарды алуудан баш тартмакчымын. “Буга сыйлыкты ким бермек эле” деп, “майга жетпеген мышык” сыңары ой кетпесин. Кызмат жагынан алганда, өзүңүз көрүп турасыз; эмгек жактан, жаманбы-жакшыбы, эки китептин авторумун; курак жагынан да келечекте “ишмерлик” жөнүндө “кыялданганга” акым бар… Бирок, менин ишенимимде эгер сен мамлекет келечегине түйшөлүп, мамлекет, эл үчүн күйсөң, улуттук кызыкчылыкты туу тутсаң, анда аныңы мамлекетке, элге колко кылып, андан бирдеме үмүт этпей, жүрөктөн күйүшүң керек. Сенин көз карашың, ою-дилиң бийлик адамдарынын колу менен берилүүчү сыйлык, наам дегендей көрпенделик азгырыктардан азат болмогу кажет. Ошондо гана адам көрпенделик кызыкчылыктан кичине арылып, адил, мекенчил боло алат. Коомдо көз карандысыз, эркин ой жүгүрткөн интеллигенция катмары түптөлгөндө гана накта мамлекеттүүлүк идеологиясы калыптанып, өнүгүүгө өбөлгө түзүлөт.
***
Ардактуу окурман, ооба, “Эркин Тоо” мамлекеттик гезит. А менин мында айткандарым өзүмдүн жеке арман-асыретим эмес, дал ошол мамлекеттик кызыкчылыкка багытталган маселелер болгондуктан, кызмат абалымдан пайдаланып, гезитке тайсалдабай жарыялап жатам.
Абдувахаб Мониев,
«Эркин Тоо» гезити, 7.01.2011
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс