Понедельник , 18-Январь 2021
Башкы бет / Досье / КАПП- ЖАҢАК УЮЛУ Саунадагы махабат же «подстава»…

КАПП- ЖАҢАК УЮЛУ Саунадагы махабат же «подстава»…

Башкармалыкта аз убакытта иштегеним менен кесиптештер, сотто, укук коргоо органдарында, атайын кызматта иштеген көп жакшы инсандар менен таанышып, колдоолоруна, кеңештерине ээ болуп калдым. Бирок, кызматта бой көтөрүп кетпестен катардагы кесиптештеримин катарында, кызматтын ыссык- суугуна чыдап иштеп жүрдүм.
Башчыбыз Марат Самудинович жумшаган жагына барам, бирок, колго түшкөн ууруларды мурдагыдай калкалап кала албай калды. Маалымат жетиштүү болгондон, ар бир уурунун кадамын эсептеп турдум. Мени мындай көк беттигим чынында башчым менен жаңак уюлун даярдагандарга жага берчү эмес.
Жай айлары эле. Бир күнү башчыбыз кабинетине чакырып калды. Кирип барсам маңдайы жайдары, энеси эгиз туугандай кубанычтуу, ооздорун чоң ачып учурашты.
— Кел азаматым, сен өзү башкача адамсың да ! Тынбай иштеп чарчадың, эс алышың керек, бүгүн бир сени саунага алып барып, алаңды суулап келейин. Энеси өбө элек кыздар келет. Сен да жашоонун жыргал жактарын көрчү атандын гөрү.
Мактаганда эле кооптонуу пайда болуп, дагы бир нерсе болоорун сездим…
— Шеф, мен чарчаган жокмун, рахмат! Анан сиз менен саунага барган мага туура келбейт го? Орунбасарыңызды же досторуңузду чакырсаңыз жакшы болот эле..
— Я, их за человека несчитаю! Достархон сен үчүн даярдалып жатат, кыйшаңдабай барып кел! Саат жетиге Сузактын төрткөчөсүнүн үстүндө сауна бар, ошол жерден сени күтөм. Экөөбүз эле жаш кыздар менен болобуз.
-Жок, бара албайм, мага уруксат бериңиз чыгайын?
— Кандай баласың отко айдаса, бокко качкан? Чык, чыга бер.
Кабинетке барып, ойлонуп отурам. Эмне кылсам? Ишенсем болобу? Эртең кыздар аркылуу көйгөй жаратсачы? Эч бутум тартпайт…
Эшиктен башчынын орун басары кирип келип,
— Алик чакырган жерден калба, шеф менен мамилең жакшы болбой жатат, мүмкүн жакшы болуп кетээрсиң? Сен өсө турган жигитсиң, анан шефтин сөзүн министрибиз да эки кылбайт. Мүмкүн кызматың жогорулап, бир токой чарбага директор болуп кетип калаарсың, барып кел, деп чын ыкласынан жакшы сөздөрүн айтты. Орун басары болгону менен, мени менен башчыбыздын, министрибиздин ортобуздагы көп сөз, мамилелерди билбейт эле.
— Мени же ушул жерде иштеген бирөөнү чакырса, сүйүнүп бармак эле, бар.
Башчым менен менин ортомдогу мамиле кульминациялык аягына жетип калганын, анан мындан ары бири- бирибизден кооптонуп, жолукканда жылмайып, көзү жокто келишкис тарапташтарга айлангандан, мындан ары иштөөнүн максаты жок экенин сездим.
— Макул, барайын.
Жумуштан кагаздар менен алектенип, кеч чыктым. Сейфтен тапанчанын экинчи октолгон магазинин алып, ойлонуп даярдык көрө баштадым. Мен башчымдан коркподум, аюдай өкүрүп бакырганы менен мага кол тийгизе албаганын сездим. Өзү чакан бойлуу болгон менен урган адамын көмөлөтө коет деп укчумун. Бир Данияр деген жигит менен башкармалыкта мушташа кетип, эсин одара чапканын да билчүмүн. Мени чочуганым күндөн күнгө айланасына көбөйүп жаткан мурда адам өлтүрүп, каракчылык , зомбулук кылып түрмөдө отуруп келген адамдар эле. Алар эч нерседен кайра тартышпайт эле… Башчым туура эмес жолго түшүп алды. Бир колуң менен токой коргоп, экинчи колуң менен токой тоноого жол ачсаң, ошол кол бир күнү күйөрү бышык эле. Жаңак уюлу да биз, чарбалар тарабынан кымбатка сатылып жаткандай туюлчу, бир жаңак уюлу кээде 3 бөлмөлүү үйдүн акчасы болчу. Сатып алгандар кеминде 5-6 эсе кымбат сатчу. Экологияга тийгизген таасири болсо эбегейсиз эле… Мен үйгө барбай, бажамдын үйүнө туура бардым, анын жаңы алган ВАЗ 2199 жигулиси бар эле,ошону сурап барып келейин деп. Кайнежем менен бир чукулдашып турганбы, бири бири менен айтышып жаткан экен.
— Кел, бажа, -деп суз учурашты.
— Алик кир чай ич!-деп кайнежем сөзгө аралашты.
— Мага автоунаа керек эле 2 саатка бере турасызбы?
— Эй бажа кой, дайыма ызы-чуу менен жүрөсүң, дагы бирөө жарымы бул унаамды талкалап, же өрттөп салбасын!
— Машинаны мен алып бергемин, бер ачкычты!- деп, кайнежем ачкычты алып мага карматты. Мэ каалашынча мине бер! Бажам теңелбейин деди, окшойт, унчукпай үйгө кирип кетти.
Айдап чыгып, бензинден толтура куюп, Сузакты көздөй жөнөдүм.
Сауна да бир атайын даярдалган көлмөнүн жанында жайгашкан экен. Короосуна кирип барып, автоунааны буруп, алдына башка автоунаа батпагыдай кылып, дарбазанын жанына токтотуп, ачкычты төшөнчүнүн астына коюп, эшикти ачык койдум. Тапанчаны октоп, предохранительге коюп, кароолчуну чакырдым. Колуна акча берип, -эчкимди жолотпо, анан мен чыкканда дарбазаны шарт ачасың, дагы ушунча акча берем, десем кубанып кетти.
Ичкери кирип барсам, Марат Самудинович менен 4 жапжаш кыздар шейшепти жылаңач денелерине оронуп, бильярд ойноп жатышыптыр. Эңкейип таш атышса, бар дүйнөсү көрүнөт… Чоң столдун үстү чүйгүн тамак аш, жашылча жемишке толтурулган.
— Оо, кел менин азаматым, мына силерге чыныгы эркек жигит келди кыздар!
-Асель, Айпери баргыла, көнүлүн көтөрүп, жашоонун жыргалы кай жакта экенин көрсөткүлөчү, парга алып киргиле!
Мен үчүн кириш чыгыш эшиктерди, анан канча киши келээрин тактоом, эң коопсуз деген жерге отурушум зарыл эле.
— Шеф, мен бир аз чай ичип алайын, түштөнгөн да эмес элем.
Жактырбагандай түр менен, — Парга кирип чык, кыздарды күттүрбөй, ачка болсоң жакшы иштейсиң!- деп, каткыра күлмүш болуп алды.
Мен укпаган адамдай болуп, төрдөн экинчи орундука отуруп, официант жигитти чай алып келүүсүн буйрудум. Чай куюп, бышкан үй тоогунун бир санын кесип жей баштасам, шефим жактырбагандай ызырынып алды. Эки кыз эки жагыма отуруп алып, бири кулагымдан өпкүлөп, итиркейими келтирсе, экинчиси сөөмөйүмдү оозуна салып, денемди титиретет. Татынакай, мөлтүрөшөт. Башка жерде жолукса, сүйбөй коюуу күнөө болсо керек… Тообо, не деп жатам..
Экөөнө кайрылып, -кыздар кое тургула мен тамактанып алайын- деп зорго токтоттум. Өтө эле жаш кыздар, көкүрөктөрү эми гана көтөрүлө баштаган, кайдан алып келгенине аң- таңмын. Мени дагы бир иренжиткени жери ооздорунан арак менен тамекинин аралыш жыты келип турганы болду. Жаш кыздардын убалынан коркпогон кыргыздын эр азаматтарына таңмын…
— Кайсы чоң киши келет десек, сиз экенсиз братан, красавчик го, сизге эле тийип алсам окшойт?- дейт арык узуну. Тез тамактаныңыз, деп басып кетишти. Чынында оозум ачылып отурам.
Официант жигитти чакырып, — биринчиге кайсы тамагың бар, анан канча порция ?- деп сурадым.
— Кой союлган, шорпо биринчиге. Отуз порция…
— Жакшы, кухня тараптан сыртка чыкканы эшик барбы?
-Ооба, чыгыш дарбазага айланып өтсө болот.
— Мага куюп кел, анда
— Макул катта ака,-деп жөнөдү.
Тамак алып келе жатканда шефим, официант баланы сөгүп калды
— Чогуу отурганда алып келет, элең го!
— Бар, дегенсип ымдап узун сулууну мага кайра жөнөттү. Жакын келгенде көздөрүбүз тиктешип кетип, чыныгы сулуулукту көрүп, жүрөгүм жылый түштү. Жашын да сурабадым, себеби, аялзаты жашы карысы деле өтүмдүү жаш деп, 18 дээри бышык.
— Курсагыңыз тойдубу? Эмип алсаңыз шарт тоюп, кубат аласыз, — деп үрпү эми чыга баштаган, алаканга толоор толбос мамагың көрсөтүп.
— Сүтү барбы?
— Күчү бар, брат, күчү бар! Даамын татсаңыз шарт зыңк болосуз.
— Кой, карындашым, мен апамдан башканын эмчегиң эмген эмесмин. Уят болот, десем, көптү көргөн айымдардай кылгыра тиктеп, кылыктана каткырып калды…
— Молокос бойдон турбайсызбы?
Башкалар болсо шарт жабышмак, шилекейи агып, сиз кучактап да койбодуңуз.
— Денемде котурум бар, жугуп калбасын, деп чочулап жатам..
— Сиз комик турбайсызбы, деп кашкайган тиштерин көрсөтүп, башын жогору көтөрүп каткырып, кокустан дегенсип, оронгон шейшепти түшүрүп, денесин толук көрсөтүп алды…
Керемет менен кооздуктун бири аялзатта болот тура…!
— Ах, деп жибергенге аз калдым.
Ой басып, кооптонгондон тамакты бурдап жеп жатам, ушу эле басчу сыңар…
Чай куюп берсем ичпеди, андан мындан ооз тиймиш болуп. Кандай болсо да мени азгырып, ичкери алып кирип, чечиндирип, жакындыка баруум тапшырылганын ачык туйдум. Жука куртканын ичинде тапанча менен бычагым болгондуктан, мага такыр болбойт, андай ишке барышка,- деп өзүм менен өзүм да сүйлөшүп кетем. Азгырык жаман да…
Эркекти үч А бузат дегендин да чындыгын сездим, аял, акча, арактан өзүн алып калуу баарыбыздын колубуздан келе бербегени өкүнүчтүү.. Үчүнчү сыноо азыр менин алдымда турат.
Бирок, бүт дүйнөнүн сулууларын алып келсе да, баштаган ишимден артка чегине албашымды билем. Мен жумушумду, табиятты, мекенимди чексиз сүйөт экемин, азыркы күнгө чейин байланып жүрөм…
Ушул учурда эшик ачылып, 30 га жакын адам кирип келди ….
Уландысы бар
ЭлАман
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс