Четверг , 17-Июнь 2021
Башкы бет / Жаңылыктар / 2021-жылдын 3-майындагы дем алыш күнү 2021-жылдын 8-январдагы жумушчу күнүнө которулат

2021-жылдын 3-майындагы дем алыш күнү 2021-жылдын 8-январдагы жумушчу күнүнө которулат

2021-жылдын 3-майындагы дем алыш күнү 2021-жылдын 8-январдагы жумушчу күнүнө которулат. Дем  алыш күнүн которуу тууралуу тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков кол койду. Бул тууралуу Өкмөт Аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Чечимге ылайык, дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2021-жылдын         3-майындагы дем алыш күнү – 2021-жылдын 8-январындагы иш күнүнө которулат.

Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине 2021-жылдын 3-майындагы дем алыш күнүн – 2021-жылдын 8-январындагы иш күнүнө которуу сунушталат.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс