Воскресенье , 7-Март 2021
Башкы бет / Аналитика / Сыйлык артистин наны болушу кажет

Сыйлык артистин наны болушу кажет

«Ырчы менен элчиге өлүм жок» деп келген кыргыз аталарыбыз. Кайрат Кыргыз деген ырчы ушул сөздү эске алып, Курал Чокоевдин жоосунсуз көрсөтүүсүнө «курал» болду окшойт. Көрсөтүүнүн чынында аша чаап кеткени бар. Ит экен десе болот. Курал Чокоев бул жаңылыгын уланткан күндө деле, Кайрат Кыргыздан (Кайрат мырза атты ойлонуп коюш керек эле. Орустун ырчысы Валерия Гуреевага Москва деген каймана ат берүүгө бийлик каршы болгондуктан, Моссква аталып жүрбөйбү ) башка кыргыз бармак эмес. Эми Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевге каршы Маданият министрлигинин «жазасы» алардан ашып түштү. Министрлик жазалоочу орган болбош керек эле.
Министр мырза баягы Кавказды калчылдатып кармап турган Шамилди туурап жатат окшойт. «Эртеңден баштап бир дагы ырчы ырдабасын» деген Парман чыгарыптыр убагында каардуу Шамил. Ошондо жан жөөкөрлөрү кирип, «Бу не кылганыныз таксыр?» десе, Шамил: «Чыныгы талант тыюу салганга карабай ырдай берет» деген экен. Бирок, ал орустардын түрмөсүндө жатканда, ушул маселе боюнча оюн билдирип, ырчылар элди динден алыстатып коерунан кооптонгонун жашырган эмес.
Бир кызык окуя эсиме түшүп атат. Башталгыч класста окуп жүргөн кезде, эжеке, «Согушта жасаган эрдиги үчүн Чолпонбай Түлөбердиевге кандай наам берген?» деп сураса, классташ кызым тайманбастан, «Бөлкө нан берген» деп жооп берген. Классташым айткандай, чынында эле сыйлык ырчылардын, деги эле чыгармачыл инсандардын наны болуш кажет. Бир мисал, филармония мамлекеттик болгонуна карабастан, жеке менчиктей пайдаланылып келет. Ижара акысы кымбат. Ошону менен бирге билеттин баасы асман чапчыйт. Кымбатчылыктын азабынан элибиз канцерттик программаларга агылып кирбей калды. Бул улуттук нуктагы маданий ачкачылыкка алып барат. Өтө кооптуу көрүнүш. Ошондуктан, Эмгек сиңирген артист филармония акысынын 50%ын төлөсүн, Эл артисти таптакыр бекер концерт берсин. Мына ошондон түшкөн мээнеттен тапкан нанына ырчылар жыргап жашасын. Жылына бир эле жолу ушундай шарт түзүп берип койсун да, министрлик. Рухий баалуулуктарды алып жүргөн адамдар улуттун пайдубалы да. Аларды асыроо мамлекеттин милдети. «Маданиятың менен тилиңен ажырасаң, чек араңды ачып кое бер» деген экен, түрмөдөн чыгып Президент болгон Нельсон Мандела.
Ырчылардын кечээги эле пандемия апаатында согуштагы партизандардай «кызыл зонада» жүргөнүнө караганда, мекенчилдик сезим буларда башкача. Демек, маданиятты өнүктүрүүгө дагы да салымын кошо алышат. Мына ушул таланттарды пайдаланып, элеттеги маданият тармагын өзгөртүүгө эмнеге болбосун?
Эми мында азыркы министрдин деле күнөөсү жок. Мамлекеттик тармак ушу күнгө чейин «өгүз өлбөсүн» деген принцип менен жашап келатат. Чыгармачыл инсандарды мамлекеттин кызыкчылыгына пайдалануунун жолу табылбай жатат. Ага кызыккан эч ким жок. Россияда «чек арачылар күнү», «транспортчулар күнү» деп, иши кылып кесиптик майрамдарда белгилүү ырчылардын коштоосунда концерт болот. Анда Президент баш болуп, министрликтер төш болур ырахат алып отурушканын көрөсүн. Казактарда, өзбектерде деле мындай иш чаралар көп өтөт. Эмне үчүн ушундай иш чараны Кыргызстанда жасаса болбойт? Маданияттуу жаранды даярдоого мамлекет каражатын аябашы керек. Ошондо гана Ак үйдү талкалагандар жоголот. Жол тоскон апалар саясатчылардын куралы болбой калат. Руху бийик элдин арасында коррупционер деген неме коомго батпайт. Дан сапырса, «оп майда», кой кайтарса, «чойт эркечим» деп тоо жаңырткан, ыр менен ыңаалап төрөлүп, ыр менен сөөгүн узаткан кыргыздын чиновниктери акыркы отуз жылдан бери маданий иш чараларга мойнунан байлаган иттей араң барышат. Бул ойлоно турган маселе. Мындай маселелер толуп жатат, эгерде, мамлекеттик бийлик жасайм десе.
Ал эми жогоруда сөз болгон эки ырчыга коомчулук айтар сөзүн айтып, жазасын берип койду.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс