• Чт. Окт 6th, 2022

Популярные метки

Атамбаевдин Жээнбековго каты

Автор:ruh_admin

Дек 26, 2020
Ушунчалык акылы кем, адамдык сапаты төмөн, ойлонбой сүйлөгөн дөөдүрдү алты жыл башкартып коюп жүргөнүбүзгө таң калбаган күнүм жок. Жээнбековго жазган ар бир сөзү 100% дал өзүнө карата берилген мүнөздөмө. Туура, Жээнбеков күчтүү президент боло албады. Андай экенин президент боло электе эле билчүбүз. Атамбаев өзүнүн кылмыштарын жабам деп, өзү президент кылып алып келбедиби. Бирок Жээнбеков чыныгы жашоодо эң сонун адам экенин далилдеди, жана экс макамын алып, урмат-сыйга ээ болду. Ал эми бок-сакка белчесинен батып, аарчымак турсун, бок-сактан чыга албай калган өзүнүн акыбалын сезбеген кайдан чыккан балакет эле? Баарынан да: «адам өз өмүрүн жакшы нерселерге арнаш керек» дегени күйбөгөн жерди күл кылат. ТЭЦ, музей, альтернативдик жол, ипподром, Датка-Кеминди уурдап жакшы иш кылыш керекпи? Түштүктө согуш отун тутандырып, элин кыргынга учуратып, жакшы иш кылдым деп жатабы? Дача Сууда бир айылды жер менен жексен кылганын айтып мактанып жатабы? Элди түндүк, түштүккө бөлүп, Кой Ташта өзүнчө «республика» түзгөнүн, барган жоокерлерге таш ыргытып, куралдан ок атканын, Үсөн Ниязбековду атып өлтүргөнүн, Саматты түбөлүк майып кылганын- өмүрүмдү жакшы нерселерге арнадым деп жүрөбү? Менимче, Атамбаев түрмөдө экенин алигече сезбесе деле керек. Анан дагы: «эл арасында Соке саткын деген сөз калды» дептир, как будто эл аралап басып, эл менен жүргөндөй. Соке калың кыргыз элин, мамлекетти тандабай, дос деп Атамбаевдин сөзүн сүйлөп, ишин улап кетсе, мына ошондо наалатка калмак. Атамбаев Сокени боктобой, тескерсинче Сокеден кечирим сурашы керек. Себеби, Жээнбековдун териси калың экен, Атамбаевдин акмакчылыгына эки жыл чыдады. Баканы деле капыстан тепсеп алсаң «бак» деп үн чыгарат. Жээнбеков эки жылдан кийин гана «бак» деди. Эмне, Жээнбековду президент коюп алып, элге маскаралайм, кемсинтем, аброюн түшүрөм деген максат менен койду беле? Достукка эң оболу өзү түкүрүп алып, кайра беттен алганычы мунун. Түрмөдө жатса да элдин тынчын бузуп, кыжырын кайната берет экен. Мурдагы президенттер окшоп өлкөдөн чыгып кетсе деле мейли эле деген ой кетет кээде.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс