Понедельник , 18-Январь 2021

ДӨӨ

(К. Көкүловго)
Азыркынын кагазы көп, мөөрү көп…
Аты чыкпай далай жандар жөө жүрөт.
Анык жашап, абалкыдай ойлонуп
Арабызда кадимки эле ДӨӨ жүрөт.
Алтымыш жыл сөз өнөрүн чыйраткан,
Акындыгы атпай журтту сыйлаткан,
«Атам жазды жакшы көрчү эле» деп
Ал кездеги апакемди ыйлаткан.
«Аптаптуу айыл» сагындырган жарыктай,
Акыйкаты «Жолдо» жүрөт талыкпай.
Жыйналганда достор менен ырдашкан
«Жыйырманчы жаз» коштоп келет карытпай.
Дүйнө менен бир тирилип, бир өлүп,
Дүйнө менен дүйнө болуп ширелип,
Ышкысы да, ынсабы да жарашкан
Ырларында КЫРГЫЗ турат тирелип.
Аруулугу көңүл кылын күүлөттү
Ааламды да адам сымал сүйлөттү.
Канчаларын кыргыз кылып ыр менен
Канчаларын улуулукка үйрөттү.
Жок нерседен барды тапкан аянчы,
Жолдун сырын жомоктогон баянчы,
«Алагүүмдө» анда-санда бир барган
Алакөөдөн жаштыгымдын таянчы.
Арабызда көп кездешет «жалпы» акын.
Анын көбү — сыйлык алган калп акын!
Аман болсун, бала кезден тааныган
Адамдыктан тайыбаган АЛП акын.
Ж. Касаболотов
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс