Понедельник , 18-Январь 2021
Башкы бет / Досье / «Эл аралык толеранттуулук фонду»: Добуш берүү күнү бир катар мыйзам бузуулар катталды

«Эл аралык толеранттуулук фонду»: Добуш берүү күнү бир катар мыйзам бузуулар катталды


Шайлоо участогу. Каракол шаары. 10-январь, 2021-жыл.
Шайлоо участогу. Каракол шаары. 10-январь, 2021-жыл.
«Эл аралык толеранттуулук фонду» Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоочу референдумга добуш берүүдө Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Чүй облусу боюнча 15 аймактык шайлоо комиссиясында байкоо жүргүздү.

Фонд байкоочулар 25 олуттуу мыйзам бузуу фактыларын каттап, тиешелүү акт түзүп, Борбордук шайлоо комиссиясына жолдогонун кабарлады. Анда:

«Биздин байкоочулар добуш берүү күнү кырдаал туруктуу, бирок айрым мыйзам бузуу менен коштолгонун белгилешти. Суукка карабай, шайлоочулар добуш берүүгө келишти. Социалдык аралыкты кармоо талабы сакталган жок, айрым шайлоочулар өздөрүн тизмеден таба албай, добуш бере алышкан жок. Добуштарды автоматтык эсептөөчү үкөктүн иштебей калышы участокто элдин көбөйүшүнө шарт түздү. Мындан тышкары айрым участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоочуларга бюллетенди үкөкө таштоодо «жардамдашканы» добуш берүүнүн купуялуулугун бузду» деп жазылган.

Кыргызстандагы 10-январдагы кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоочу референдумга эл аралык уюмдардан, чет өлкөлөрдөн жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдардан миңден ашуун байкоочу көз салды.

1,5 миңден ашуун шайлоо участогуна байкоочу койгон kloop.kg уюму 10-январдагы шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен коштолгонун маалымдаган. Анын ичинде айрым участкалык шайлоо комиссиялары байкоочулар менен журналисттердин ишине бут тосуп, айрымдарын добушканадан сыртка чыгарып койгону айтылат.

ШКУнун байкоочулар миссиясы 10-январдагы шайлоо ачык жана акыйкат өттү деп тааныганын билдирди.(ZKo)

https://www.azattyk.org/a/31041230.html

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс