Кыргыз Республиканын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз жайылтууну, сактоону аныктоого, токтотууга багытталган атайын операция йигиликтүү аяктады.
Жүргүзүлгөн санкциялаштырылган тинтүү иш-чараларынын натыйжасында 1972-жылы туулган Р.Е. аттуу атуулдун жашаган жеринен кендир жыттанган кара жашыл түстөгү зат табылып алынган. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык, табылып алынган заттар, салмагы 8 граммды түзгөн «марихуана» баңгизаты экендиги аныкталган.
Мындан тышкары, жүргүзүлгөн изилдөө иштеринин натыйжасында, кармалган тараптын башка кылмыштуу жосундарга тиешеси бар экендиги аныкталып, алдын ала маалыматтарга ылайык Р.Е. аттуу жаран жаш кыздарды чет өлкөлөргө сойкулук кызмат көрсөтүүгө мажбурлоо жолу менен жөнөтүүп жүргөндүгү маалым болду.
Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.
Төмөнкүдө көрсөтүлгөн жарандан жабыркаган тараптар биздин дарекке кайрылса болот: ИИМдин БМЖКККсына, байланыш телефондору (0312) 62-08-53, +(996) 500 01-33-53.
ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы