• Пн. Сен 26th, 2022

Популярные метки

Окуучуну сабакка киргизбей койгон. Ошто мектеп фондуна акча топтоодон чыр чыкты

Автор:ruh_admin

Дек 25, 2020

Ош шаарында кадимки окуу башталбай жатып окуучулардан акча жыйналып жатат. Бул тууралуу биздин телеканалга мектеп фондуна акча алып барбаганы үчүн кызынын бир күндүк сабагы үзгүлтүккө учураган эне билдирди. Айтымында, класс жетекчиси 9-класста окуган кызын акча алып барбагандыгы үчүн сабакка киргизбей койгон. 

Дилярам Нуралиеванын кызы Ош шаарындагы №6 Макаренко орто мектебинде билим алат. Анын кызын мектеп фондуна акча алып барбаганы үчүн класс жетекчиси сабакка киргизбей койгон. Айтымында, бүгүн эрте менен кызы Амина күндөгүдөй мектепке кеткен. Бирок жарым саат өтпөй үйүнө ыйлап келген.

«9-класста окуган кызым бар. Класс жетекчиси «Жаңы жылга чейин мектеп фондуна 350 сомдон алып келгиле» деп айтыптыр. «Макул ага чейин убакыт бар, беребиз» деп айттым. Милдеттүү түрдө беришим керек же бербешим керек деп деле айткан жокмун. Бүгүн эрте менен мектепке кеткен. Сабагы жети жарымда башталат да. Мен жумушка жөнөгүчө эле кайра келип калды. Ыйлап алган. «Эжекем акча алып келмейинче сабакка кирбейсиң» деп чыгарып коюптур. Ачуум келгени, сабака жакшы маанай менен барган балага эмнеге мындай мамиле кылат? Сууктун күнү болсо».

Жалгыз бой эне кызынын бир күндүк сабагы үзгүлтүккө учураганы үчүн класс жетекчисин жоопко тартууну талап кылып жатат. Себеби ал кызмат абалынан аша чаап, кызы Аминаны жалпы окуучулардын көзүнчө уяткарды деп эсептейт. Ал эми класс жетекчиси Апиза Насырова болсо айтылган доону четке кагууда.

«Мен Аминанын жеке өзүнө «Бар апаңа барып акча алып кел» деп айткан жокмун. Жалпы түрдө эле ким алып келгенин сурадым. Ашыкча сөз айтылган эмес болчу». 

Мектеп фонду үчүн суралган акчаны Аминанын классынан төрт гана окуучу берген. Калган окуучулар эртең алып келмек болгон. Муну 9в-класстын бардык окуучулары ырастады. Кадимки окуу башталбай жатып окуучулардан акча жыйналып жаткан факты боюнча мектеп жетекчилиги үн каткан жок. Мунун себебин алар директор кызматка жаңы келгендиги менен түшүндүрүштү.

Ал арада ата-энелер комитети фонд үчүн акча чогултулуп жатканынан мектеп жетекчилигинин кабардар экенин айтат. Бирок демилге ата-энелер тарабынан көтөрүлүп, акча ыктыярдуу түрдө жыйналат жана чогулган каражат күзөтчүнүн айлыгы менен ажатканы тазалоого жумшалат.

«Негизи мурунку жылдары  ата-энелер фонду үчүн 1000 сомго жакын акча чогултулат эле. Пандемияга байланыштуу быйыл 300 сомдон чогулттук. Чынында бир жылга 300 сом өтө деле чоң акча эмес. Жеке мектептерди алып көргүлө, алар  5 миң сомдон 10 миңге чейин төлөйт. Онлайн чогулуш өткөрүп, бардык ата-энелер колдошкон», -дейт №6 Макаренко орто мектебинин ата-энелер комитетинин төрагасы Алайбек Бекмурзаев. 

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы мектептерде жөнү жок акча чогултууга эбак эле тыюу салынганын айтууда. Мекеменин өкүлү Бектурсун Көкөнов эскертүү берилгенине карабай, мынтип мугалимдердин акча жыйноосу акылга сыйбай турган көрүнүш дейт. Бирок окуучудан акча талап кылган окутуучунун кызмат орду сөзсүз каралчу маселе экенин билдирди.

«Шаардагы мектептердин директорлоруна 3-4 жолу онлайн конференция өтүп, «Эч кандай акча топтоо болбосун. Ансыз деле ата-энелердин турмушу оор болуп атат. Карантин учурунда бардык жер жабык турду. Фондко шылтоолоп акча чогултпагыла» деп түшүндүргөнбүз. Бул боюнча мектеп жетекчилерине тапшырма да берилген. Муну балким, класс жетекчиси кандайдыр бир нерсеге шылтоолоп топтоп жатышы мүмкүн. Азыр директорду, окуу иштери боюнча директордун орун басарын чакырдык. Сөзсүз чара көрөбүз».  

Мыйзам боюнча, Кыргызстанда мамлекеттик мектептерде окутуу акысыз. Бирок акча жыйноо маселеси ата-энелер комитети же ар кандай фонддор аркылуу ишке ашырылат. Анда мүчөлүк акы мектептин рейтингине жараша 500 сомдон 5 миң сомго чейин жетет. Мындан сырткары мектептеги ар түрдүү маданий, коомдук иш-чараларга эсептик дүмүрчөк берилбеген акча чогултуу да көп кездешет.

2019-жылы октябрда Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдөгү жалпы билим берүүчү мекемелердин жетекчилерине, администрациясына окуучулар менен ата-энелерден акча жыйноого тыюу салган буйрук чыгарган.

Мындан сырткары камкорчулар кеңеши менен ата-энелер комитеттеринин каржы маселелерине педагогикалык жамааттын жана административдик кызматкерлердин катышуусуна тыюу салынган. Эгерде мыйзамсыз каражат топтоо же окуучуларга, алардын ата-энелерине моралдык-психологиялык басым көрсөтүлгөн факт аныкталса, мугалимдер тартиптик жазага тартылып, кызмат ордунан бошотулат. Бирок ага карабай мектептин ар кандай керектөөсү үчүн окуучулардан акча жыйноо боюнча нааразылык басылбай келет.

https://t-media.kg/2020/12/23/okuuchunu-sabakka-kirgizbej-kojgon-oshto-mektep-fonduna-akcha-toptoodon-chyr-chykty/?fbclid=IwAR0cOOwvSZbC3kgupDlNOZqqelxuD4_wWwr-6RmmU7kTcf7TWL0AbrAxjiw

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс