• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

Органик кыз Бермет

Автор:ruh_admin

Дек 26, 2020
Бермет менен 2004-жылдын апрель айында Таласта таанышкам. Манас атабыздын жеринде Социалдык мобилизация боюнча үлкөн форум болгон. Ал форумда таластыктар мактана берип жарылып кете жаздашкан. Ал кезде Таластын губернатору Искендер Айдаралиев болчу. Эл ичинде аброю аябай жогору экен. Чыгып сүйлөгөндөрдүн арасында Айдаралиев Президент болчу киши дегендер да болуп, эл дуулдап кол чаап, тура калып овация кылышкан.
Бермет ал кезде Канттагы “Алга” деген орус кемпир-чалдарга жардам берген уюмда иштечү. Таластагы форумда жаркылдап элдин баарынын көңүлүн алгандыгы, кыргызча, орусча, англисче бирдей сүйлөгөндүгү менен эсимде калыптыр.
Бир топ жылдар кийин Бермет менен кайрадан жолугуп калдым. “Органиккыймыл” деген уюм түзүшүп, уюмдун президенттигине баягы таластыктар Президент кылабыз деген Искендер Айдаралиев байкени шайлап алышыптыр.
Бермет ошондон бери органик айыл чарбасы, “жашыл” экономика идеяларынын жоокери болуп чуркап жүрөт. Бир нече убакыт жылаңач энтузиазм менен иштеди. Аракет акыбетин берип, көп идеялаштарын, демөөрчүлөрүн тапты Бермет айым. Азыр Баткендин өрүгүн, Токтогулдун балын, Таластын буурчагын, Аксынын кайналысын, Өзгөндүн күрүчүн өнүккөн өлкөлөрдүн рыногуна чыгарып башташты.
Органик азык-оокаттар, “жашыл” экономика – адамзаттын келечеги. Бүгүнкүгө эмес, эртеңки келечекке кызмат кылган Берметтей патриот уул-кыздарыбыз көп болсун.
Азыр, тилекке каршы, бизде органик азык өндүргөндөр сейрек. Дал ошол органик азыктай Бермет да сейрек кездешчү инсан. Адамдардын кайгы-капасын тең бөлүшкөн альтруист, ар качан жардамга келген ишенимдүү өнөктөш, табият менен гармонияда жашап, Кыргызстанды түрө кыдырган саякатчы, адамдын сезимдерин дирилдете жазган жазуучу, ар кандай кырдаалдан жол таап кеткен лидер ж.б. адамдагы бардык жакшы сапаттардын ээси – ушул Бермет.
Бермет менен тааныш, идеялаш болуп калганыма дайым кубанам. Сендейлер бизде көп болсун.
Майрамың менен, органик кыз!
Нургазы Мусаев.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс