Пятница , 26-Февраль 2021
Башкы бет / Жаңылыктар / Башталды… Аспеков Жапыкеевди ала жатабы?

Башталды… Аспеков Жапыкеевди ала жатабы?

Укуругу узун УКМКнын колу жетеби же соодалашып кетеби?
Бул тууралуу жергиликтүү «Taraza.kg» маалымат булагы жазып чыкты.
Анда: Кыргыз темир жолу ишканасынан 250 миң доллар талап кылып, алып кармалган Мелис Аспеков Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын башчысы Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берүүдө. Жапыкеев ушул жума камакка алынышы мүмкүн. Бул тууралуу өздүк булактардан белгилүү болду. Бизге жеткен маалыматка ылайык Мелис Аспеков 250 миң доллардын 50 миң долларын Сыймык Жапыкеевге бергем деп көрсөтмө берүүдө.
Эске салсак Садыр Жапаровдун Чүй облусундагы штаб башчысымын деген Мелис Аспеков менен Улан Жураев деген жаран 9-январда УКМК тарабынан кармалган.
УКМК буга чейин депутат Кубанычбек Жумалиевден 160 миң доллар алып кармалган адам Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын башчысынын жардамчысы экенин жарыялаган. Бирок бул маалымат тууралуу кенен түшүндүрмө берилбей, ишти унуткарышкан. Сыймык Жапыкеев Чоң Казат партиясынын лидерлеринин бири. Ал 5-октябрдагы окуялардан кийин кызматка келген.
Ушундай урматтуу окурман. Сыймык Жапыкеев бекеринен сахар оорусу козголуп бейтапканага жатып чыккан жок. Анүстүнө Жумалиевдин 160 миң доллар талап кылган адам анын жардамчысы экендиги жарыяланып кетти. Кыскасы, бири-бирин сатмай, бирине-бири көргөзмө бермей, бири-бирин ыргытмай саясаты башталды. Бул башы гана. Алдыда дагы бир топ кызыктар күтүп турат.
Тилек Рыскулов.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс