Суббота , 23-Январь 2021
Башкы бет / Досье / КАПП- ЖАҢАК УЮЛУ 7

КАПП- ЖАҢАК УЮЛУ 7

САУНАДАГЫ МАХАБАТ- » ПОДСТАВА» — 2
 Уландысы.
Баары кирип келип, Марат Самудинович менен кучакташа учурашып, анан чогуу столду көздөй басып келишти. Мени менен учурашканы учурашып, учурашпаганы “заподло”дегенсип, кол бербей орундуктардан орун алышты. Мен түшүнүп турам, баарынын душманына айланып, тамактарындагы тыгылган сөөк болуп турганымы билем…
Шефтин жанына спорт денелүү, көздөрү кытайларга окшош жүлжүйгөн, чачы такыр алынган жигит келип отурду.
-Келгиле жигиттер, даам сызып отургула, бул жигит менин иним, жансакчым болот.
-Эй, канчык тур, буларды карасаң үйүгүшкөн иттердей болуп жабышып калышканын! Кет бул жерден, кечээ эле мени сүйөм, — деп өлүп- талып аттың эле, эми менин кол алдымда иштеген жигит жагып калдыбы? –деп жанымдагы сулууга өтө орой тийди. Мени да кошо жекирип өткөнүн сездим, анын жаман ою ишке ашпай калганына. Мени көндүрүүгө сонун шантаж болмок, эгер тийсем эле…. Айпери чокко отура калгансып, ордунан тура калып, жардам береби дегенсип, жаш толо түшкөн көздөрү менен мени тиктеп калды. Мен канчалык кыжырданып турсам да, башымды ийкеп, бара берүүсүн түшүндүрдүм. Бетин баскан бойдон эликтей керилген сулуу, көздөн кайым болду. Эмне кызганып, мага ыраа көрбөй жатабы жаш сулууну же келгендердин астында бул жерде ким кожоюн экенин көрсөткүсү келдиби? Же…?
Кор болгон кайран периште, ушул жерде отургандардан канча акча бер десем беришмек, алып төртөөнө бөлүп берип, ушул зөөкүрлөрдүн туткунан куткарып, көгүчкөндөй учуруп жиберип, иштен чыгып кетсемби?-деген ой да кылт этти. Отургандардын баары жаңак уюлу менен фирма ачып иштегендер, көпчүлүгү соттолуп чыккандар, эки капп сатып алса, сегизин уурдап жүргөндөр. Баары шефтин “батасын” алгандар. Арасында мен кармап кылмыш иш козголгону, мына бүгүн эртең кармайм, деп сары изине чөп салгандарым бар. – “Сиз макул деп алып, Элебаевге кайра карматып жатасыз!”-деп Мурат Самудиновичке талап коюп жатканын да билем. Бүгүн ушу маселени ийри отуруп, түз кеңешели, деп чогулганын, макул болбосом, өзүңөр чечкиле- деп мени салып берээри, же кырсыка учуратуусу айдан ачык эле…
Менин маңдайыма Умар деген Баткендик жашы 60 тарга чукулдап калган, бир фирманын директору отуруп калды. Баары чай ичип, даам татып отурушат. Бир убакта Умар мага чынысын сунду, чай куйуп бердим. Пиаланы бийик көтөрүп, бир жутуп ичип койду. Чай да мен ичип отургандан, суй түшкөн эле. Кайра дагы сунду, куюп берсем, дагы жанагыдай эле бийик көтөрүп, бирок, акырын ичип койду. Баары тамактанып жаткан түр көрсөткөнү менен, көздөрү менде. Бул адам мурдалары жолукканда бир канча жолу, -чай алып берейин иним, майрам болуп калыптыр, конвертти алып чөнтөкө салып кой, — дегенде жаныма жакын жолоткон эмесмин. Эми мени шылдыңдагандай дембе-дем чай куйдуруп жатат.
Үчүнчү жолу пиаласын сунганда, кыжырым келип турган жаным;
— Мэ өзүң куюп ич, тварь! Азыр башыңа ушул чайнекти кийгизип коем!-деп ызырынсам оозуна сөз келбей, көздөрү алая түштү. “Лучшая защита- это нападение”- дегендей мага жасаган жумшак чабуулуна жооп бердим.
— Элебаев тур ордуңдан! Обслуживай всех! –деп шеф аюдай чыңырып, мени жеп жиберчүдөй тиктеп калды, көздөрүбүз чагылыша түштү. Бирок, мен күтпөгөндөн башыма бирөө бир чапкандай таасир берди. Баары бизди карап калды. Эмнени баштап жибердим, дегендей Умарды суукта үшүгөндөй, калтырак басты. Мен ордумдан туруп, оң колдун муштумун, сол билегимдин астынан чыгарып;
-Мына силерге!-деп баарына көрсөтүп, тез бурулуп эшикти көздөй жөнөдүм. Баары кызыкча абалда калып калышты.
-Элебаев бери бас! Кармап келгиле!
Бурулуп карасам экөө чуркап келе жатат.
-Жолобогула, атып салам! –деп колумду колтума салсам ордуларында катып калышты. Менде курал барын, андан жакшы атарымды баары билишчү.
— Дарбазаны ач!-деп кароолчуга кыйкырсам, шарт ача салды. Автоунаага отуруп, от алдырып, экинчи колум менен акчаны жерге чачып койдум, кароолчуну алсын, деп.
Ал чуркап келип, жерден жыйырма сомдуктарды тере баштаганда, -дарбазаны жап!-деп бирөөлөр кыйкырып кала берди. Ош-Бишкек жолуна чейин каттуу келип, трассадан жай айдап келе жатам. Сузактын айлампасына жетээрде артымдан эки автоунаа кубалап, жарыгын өчүрүп жандырып, мага белги берип келе жатат. Жанаша калып, токто!- дегенсип, колун шилтеди. Мен ылдамдыкты көбөйтүп, Жалал- Абад жака бурулуп, арткы күзгүдөн карасам, эми үч автоунаа чымын куюн болуп келе жатат. Мен тийишпедим, эми өздөрүнөн көрсүн деп, Курортту көздөй жөнөдүм. Себеби, эгер атышып кетсек жай жарандарга ок жаңылып калышын, каалабадым.
Эламан
Уландысы бар
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс