
Бул маалыматты Финансы полициясынын басма сөз катчысы Анастасия Пискур “Азаттыкка” ырастады. Маалыматка ылайык, Мамыркалиев учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Финпол азырынча Мамыркалиевдин кармалышы боюнча кенен маалымат бере элек.
Өткөн жылы Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы “Бишкек-Ош” мамлекеттик дирекциясынын кызматкерлери коррупциялык схема түзүүгө шек саналып кармалганы кабарланган.
Алар өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген магистралдагы “Сосновка” жана “Кара-Көл” өткөрмө бекеттери аркылуу өткөн автоунаалардан түшкөн каражаттын чыныгы суммасын жашырган деген шек менен кармалышкан. Финпол мындан мамлекетке келтирилген зыян 20 млн. сом деп баалаган.(ZKo)
https://www.azattyk.org/a/31038220.html