Врач

Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү Орусияда коронавирустун жаңы түрүнө кабылган жаран аныкталды. Орусиянын федералдык саламаттык сактоо (Роспотребнадзор) мекемесинин башчысы Анна Попова «британиялык штамм» атка конгон коронавирустун мутацияланган түрү Лондондон кайтып келген бейтаптан табылды. Бирок өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги вирустун жаңы түрү Орусия боюнча тарай электе аныкталганын кошумчалады.

Вирустун жаңы түрү мурдагыдан тез жайылып жатканы белгилүү, бирок ал кооптуу дегенге азырынча далил жок.

Кыргызстанда болсо 24 саат ичинде 92 киши вирусту жуктурду, бир киши көз жумду. Расмий маалыматка ылайык, Covid-19 вирусунан жалпысы болуп 1,375 адам каза тапты, 82,587 киши вируска кабылды.

Ала-Тоо аянтындагы концерт

Дүйнөнүн булуң-бурчундагы мамлекеттер вирус түзгөн коркунуч тууралуу сөз кылып жатканда, Бишкекте шайлоодон кийин негизги аянтта концерт уюштурулганы кескин сынга алынууда. Коомдук сайттарда чет өлкөдө жашап жаткан кыргызстандыктар дагы Бишкекте эл топтошуп турган сүрөттөрдү көрүп таң калышканын жазышкан.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму вирус дагы деле коркунуч түзгөнүн улам айтып, санитардык эрежелерге көңүл бурууга, беткап кийип жүрүүгө жана социалдык аралыкты сактоо үндөйт.

Британия Экинчи дүйнөлүк согуштан бери эң көп сандагы жаранын жоготту

В больнице Британии
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2020-жылы Британияда Экинчи дүйнөлүк согуштан бери эң көп сандагы жарандары коронавирустан каза тапты

Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, коронавирус пандемиясы башталгандан бери дүйнөдө 91 миллион адам вирусту жуктурду, 1,9 миллион киши андан каза тапты.

Вирустан эң катуу жабыркаган беш өлкө — АКШ, Индия, Бразилия, Орусия жана Британия болуп саналат. Вирустан эң көп сандагы жарандарын жоготкон өлкөлөр дагы ушулар, бирок Орусиянын ордуна бул тизмеге Мексика кирет.

Ал ортодо Лондон шаарынын полиция башчысы Крессида Дик карантин чектөөлөрүн бузган тургундар айып пулга жыгылат деп эскертти. Дик айымдын айтымында, карантин күчүнө киргенине карабастан лондондуктар үйлөрүндө достору менен көңүл ачууга чогулуп жатат.

Бир сутка ичинде Британияда 46 миң киши вируска кабылды, 529 адам каза тапты. Өлкө боюнча коронавирус менен ооруканага жаткан бейтаптардын саны 32,2 миңге чыкты. Өзгөчө баш калаа Лондондогу абал абдан оор.

Арест в Эдинбурге
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эдинбургда карантин чектөөлөрүн бузган тургундар камакка алынууда

Британияда жалпысы болуп 3,1 миллион адам вирусту жуктурду, 82 миң киши каза тапты. Ошондо 2020-жылы Британияда 697 миң киши көз жумду. Бул Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң жогорку көрсөткүч.

Британиянын өкмөтү карантин чектөөлөрүн жеңилдетүү жана андан кийин локдаун жарыялабоо ар бир жаранга көз каранды экенин айтууда. Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Мэтт Хэнкок Улуттук саламаттык системасы (NHS) кыйроо алдында турганын эскертти. Ошондуктан министр британиялыктарды көчөгө себепсиз чыкпай турууга чакырды.

Ангела Меркель
Германиянын канцлери Ангела Меркель катаал карантинди дагы 8-10 аптага узартууну көздөйт

Жалпы Европадагы абал дагы оор. Германиянын канцлери Ангела Меркель катаал карантинди дагы 8-10 аптага узартууну көздөп турат. Меркель министрлери менен жолугушууда коронавирустун жаңы түрүнүн тарашын учурунда ооздуктабаса вируска кабылгандардын саны кескин секириши мүмкүн экенин эскерткен. Германияда 24 саат ичинде 891 киши каза тапты, дээрлик 13 миң адам вириска кабылды.

Европа Биримдигинин дары-дармектерди көзөмөлдөгөн мекемеси 29-январга чейин AstraZeneca/Оксфорд университети чыгарган вакцинаны колдонууга уруксат берүүсү күтүлүүдө. Европадагы мамлекеттердин көбү жапырт эмдөө жүрүмү жай болуп жатканын мойнуна алышкан. Учурда бул өлкөлөр жараянды тездетүү үчүн бардык аракеттерин жумшап жатат.

https://www.bbc.com/kyrgyz/world-55631476