Жапаровду, Матраимовдорду, Жээнбековду колдогон фейктерден улам Кыргызстандагы интернет «троллдордун фабрикасы» туруктуу иштеген аянтка айланды. «Клооптун» журналисттери 800гө чукул фейк аккаунтту талдап, фейктер фермасы кандай иштеп, алар кимдерди коргогонун, бул сыяктуу «колдоо тобун» уюштуруу канча турарын аныкташты.

Мазмуну:

  • «Мекеним Кыргызстан» партиясынын фейктери менен анонимдери Садырды кантип коргошту?
  • Фейктер шайлоо-2020 алдында кандай иштешти?
  • Матраимовдордун кланын колдоп жазган фейктер тууралуу

Эки башка мурдагы президенттерди колдоп жазган фейктер тууралуу:

  • Жээнбековчул фейктер
  • Атамбаевчил фейктер
  • Фейк бөлүм канча турат жана ал эмне үчүн керек?
4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы митинг Ак үйдүн басылып алынышына жана саясатчы Садыр Жапаровдун колониядан бошотулушуна алып келди. Ал 6-октябрда эркиндикке чыккандан кийин дароо саясатка кайтып келип, премьер-министрдин кызматы үчүн, андан соң президенттин м.а. кызматы үчүн күрөшө баштаган. Сүрөт: Клооп

6-октябрга караган түнү Бишкекте орун алган нааразылык акциялары өлкөдө бийликтин алмашуусуна алып келди. Буга чейин, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» деген бийликчил партиялар жеңишке жеткен. Митингдер шайлоонун жыйынтыгына болгон нааразчылыктардын шартында башталган.

Толкундоолор президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишине алып келип, ал эми бийлик Жогорку Кеңештин имараты басылып алынгандан кийин абактан бошотулган Садыр Жапаровдун колуна өттү.

Митингдерден кийин «Клооптун» кабарчысы бир нече күн бою «Мекеним Кыргызстандын» тарапташтары партияга байланыштуу болгон жарыяларды жашырып жатканын байкаган. Ал эми фейк аккаунттар Садыр Жапаровду колдогон постторду жазып, таркатып башташкан. Жапаров шайлоо маалында тергөө абагында отурганы менен ал мүчө болгон «Мекенчил» партиясы шайлоого катышып, анын жүзүн үгүт иш-чараларында колдонуп келген.

Садыр Жапаровду колдогон фейктердин профилдерин изилдеп жатып алар бир күн мурда эле «Мекеним Кыргызстанды» колдогону белгилүү болду.

Мисалы, «Ая Рызыкова» деген фейк профили «Мекеним Кыргызстан» партиясынан 2020-жылдын октябрындагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер жана журналист Элнура Алканованын билдирүүлөрүнүн алдында такай ойлору менен бөлүшүп, жигердүү иш алып барган. Анткен менен 6-октябрдагы окуялардан кийин бул аккаунт бийликке келген Садыр Жапаровду колдоого өткөн. Учурда «Ая Рызыкова» деген профиль жок.

Бул тууралуу кеңири Кактус Медиадагы кесиптештерибиз жазган макаладан окуп таанышсаңыздар болот.

Журналисттер парламенттик шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылгандан кийин мурда көзгө урунбаган, бирок бүгүнкү күндө президенттикке талапкер Садыр Жапаровду колдоп жаза баштаган фейктер жанданганын байкаган. Айрым аккаунттардан «Клооптун» жеке кат куржунуна же «Инстаграмдагы» жарыялардын комментарийлерине коркутуулар келген.

Жапаров фейктин бардык белгилерине камтыган аккаунттардын интернетте коргоосуна алынган алгачкы президент эмес. «Клооптун» журналисттери фейсбук менен инстаграмдагы 800дөй аккаунттарга талдоо жүргүзүп, учурда кыргыз интернетинде иштеп жаткан же мурда иштеп кеткен негизги фейк-фермаларды белгилөө үчүн ондогон көз карандысыз булактар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

*Биз шек жараткан комментарийлерди изилдеп, андан соң алардын аккаунттарын фейк же фейк эместигине талдап жаттык. Аккаунттар качан ачылганын, алар башка соцтармактарда бар-жогун, кандай контент чыгарышаарын, дегеле контент чыгарабы-жокпу, маалымат чыгарарда кандай тактика жана профилде кимдердин сүрөттөрүн колдонушарын аныктап жаттык. Ошентип фейктер бири бири менен дос болуп, кайсыл бир учурларда бир эле сайттан алынган сүрөттөрдү, бир эле учурда бирөңчөй маалыматтарды жарыялап, бир эле админдин башкаруусунда болушу ыктымал 5-10 фейктен турган топторду аныктадык. Алардын өздөрүн алып жүрүшү абдан окшош болгон.

Журналисттер фейктерди бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов ведомстводо уюштурган коррупциялык схемасы тууралуу алгачкы иликтөө чыккандан кийин изилдеп башташкан.


Фейк аккаунттардан жазган адамдар мурдагы бажычы тууралуу иликтөөдөгү маалыматтарды бурмалап же Матраимовду актоого аракет кылышкан.


Жыйынтыгында, журналисттер тобу булактар менен сүйлөшүп, соцтармактарды изилдеп чыгып, Кыргызстанда фейк фермалар кыйла көп экенин аныкташты.

2020-жылдагы шайлоонун алдында фейктер кандай иштешкен?

Фейк комментарий калтыруу маданияты соцтармактар популярдуу болуп баштаганга чейин эле коммерциялык сектордо пайда болгон. Маселен, ушул материалдын үстүндө иштеген журналисттердин бири 2010-жылы мектепте окуп жүргөндө эле ар кайсы компаниялардын сайтында акча үчүн жакшы комментарий жазып иштеген. Көбүнчө бул кызматтарды БАД (биологиялык активдүү кошулма) сатуу боюнча компаниялар пайдаланышкан. Башка мисал — Кыргызстандагы белгилүү «Дизель» форумунда шайлоо маалында белгилүү бир партиянын пайдасы үчүн жазылган бирдей билдирүүлөр кездешкен.

«2012-жылы Дизель болгон, биз “Саясат жана коом” категориясында [жазуу үчүн адамдарды] жалдачубуз, ал жакта бизге тиешелүү кишилер болушу үчүн жана түртмөлөшү үчүн», — деп айтып берди шайлоодо партиялар менен иштешкен медиада иштеген адам. «Дизелде» иштеген боттор тууралуу саясат таануучу Азим Азимов ачык айтып келген. Төмөндө анын твиттердеги жеке профилинен алынган скриншотторду келтиребиз.

2015-жылдагы парламенттик шайлоодо эле соцтармактардын маанилүүлүгү өскөн: ошондо бардык шайлоо жумушунун 10%га жакыны соцтармактарга туура келген. Бирок баары бир көлөмү боюнча чоң эмес болчу — бардык соцтармактарда 8ге жакын адам иштеген дейт көптөн бери шайлоолордо иштеп келген саясий технолог.

Ал эми 2016-жылдагы парламентик шайлоодо социалдык тармактар үчүн интернеттеги шайлоочулар менен иштөөнүн 30%ы туура кетип турган. Андан соң таптакыр эле өзгөрүш болуп, соцтармактар саясий партияларды жарнамалоонун эң негизги булагы болуп кала жаздаган дейт «Клооптун» маектеши. 2016-жылдын аягында АКШда президенттик шайлоодо Дональд Трамп жеңген. Анда ал социалдык тармактардын арты менен жеңишке жеткен деген ой калыптанып, бул кыргыз бот-башкаргычтарынын «Фейсбук» менен «Инстаграмга» мамилесин өзгөрткөн.


Социалдык тармактар ЖМКларга караганда «кара пиар» үчүн жеткиликтүү болуп чыга келген.


2020-жылдагы шайлоо да ушуну көрсөттү. Парламентке өтүү мүмкүнчүлүгү чоң болгон «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» аттуу үч бийликчил партияны колдоп билдирүү жазган фейк аккаунттар өзгөчө көрүнүктүү болгон. «Клооптун» журналисттери шайлоо алдындагы мезгилде иштеген фейк аккаунттардын базасын топтоду — ал 425 профилден турат.

Базага окшош комментарийлерди жарыялаган аккаунттар, ошондой эле чыныгы адамдарды сүрөттөрүн колдонгон же күзгүгө чагылдырылган сүрөттөрдү колдонушкан.

Ошондой эле бул чынжыр түйүнү боттор менен фейктердин бири-бирине катталып, өз ара бири-бирине тилектештик лайктарын басышканы менен куралат. Кызыгы, чоочун эле адамдардын сүрөттөрүн колдонгон айрым фейктер ошол эле кишилердин ысымдарын колдонушкан. Мисалы, фейк Лилия Заитова макияж жөнүндөгү сайттагы Лилит аттуу кыздын сүрөтүн колдонгон. Ал эми Андрей Андрей деген аккаунт орусиялык социолог Андрей Кузнецовдун сүрөтүн колдонгон.

Маалымат базасына «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик», «Кыргызстан» жана «Республика» партияларын колдогон фейк аккаунттар киргизилди. Эгер аккаунт талап жаратса, тагыраагы чыныгы адамга таандык болушу мүмкүн болсо жана биз ал фейк экенине 100%га ишенбесек, аны базада «күмөн жаратат» деп белгиледик.

Талдоодон кийин шайлоо алдындагы фейктердин базасы «Фейсбуктун» администрациясына кароого жиберилген. Маалымат базасы «Фейсбукка» берилгенден кийин 425 аккаунттун 400гө чукулу өчүрүлгөн.

«Мекеним Кыргызстан» партиясын (бул партияны Матраимовдордун кланы менен байланыштырышат) колдоп комментарий жазган фейктер негизинен «позитивдүү» талкуу жаратышкан. Алар талапкерлердин постторунун алдында колдоо сөздөрүн жазып же алардын шайлоо алдындагы билдирүүлөрүн таратышкан.

Төмөндө бир нече мисалдар келтирилди: «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер Элнура Алканованын постунун алдындагы комментарийлер. Алканова Бишкек мэриясы партиянын үгүт ишине тоскоол болгон деп жазган.

«Биримдикти» колдоп жазган боттор дагы «Мекеним Кыргызстандын» ботторундай эле аккаунттарды таанымал кылуунун ушуга окшош эле ыкмасын колдонушкан. Айырмасы эле — бул аватар үчүн сүрөт тандоонун принцибинде: алардын арасында монголиялык манекенщиктердин, якутиялык сулуулардын же Яндекс менен Гуглдын акысыз сүрөттөрү болгон.

«Биримдикти» колдоп комментарий жазган Азамат Кайипов аттуу фейк стоктон алынган сүрөттөрдү колдонгон. Сток — бул сүрөттөр жарыяланган атайын аянтча, аларды иллюстрация же жарнама үчүн колдонсо болот.

Аккаунт фейктердин базасы Фейсбукка берилгенден кийин өчүрүлгөн.

«Клооптун» эки булагы — шайлоодо иштеген медиа адис жана өкмөттө иштеген кишинин айтымында, чоң партиялар чын эле соцтармактарда үгүт иштери үчүн фейк сыяктуу ресурстарды колдонуу менен шайлоого катышкан.


«КСДПда, Бабановдо [фейктер] болгонун билем. Болжолдуу 10-20 адам. Ал жакта 100 адам отурат деп айтышкан. Бирок андай эмес, мен алардын кеңсесинде болгом, анча адам эмес болчу», — деп айтып берди шайлоодо иштеген медиа адис.

«Республика» партиясынын постунун алдындагы комментарийлер. «Дайракан Мукашова» аттуу фейктин сүрөтү казакстандык артист Асель Садывакасовага таандык. «Акэрке Койчуманова» менен «Гулжамал Сабырова» фейктер базасы Фейсбукка берилгенден кийин бөгөттөлгөн. «Сабырова» дагы Казакстандын тургунуна таандык сүрөттү колдонгон.

Шайлоо алдындагы мезгилде биз бул сыяктуу фермалардын бирине жумушка орношууга аракет кылып көрдүк. «Клооптун» кызматкери, биздин маалымат булактын айткандары боюнча ушундай жумушка адамдарды кабыл алып жаткан киши менен байланышка чыкты. Ал адам корголгон Signal мессенжери аркылуу сүйлөшүп, ага Фейсбуктагы профилге шилтемесин жөнөтүүнү суранды. Ал муну алгач анын бул социалдык тармактагы аккаунтун карап чыгышы керектиги менен түшүндүрдү. Буйрутмачылар аларга анын ээн жана көп колдонулбаган аккаунту жакпай калганын билдиришкен, натыйжада биз байланышкан адам кызматташуу мүмкүн эместигин кабарлады.

Көп жылдан бери шайлоонун үстүндө иштеген саясий технологдун айтымында, фейктер — бул шайлоодо маанилүү курал, өзгөчө оппоненттерге карата коркутуу жана оройлук кылуу учурларында.

«Жакшыбы, жаманбы, ар бир партиянын максаты — бул бийликке келүү, болбосо ал партия эмес жана анын эмне кереги бар. Эгер сага оппоненттерди көздөй жаман сөз айтыш керек болсо, анда сен аны кылышың керек. Бирок бул үчүн жоопкерчиликке тартышы да мүмкүн, жалган маалымат жайылтуу, кадыр-баркты жана ар-намысты кордоо — чынында булар кылмыш беренелери. “Пидорас” десе деле болот, бирок бул кылмыш болуп калат. Ошондуктан алар анонимдүү болушат», — деп айтып берди ал.

Демек, биздин иликтөө көрсөткөндөй, фейктер саясатчылар менен бизнесмендерге бир эле шайлоо же көчө нааразылыктарынын учурунда гана эле керек эмес.

Матраимовду колдогон фейктер

Бир катар ЖМКлардын журналисттери 2019-жылдын аягында төмөнкүдөй тенденцияны байкашкан: бажыдагы коррупция тууралуу иликтөө боюнча жаңылык чыгарган медиаларды соцтармактарда фейк аккаунттар чабуулга алышкан.

Алардын ичинде, мисалы, «Людмила Бондарева» болгон — учурда бул фейк аккаунт жок. Дагы бир ушундай эле мисал — «Алина Сеитова» атка жамынган аккаунт.

Бул эки комментатордун «Фейсбуктагы» барактары 2019-жылы ачылган: бирөөсү октябрда, экинчиси августта пайда болгон. Алардын окшоштуктары экөөсү тең Матраимовдордун кланына байланыштуу билдирүүлөр менен жаңылыктардын алдына жигердүү пикир калтырып, мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүн каргагандар менен талаш-тартышка түшкөнүндө. Ошондой эле барактарын бирдей башкарышкан.

Эки аккаунт тең Алай районунун тургундары спортчу Төлөгөн Рахманберди уулунун сабалышына байланыштуу окуя үчүн Матраимовдордун үй-бүлөсүнөн кечирим сурашты деген жаңылык менен пост жарыялашкан. Посттор Людмила менен Алинанын барактарында бир убакта пайда болгон.

Иликтөөлөр жарык көргөндөн кийин «Клооп» Матраимовдордун кланын колдоп жазган фейктер тууралуу маалыматтарды чогулта баштаган. Жогоруда аталган Бондарева менен Сеитовадан тышкары маалымат базасына 400гө жакын аккаунт кошулду.

«Клооп» Матраимовдор тууралуу жазуулардын алдында комментарий жазган фейктердин IP даректерин аныктай алган жок. Бирок, «Кактус» басылмасында иштеген кесиптештерибиз комментарийлерди көп учурда ар кандай түзмөктөрдө, бирок көбүнчө бир IP даректен жазыларын аныкташкан. Аталган басылманын сайтында IP даректи аныктаса болот.

Биз бул чабуулдун артында ким турарын териштире баштадык. Фейктердин командарсына негизинен «аз сабаттуу журналисттерди жана блогерлерди» жалдашкан. Кыргыз күч түзүмдөрүнүн биринде ушундай чечимге келишкен — алар фейктердин иштешин изилдешкен. Изилдөөнүн жыйынтыгы тууралуу «Клоопко» ага жеткилиги бар болгон булак айтып берген.

«Биринин артынан бирин [аккаунт] ачып Матраимовдорду сындагандарды каралай башташат. Алар тууралуу көпчүлүккө жакпаган жалган маалыматтарды, гейлер, алдамчылар, батышчыл агенттер, түндүк-түштүккө бөлгөн темаларды көтөрүп, алар теңирчилер, атамбаевчилер деп жазышат», — деп билдирди ал.

Дайырбек Орунбеков жана Гүлжан Шерипбаева аттуу жергиликтүү журналисттер Матраимовдорду колдогон фейк-фермалар менен байланышы бар экени тууралуу «Клоопко» дароо үч булак айтып берди — өкмөткө иштеген адам жана ушул фермалардын ыктымалдуу кураторлору менен жекеме-жеке таанаш болгон эки адам.

«Матраимовдун фейктери боюнча, эми, алардын артында Дайырбек Орунбеков

турат да. Кантип аталарын көбүн унутуп калдым, бирок [профилдердин аттары] Патриот Кыргыз деген сыяктуу дайыма кыйкырган аттарды алып жүрөт, так айта албайм, бирок дайыма кыйкырган аттарды алып жүрөт. Гүлжан [Шерипбаевада] дагы 4 фейк тобу бар, ал бир жолу айтып алган» , — деп айтып берди Орунбеков менен жекеме-жеке тааныш болгон булак.

Орунбеко өзү акыркы жолу журналисттердин көзүнө эмгек жана соцөнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун кеңешчилик кызматына дайындалганда илинген. Орунбеков «Биримдик» партиясынын шайлоо штабында иштегенге чейин чындап эле Матраимовдордун кланынын кызыкчылыгы үчүн иштеген, дейт анын тааныш журналисти.

«Ал соцөнүктүрүү министринин коомдук кеңешчиси болгон, андан кийин кызмат ордун сактап калыш үчүн декретке кеткен, чындыгында болсо Райымга иштейт. Ага болжолдуу 20 журналист иштейт», — дейт Орунбеков менен жеке тааныштыгы бар маектешибиз.

Анын айтымында, Орунбеков буйрутмачыларын фейсбукта «коомдук ой-пикирди түптөй турган» 100гө жакын фейк аккаунттарга ээмин деп ишендирет.

Редакция Дайырбек Орунбеков менен байланышууга аракет кылган, бирок материал жарык көрөр алдында ал журналисттердин суроолоруна жооп берген эмес. Ал расмий түрдө жооп берүүдөн баш тартты, бирок фейктер менен байланышы бар экенин бейрасмий төгүндөдү. Ошол эле учурда пандемия маалында гуманитардык жардамды таркатып, Матраимовдорду үй-бүлөсүнө иштегенин тастыктап берди.

Гүлжан Шерипбаева — Дайырбек Орунбековдун мурдагы кесиптеши, учурда Nazarnews.kg онлайн басылмасын жетектейт. Басылманын мурдагы кызматкерлеринин бири айтып бергендей, бажыдагы коррупция тууралуу иликтөө чыккандан кийин Гүлжанды Матраимовдор кланы колдоп турган, бирок бул убактылуу гана болгон.

«Ал жакта иштегендердин баары Райымбек Матраимов — демөөрчү деп айтышчу», — деп билдирди ал.

Биздин бир кесиптешибиз Гүлжан Шерипбаевага жумушка орношууга аракет кылып, ага востап аркылуу жазган. Шерипбаева фейк-фермасында иштесе болорун ырастаган жок, бирок ал бул маалыматты төгүндөгөн да жок.


Журналист: «Тааныштарым социалдык тармактарда комментарий жазып иштеп акча тапсаң болот дешкен болчу, сизден сурап көрүүнү сунушташты. Сизде ушу сыяктуу удаленно иштегенге бош вакансия барбы?»

Гүлжан Шерипбаева: «Саламатчылык, бизге [кеңсеге] келип иштеш керек, бирок вакансия жок. Мүмкүн болсо башка жактан караштырып көрүңүз».


Шерипбаева Клооптун журналистине курган маегинде фейктер менен иштешпегенин билдирген. Үч талапкердин адамдары ага кайрылып, беш миң доллар жана 10 миң доллар сунуштаганына карабастан, ал баш тартып койгонун айткан.

«Мен эч качан адамдарды фейктер аркылуу каралагым келбейт. Фейктердин айынан адамдык сапатымды жоготуп алгым келбейт. Мен кимдир бирөө менен талашып-тартышып же кимдир бирөөнү, ал тууганым болобу, досум же касташым болобу каралагым келбейт. Райымбек Исмаиловичтин бир сөзү бар: Мен ушунчалык көп адамдарды тааныйм, анын адамдык сапатына таң калгам. Ал дайыма “Жөн кой, Кудай бар, эч качан эч кимди каралаба” деп айтат. Эч качан досторумду, душмандарымды дагы жаман аттуу кылбайм, аларды фейктер менен каралагым келбейт», — деди ал.

Элнура Алканова жана депутат Искендер Матраимов. Сүрөт Алканованын соцтармактарынан алынды.

Орунбековдон тышкары, Матраимовдордун пайдасына жазган фейктердин ишин журналист жана «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Элнура Алканова ыктымал тескеген дейт саясий активисти.

Ал бажыдагы коррупцияга каршы RE:Акция митингинен кийин ага Орунбеков менен Алканова чалганын билдирди. Анда фейктер нааразылык акциясына катышкандарды гей деп атап, батышчылдыкка айыптаган видеолорду жайылта башташкан. Буга активисттердин бири фейктердин аракеттерин ачык сынга алган.

Активисттин сүйлөшүүсүнүн аудиосу «Клооптун» колуна түштү. Алар активисттен соцтармактагы барагынан бир нече постту өчүрүп салуусун суранышкан. Маалымат булактын билдирүүлөрүн кошумча бышыкташ үчүн «Клооп» аудиону Санкт-Петербургдагы «Аудиовизуалдык документтердин криминалдык лабораториясына» экспертизага жөнөттү. Ал жактан аудио жазмадагы үндөр Алканова менен Орунбековдукуна окшош деген тыянак келди.

Алканованын Матраимовдордун фейктер фермасы менен байланышы бар экенин дагы эки маектешибиз айтып берди — өкмөттүн мурдагы кызматкери жана дагы бир саясий активист. Мындан тышкары, ОpenDemocracy сайты 2020-жылы журналист Улукбек Бабакуловдун макаласын чыгарган. Бабакулов макаласында фейктер-фермасын интернетте Матраимовдорду коргоп жүргөн тек гана Алканова ыктымал тескеген деп айткан.

Элнура Алканова «Клоопко» курган маегинде фейктерге жана алардын аракеттерине эч кандай тиешеси жоктугун айтты.

«Өмүрүмдө, Матраимов менен таанышкан учурда дагы, шайлоо кампаниясы учурунда дагы боттор-фермасын иштеткен эмесмин. Бул мени жаман аттуу кылгысы келгендердин абийиринде калсын», — деп билдирди ал.

Анын айтымында, анын бул үчүн тажрыйбасы жок, ал эми бул сыяктуу кызматтарды жарнама агенттиктери көрсөтөт.

«Көптөгөн жарнамалык агенттиктери менен пиар-компаниялар бар, алар программчылар менен биргеликте ушундай кызматтарды көрсөтүшөт. Мен программчы эмесмин, бот ферма ачкыдай тажрыйбам жок», — дейт Алканова.

Фейктердин фермалары Кыргызстанда белгилүү бир кландарды эле эмес, учурдагы бийликти коргоо үчүн дагы колдонулат.

Биз 15-декабрда Райымбек Матраимовдун өкүлдөрүнө расмий суроо талап менен кайрылганбыз. Бирок материал жарык көрөөр алдында бул тараптан комментарий келген жок.

Президенттик боттор, эки ферма, эки башка жагдай:

Кыргызстанды 2020-жылдын күз айларына чейин башкарган бийлик өзүнө карата сындарга тез реакция жасаш үчүн фейктерди шайлоодо дагы, тынч убактарда дагы колдонгонун айтат ошол учурда өкмөттө иштеген «Клооптун» маалымат булактарынын бири.

«Мен аларды президенттик аппаратта дагы, өкмөттүн аппаратында дагы колдонушканын билем. Ал жерде соцтармактарда бейформал колдоо көрсөткөнү үчүн ак конвертте акча алган адамдар болгон», — деди биздин булак.

Анын айтымында, 2017-жылы эле, президенттик шайлоодон тартып фейктер менен толук кандуу иштешүү болгон. Алгач Матраимовду колдогон ошол эле ферма колдонулган, бирок шайлоодон кийин алар бөлүнүп кеткен.

Асылбек Жээнбеков

Биздин булактын айтымында, жээнбековчул фейктерди Асылбек Жээнбеков тескеген болушу ыктымал — парламенттин депутаты, өлкөнүн экс-президенти Сооронбай Жээнбековдун иниси.

Ошондой эле ал президенттик фейктердин иши үчүн экс-президенттин жана анын өкмөтүнүн басма сөз катчылары жооптуу болушкан деген божомолун айтты.

«Алардын Telegramда группасы бар. [президенттик жана райымчы топтор] бөлүнүп кеткенден кийин ал жакта дагы кимдер калганын билбейм, бирок мурда ал жакта көп киши отурчу», — дейт ал.

Өкмөттүн экс-аткаминери «Клоопко» жашыруун шарты менен өкмөт эбактан бери эле соцтармактарда жабык топторду түзүп, ал жерде акаминерлер менен министрликтердин кызматкерлери коомдун маанайына байкоо салып келишерин билдирди.Жээнбеков президент болуп турган учурда аны колдогон фейктердин эмгектеринин кандай мисалдары бар? Биз, негизинен, алардын ишин коронавирустан улам жарыяланган карантин учурунда байкадык.

Июль айында журналист Раушан Айткулова Жээнбековдун үстүнөн Башкы прокуратурага арыз жазып, аны коронавирус менен чабал күрөшүп жатат деп айыптаган. Аны менен катар Айткулова президентке импичмент жарыялоо үчүн Change.org сайтында кол топтой баштаган. Бирок бул сайт 15-июлда Кыргызстанда бөгөткө алынган. Бийлик сайт эмне себептен бөгөттөлгөнүн ошол бойдон түшүндүргөн эмес. Анткен менен «Инстаграмда» Жээнбековду мактап, аны эл алдында актап-жактаган жана Айткуловага каршы пикир жазган аккаунттар пайда болгон.

«Клооптун» дата бөлүмүндөгү программчы кесиптештерибиз алардын жүрүм-турумдарын талдап, өз материалында баяндап беришкен. vita.0505 деген сыяктуу аккаунттар көп, алардын бардыгы Айткулова жөнүндө жазып, Жээнбековду коргошкон. Кызыгы, алар жазган сөздөрүндө бири-бириникине окшош каталарды кетиришкен.

Биз 15-декабрда экс-президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз катчысы болуп иштеп турган Толгонай Стамалиевага расмий сурам кат жөнөткөнбүз. Бирок материал жарык көрөр учурда бизге бул тараптын комментарийи келген жок.

Фейктер Жээнбековдон башкаларга да иштешкен. Алардын кызматтары ушунчалык популярдуу жана Кыргызстанда алардын кызматынан пайдалануу оңой болгондуктан, аларды Жээнбековго чейинки президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы адамдар дагы колдонушкан.

«Клооптун» журналистине мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кызыкчылыгы үчүн фейк аккаунттарды башкарган адам менен маектешүүгө мүмкүн болду. Ал аны колдоп жазган пост жана комментарийлери үчүн айына 350 доллар акы алып турганын айтып берди. Акчаны ага жолугушуу учурунда накталай берип турушчу.

Биздин маектешибиздин айтымында, ал фейктердин фермасында 2018-жылдын жай мезгилинен тартып иштеп баштаган. Дал ошол убакта биринчи жолу Атамбаев менен Жээнековдун ортосунда жаңжал чыкканы ачык белгилүү болгон. Мурдагы жана кызматк жаңы келген президенттин ортосундагы жаңжал Жээнбековдун саясий айдыңды тазалоосу менен коштолгон. Анда Атамбаевдин башкаруусунда маанилүү кызматтарда иштеген адамдар алмаштырылган.

«Клооптун» маектеши билдиргендей, соцтармактарда Атамбаевге каршы кампания башталып, мурдагы президенттин айланасындагыларга буга каршы туруштук бериш керек болгондуктан ага иштеп берүүнү сунушташкан. Ага жумуш бергендер — Атамбаевдин чөйрөсүндөгү делген адамдар — өздөрүнүн телеграм-чатын ачышкан: ага реакция кылуу керек болгон пост жана билдирүүлөрдүн шилтемелери жөнөтүлүп турган.

«Бул топто иштегендрдин бардыгы шарттуу тааныштар. Көчөдөгү адамга сен мындай жумушту сунаштай албайсыңда? Ошондуктан мени менен эч кандай маектешүү болгон жок, мага болгону иштин функционалын түшүндүрүп беришти. Кандайдыр бир посттор, тексттер жөнөтүлөт, ошолорду сүрөш керек болот деген. Мисалы, сен кайсыл бир текстти окуп, өз тилиң менен жазасың, ал кадимки адамдын жазганына көрүнүшү абзел. Андан соң аны ар кандай аккаунттар менен сүрөмөлөйсүң», — деп билдирди булагыбыз.

«Кээде биз сүрөмөлөшүбүз керек болгон конкреттүү билдирүүлөрдү беришчү. Аны жөн гана жакшы адам деп жазбай, канча мектеп куруп, милиция жана башкаларга канча үй куруп бергенин айтып», — деп түшүндүрөт ал.

Ар бир кызматкер жарыялардын алдына калтырган комментарийлерди чогултуп, отчёт берүүгө милдеттендирилген. Биздин маалымат булагыбыз фабрикада иштегенин бышыктоо үчүн аталган отчёттун мисалын келтирди.

«Аккаунтту саясий темада гана жазбастан, реалдуу адам башкаргандай кылып колдонуш керек эле. […] Куратор, мисалы, аба-ырайы жөнүндө да жазып койсо болоорун айткан. Бирок максаттуу үйрөтүшкөн эмес», — дейт журналисттердин маектеши.

Анын айтымында, ал мурдагы президентти колдогон фейктердин фермасында Атамбаевди жакшы адам деп эсептегендиктен жана анын идеяларына чындап ишенгендиктен иштөөгө макул болгон.

Мурдагы президенттин өкүлү Кундуз Жолдубаева «Клооптун» журналисттерине билдиргендей, Атамбаевди колдогон фейк аккаунттарды башкарууга эч кандай тешеси болгон эмес. Ал фейктердин фермалары менен коммуникация жүргүзүлгөн Telegram канал жана алар алган маяна тууралуу дагы маалымата жок экенин кошумчалады.

Фейк иштеген бөлүм канча турат жана ал эмне үчүн керек?

Демек, Кыргызстанда ар бир саясатчы жана бизнесмен ресурстары анчейин деле жок болсо жеке менчик фейк-ферма иштетип алганга кудурети жетип калабы? «Талап болсо, сунуш дагы болот», — дейт партиялардын бирине иштеп берген маалымат булагы.

Анын баамында, 10-15 адам жалдап, аларга айына 100-150 доллар төлөп берсе болот. Бул акчага ар бири 5тен фейк аккаунт башкарып, кандай гана талкуу болбосун ошол жерде каалагандай дүрбөлөң козгоп бере алат.

Ал эми блогер жана журналисттер кымбатыраак турат — миң доллардан жогору. Баасы алар чагылдырган аудиториянын саны менен сапатынаан көз каранды. Жумушка негизинен сунуштама боюнча же жеке тааныштык менен келишет — жумушка алуу боюнча ачык жарыя берилбейт.

«Көп учурда мен ким ким менен иштешкенин билем. Ал адамдар бул рынокто биринчи жыл эле ушинтип гана иштеп жатышкан жок. Анткени эгер СММ адисине бары, сен кара пиар жасап бере аласыңбы десең — бул бери эле дегенде логикага сыйбас болуп калат. Көбүнесе бул тааныштык аркылуу болот», — дейт фейк аккаунттардын үстүнөн иштеген топтор үчүн буйрутмачы катары иш алып барган маектешибиз.

Фейк аккаунт иштеткен адамдарга жумуш орду дагы берилбейт — көбү алыстан иштеп, ал эми байланышты жалпы чаттар аркылуу жүргүзүшөт,

«Ар биринин акысы ар башка, бул жерде кайра эле кыргыз тилдүүлөр менен орус тилдүүлөрдү бөлүп караш керек. Адам өз профилик аркылуу айдан-ачык эле аракетенүүгө даярбы-жокпу — баа ушул нерседен дагы көз каранды. Ар бири менен жеке сүйлөшүшөт — баасы айына 100 доллардан баштап 1000 долларга чейин жетет, алтургай 3000 долларга чейин жеткен бааны дагы билем», — деди ал.

Саясатчылар фейк-фермаларды сынга чыдабагандыктан ачышат, бирок ошол эле кезде жалданган боттор буйрутмачылары үчүн терс көрүнгөн жаңылыктарга гана реакция кылып чоң максатты деле көздөшпөйт дейт шайлоодо партиялар менен иштешкен журналист.

«Троллдор өрт өчүргөн командадай — өрт чыгып атса аны өчүрүп же башка тарапка буруп кетишет. Бизде старегия менен иштеген саясатчылар абдан аз. Ал эми троллдор — бул жөн гана аткаруучулар. Бүгүн кандайдыр бир материал чыкты же аны терс жаңылыкты позитивге айлантуу керек дейли — алар мына ушул нерсенин үстүндө иштешет», — деген пикирин билдирди ал.

 

  • Сизге фейк-бөлүмдүн болжолдуу наркын эсептеп көрүүнү сунуштайбыз. Эгер адамдарды бир айга жалдасаңыз сиздики канча турмак?

  • Название изображения
  • Фейк-ферманын иши фейктердин тескөөчүсүн жалдоодон башталат. Аны сатып сатып алганда сизге бонус катары Telegramда профессионалдык чат берилет!

    («Клооптун» маалымат булагынын айтымында, фейк аккаунттардын артында отургандар менен байланыш тескөөчү аркылуу ишке ашырылат. Анын айтымында, негизи топтун башчысы менен макулдашышат, фейктин ар бир админи менен өз өзүнчө макулдашышпайт. Баасы 1000 долларга чейин жетиши мүмкун)

    Сиз бул жерде сүйлөшүп алууну пландап жаткан сумманы тандай аласыз.

    01002003004005006007008009001000
  • 5 фейк аккаунттан жөн эле комментарийлерди жаза турган адам 100$ алат

    Сиз бул жерде жалдай турган адамдардын санын тандай аласыз
    0102030405060708090100

    Өзүнүн профилинен постторду жана комментарийлерди жаза турган адам 500$ алат.

    Сиз бул жерде жалдай турган адамдардын санын тандай аласыз
    0102030405060708090100
  • 5 фейк аккаунтта активдүүлүктү имитация кылып, пост жана комментарий жаза турган адамдын акысы 350$ турат

    Сиз бул жерде жалдай турган адамдардын санын тандай аласыз
    0102030405060708090100

    5 миң окурманы бар болгон жана тигил же бул саясатчынын пайдасына билдирүүлөрдү жасай турган блогердин эмгек акысы 3000$ турат.

    Сиз бул жерде жалдай турган адамдардын санын тандай аласыз
    0102030405060708090100
  • Название изображения
  • Мындан тышкары, бул рынок аккаунттарды жаңыдан түзбөөнү сунуштайт. Фейк-фермалар үчүн аккаунттарды сатып алса болот:

  • Фейсбуктагы кыргыз профилинин минималдык наркы 30 сом/0.36$

    Сиз бул жерде сатып ала турган аккаунттардын санын тандай аласыз

    01002003004005006007008009001000
  • Фейсбуктагы орус профилинин минималдык наркы 10 сом/0.12$

    Сиз бул жерде сатып ала турган аккаунттардын санын тандай аласыз

    01002003004005006007008009001000
  • Колдонуучунун активдүү аккаунтунун бир айлык ижара акысы (жаш курагы +3 жыл, сүрөттөр, посттору менен) болжолдуу 400$ турат

    Сиз бул жерде ижара ала турган аккаунттардын санын тандай аласыз

    01002003004005006007008009001000

 

Иликтөө Интерньюс Кыргызстанда ишке ашырган TRACK долбоорунун колдоосу менен даярдалды. Материал редакциянын көз карандысыз эмгеги болуп эсептелинет. Бул материалда айтылган пикирлер сөзсүз эле Интерньюс же анын өнөктөштөрүнүн көз карашын чагылдырбайт.

Тексттин үстүндө иштегендер: Александра Титова, Рустам Халимов, Саадат Төлөгөнова, Айдай Иргебаева

Базаны даярдаган: Айдай Иргебаева

Эл аралык ментор: Андрей Захаров

Координатор-ментор: Метин Джумагулов

Которгондор: Кайрат Замирбеков, Алмир Алмамбетов