Суббота , 23-Январь 2021
Башкы бет / Досье / ТРЕВОЖНЫЙ СИГНАЛ- КООПТУУ КОҢГУРОО …

ТРЕВОЖНЫЙ СИГНАЛ- КООПТУУ КОҢГУРОО …

Улуу тоолордон ак илбирстер өмүрүн тобокелге салып, калктуу конуштарга чейин түшүп келиши, алардын жашоосу аргасыздыка кептелип, азык базасы жетишсиз экендигин билдирет…
Өзүңүздөр билгендей ак илбирстин азыгы болгон аркар- кулжа, тоо текелер жок калгандыгынан кооптуу коңгуроо чалат…
Бүгүн атминерлер ак илбирске Ак мөөр деп ат койюшуптур…
Ошо менен көйгөй көрүнбөй калчудай…
Ак илбирстердин тагдыры бай чалга тийип, шапар тепкен Ак мөөр сулуунун эмес, басмачылар үйүн өрттөп, мууздап кеткен Уркуянын элесин көрсөтүп турат…
Уркуя деп коюшса , чындыка жакын болот эле…
Кайберендерди атууга мораторий киргизилбесе, ак илбирстер жакынкы жылдарда тукум курут болот!!!
Тилеке каршы, бул катталган фактылар. Ал эми мал короосуна кирсе атып салган дагы чыгаар…
Таластагы ак илбирсти атканда, мылтыгына окту туура эмес салып алгандарынан гана аман калганы көрүнүп турат…
Токтотолу!!!
Жаратылыш өч алууга жөндөмдүү жакшыларым, токтоткула!
Мисалга «Кожожаш» менен «Карагул ботомдун» тарыхы жетиштүү болсо керек…
А.Элеманов Эколог
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс