• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

КЫТАЙГА КЫРГЫН САЛГАН МАО

Автор:ruh_admin

Дек 25, 2020

Эл – деген таптаза барак сыяктуу. Ал баракка каалаганыңдай иероглиф түшүрө берсең болот!
Мао Цзэдун
* * *
Эзели тишин жууп көрбөгөн Маого жеке дарыгери:
– Ар күнү тишиңизди жууп турсаңыз, өзүңүздүн ден соолугуңузга жакшы болоор эле? – десе, эңилчек баскан тиштерин кашкайткан Мао:
– Жолборстун тиши жуулбаса да, ар дайым курч! – дептир.
* * *
Кытай Коммунисттик партиясынын лидери Мао Цзэдун бийлик кылган кезде (1943-жылдан тартып) өлкөдө өлгөн адамдардын саны II Дүйнөлүк согуштун маалында курман болгон адамдардын санынан алда канча ашып түшкөн.
* * *
Мао Цзэдун – 1893-жылдын 26-декабрында Кытайдын түштүк тарабындагы Хунань провинциясына караштуу Шаошань кыштагында жарыкка келген. Атасы Женьшень дыйккандардан күрүчтү арзан баада алып, калаага кымбат баада өткөрүп өмүр кечирген кишилерден болгон. Ал эми Маонун энеси илим-билимге умтулбаган карапайым аял эле. Мао бешке толгон кезде “балалыгың эми бүттү” дешип, Цзэдун деген экинчи ысым ыйгарышты.
Сегиз жашка караган Мао айылдагы башталгыч мектепке барып сабатын ачып, конфуциандык канондордон турган эмгектерден азыраак маалымат топтой баштады. Он үч жашында мектепти таштагандан кийин талаада дыйканчылык менен алектенип, атасына эсеп-кысап иштеринде кол кабыш кылып жүргөн. Арадан бир жыл өтүп-өтпөй атасы Маону өзүнөн алты жаш улуу бир кызга үйлөндүрүп (ал кыздын кийинки тагдыры туурасында эч кандай маалымат жок) таштабаспы?!
Убакыт өткөн соң уулуна бардык ишти өткөрүп берүүнү көздөгөн Женьшеньди уулу Мао укпастан үйүнөн качып кетип жашы улгайып калган бир окумуштуудан сабатын ачып, Кытай классиктери менен ал мезгилдин элге кеңири белгилүү болуп бараткан жазуучуларынын чыгармалары менен таанышат. 1910-жылы Шунань провинциясындагы Дуншань мектебинде окуйт. Илим-билимге сугарыла баштаган Мао кытай жана дүйнөлүк тарых менен таанышып, алгачкы кытай империясын негиздеген Цинь Ши Хуанди, ошондой эле француз элинин улуу полководеци Наполеонго катуу таасирленип, алар анын сүйүктүү каармандарына айланат.
Он сегиз жашында аскерде кызмат өтөп жүрүп “Сянцзян жибао” деген гезитти окуй калам деп, “социализм” деген керемет нерсенин идеяларына кызыгуусу арта баштайт. Жарым жылга жетпей аскердик кызматты таштап айлына кайтып барат да, атасына бир-эки жылча жардам берет. 1913-жылы Чанша шаарындагы педагогикалык окуу жайга кирип, аны 1918-жылы аяктайт. Ошол эле жылы профессор Ян Чанцзинин жолдомосу менен Бээжин университетине барып, китепканачылык кызматты аркалайт. Китепкананын жетекчиси Ли Дач-жао билимге терең сугарылган марксист болгондуктан, 1919-жылы Бээжин шаарында алгачкылардан болуп марксисттик ийрим ачат. Ал ишке албетте, Мао жан дили менен мүчө болуп кирет. Жыйырма жети жашында коммунисттик ийримге мүчө болуп кирген Мао, арадан жыл айланбай Кытай Коммунисттик Партиясынын негиздөөчүсү болуп чыга келет.
1927-жылдын 12-апрелинде генерал Чан Кайши Шанхай шаарында көңтөрүш жасап ийет. Кытайды жарандык согуш аралайт. Өлкөдө төңкөрүш жасайм деген ниетте жүргөн дыйкандар менен жумушчуларга карата массалык куугунтуктоолор башталат. 7-август күнү шашылыш өткөн Кытай Коммунисттик Партиясынын Борбордук Комитети Маону жетекчилик орунга ылайык көрүшүп, кыштактарда төңкөрүш иштерин баштай тургандыгы туурасында чечим чыгарышат. Өзү туулуп-өскөн Хунань провинциясында Мао “күзгү түшүм” деп аталган куралдуу төңкөрүштү уюштура коём деп, Кытай Коммунисттик Партиясынын съездинде Борбордук Комитеттин аткаруу курамынан чыгып калат. Кайрадан партияга берилгендик менен ишин уланткан Мао, Кытай мамлекетиндеги коммунисттерге СССРдин көңүлүн бурдуруу жана көмөк көрсөтүү үчүн бир топ күч үрөйт.
Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда партиялык иштер, жеке өзүн мамлекетте жападан жалгыз чыгаан коммунист катары таанытуу иштери менен алектенип жатты. Партиялык иштерде мурда кетирген бир топ жаңылыштыктары жана айрым жеңиштери Маонун мүнөзүн кийинки учурларда жанда жок кексе, митайым, эч кимге ишенбеген өзүмчүл кылып таштаган эле. Ал ар дайым өзүнө атаандаш болуп чыгып келаткан адамдардан арылуунун айла-амалдарын, көздөрүн тазалоонун жол жоболорун кыйла өздөштүрүп калган. Көпчүлүк учурда Сталиндин жасаган иштеринен канагат алып, анын ар бир кадамын жазбай басканды, туураганды туу тутаар эле. Ал Сталин менен сыймыктанып, Сталинден коркуп, Сталинди жек көрчү.
* * *
1946-1949-жылдардагы элдик төңкөрүштөн кийин жаңы мамлекет түзүлүп, жетекчи топко сегиз партиянын ар бир өкүлү шайланат. Мао ушул жылдарда алардан канткенде арылам деген түйшүк менен жашап, 1951-жылдын 20-майында “контрреволюциялык ишмердүүлүк жургүзүшкөндүгү үчүн” деген өкүм чыгарып, өзүнүн атаандаштарын түрмөгө салып, айрымдарына өлүм жазасын буйруп, алардан оңой арылат. Кытай мамлекети боюнча ачык соттор уюштурулуп, “эл душмандары” деген жалган жалаа тагылган адамдарга өлүм жазалары бериле баштайт. Бир гана Бээжин шаарында бир нече ай ичинде 30 000ге чукул ачык сот каралып, анда үч миллиондой кишинин иши чечилген. Ошентип эки тизгин бир чылбыр Маонун колуна тийген. Өлүм жазасына кеткендер менен түрмөгө айдалгандардын аты-жөнүн толук берүүдө, гезит беттеринин актай жерлери да калбай калган учурлар катталган дешет тарыхчылар.
* * *
Жөн жүрбөгөн Мао 1958-жылы зыяндуу жандыктар экен деген ниетте Бүткүл Элдик кампанияны ойлоп таап, бардык кытай калкына чымын-чиркейлерди, таранчы менен келемиштерди тыптыйпыл жок кылуу чакырыгын таштайт. Ар бир кытай үй-бүлө өзүнүн ушул кампанияда активдүүлүгүн далилдеш үчүн чоң мүшөккө аталган жандыктарды толтуруп барып көрсөтүү талап кылынган. Өзгөчө таранчыларга каршы согуш жарыялоо биринчи орунда турган. Таранчылардын жерге конушуна жана азыктанышына катуу тыюу салынып, учуп жүрүп алдан-күчтөн тая талп деп жерге кулап түшкөндө өлтүрүү — башкы милдеттерден болуп саналган.
Анан, көрүп ал! Жыл өтпөй табиятка каршы согуш жарыялаган калктын башына каран түн түшүп, бардыгы Мао ойлогондой болбой, теңирден тескери чыкпаспы?! Кыжылдаган Кытай калкы ажайып кооз делген бак-дарактардын алекисаатта өңдөн кетип, көз жоосун алган жапжашыл жалбырактар жөргөмүштүн желесине оролгонуна күбө болушат. Алардан тирукмуш сөөлжандар, жер жайнаган майда курттар калаага каптап кирип, көчөдө жүрүшкөн адамдардын айласын алты кетирип, чачтарын, кийим-кечелерин аралап, сайран кура баштабаспы?! Жумушчу калк, өлкөнүн алдыңкы өкүлдөрү, деги эле жумурай журт түштөнүү учурунда ашканалардан тамактанышып жатып, сөөлжан менен кыбыраган түрү суук курттарды табактарынан таап чыгышчу болду. Албетте, төрт буттуу үстөлдөн башка кыбыраган бардык жан-жаныбарларды жеп көнүп калышкан кытай журту үчүн ал сөөлжан, курт-кумурскалар кеп эмес деңизчи?! Антсе да, ал жылдары ушул көрүнүштөн жалпы Кытай катуу жийиркенишкен экен…
* * *
Бардыгына баштары жеткен Кытайдын бул саам Маонун айтканын аткара коёбуз деп, жаратылыштын каарына калып кала жаздашты. Жараткан Эге ар бир затты ойноп олтуруп жасабаганын, ар бир тирүү жан көз көрүп көңүл тойгон улуу табиятты жөн жерден жаратпаганын ошондо барып түшүнүштү окшойт, ал кампанияны эми башка кампания менен айырбашташты. Чымчыктар бүтүп, эми Мао адамдар менен ойной баштады.
Бу саам кампания “Чоң секирик” деп аталып, жер-жерлерде дыйкандар коммуналарга биригишти. Бара-бара шаар менен элет биригет деген түшүнүктү жайылтышты. Үй-бүлөдөн мурда мамлекет кызыкчылыгы жогору коюлуп, ар бир адамдын үстүнөн өкмөт көзөмөлгө ала баштады. Эски менен күрөшөбүз деп эстери оогончо эзелтен келген асыл баалуулуктарга каршы күрөш жүргүзүштү. Канчалык жашоо оор болбосун, бүтүндөй кытай калкында жеке адамдын керт башына сыйынуучулук күч алды. Мао Цзэдунду адам эмей эле кудум Кудайдын уулундай көкөлөтүп мактай башташты.
Бирок, 1959-жылдын июлунда Байдайхэ калаасында өтүп жаткан Кытай Коммунисттик Партиясынын Борбордук Комитетинин кеңешмесинде өлкөнүн кай бир көрүнүктүү коомдук ишмерлери, Коргоо министри, маршал Пен Дэхуай баштаган аткаминээрлер Маонун жасап жаткан иштерине каршы сын айтып чыгышты эле, каяша айткандардын жонунан кайыш тилип көнүп калган неме, аларды дароо тобу менен кошуп туруп түрмөгө айдатып жиберди. 1960-1965-жылдары “Чоң секирик” мамлекеттин экономикасын алсыратып, айыл-чарба бүлгүнгө учурады.
1966-1976-жылдары Кытай мамлекетинде “маданий революция” жүргүзүү каралды. Ушул он жыл аралыгында маданият кызматкерлери, эски коммунисттер жумуштарынан алынып, 100 миллиондой адамдар ак жерлеринен түрмөлөргө айдалып жатты. 1966-жылдын 18-августунда Мао Цзэдун митинг учурунда “хунвейбин” организациясын түзүш керек деп сүйлөдү. Арадан апта өтпөй “бөрк ал десе баш алышкан” бул жаңы уюм бүткүл Кытай өлкөсү боюнча “эски турмушка“ каршы согуш жарыялап, Бээжин, Шанхай ж.б. шаарлардын ичиндеги китеп дүкөндөрүнүн тамтыракайын чыгарып, талоонго учуратышты. Комсомол органдарынын, партиялык кызматкерлердин көптөгөн мүчөлөрүнө жалган жалаа жабышып, үйлөрүнө чейин жети түндө сүзө качыра кирип келип куугунтуктай башташты. Хунвейбинчилер: “Биз төрага Маонун кызыл коргоочуларыбыз, биз АКШ жана Англиянын пластинкаларын, амулеттерди, баалуу вазаларды, календарларды, эски сүрөттөрдү жок кылып, анын ордуна төрагабыз Маонун сүрөтүн тагабыз!” — деген манифест жазышты. 1967-жылы партиялык жана мамлекеттик органдарга аскердик көзөмөл орнотулганда гана хунвейбинчилердин иши соңуна чыкты.
Жашы өйдөлөгөн сайын Мао Цзэдун кылдан кыйкым тапкан ашкере шекчил боло баштады. Тамакка уу кошуп ийбесин, бассейнге зыяндуу заттарды куюп коюшпасын, өмүрүмө кол салышпасын деген арам ойлордон арыла албаган жаны ширин Мао жүздөгөн күзөттөрдү коюп, шырп эткен нерсенин бардыгын текшерүүгө алдырткан. Бардыгы ойдогудай болсун деп Мао үчүн жалаң мамлекеттик казынадан миллиондогон акчалар сарпталып, каалагандай шарттар түзүлүп турган. Кошоматка кол куушурган кол алдындагы кызматкерлер чырайлуу жаш кыздардан апта айлантпай Маого тандап, таап берип турушкан. Мао Цзэдундун эсеп жеткис көңүлдөштөрү болгондугу ал өлгөндөн кийин көптөгөн аялдар Кытай Коммунисттик Партиясынын Борбордук Комитетине, Мао Цзэдундун балдарын тарбиялоого жөлөкпул беришин өтүнгөн кат менен кайрылышканда гана ачыкка чыккан.
* * *
Элдин тагдырын оюнчук кылып ойногон Мао Цзэдундун жеке дарыгери кийинчирээк:
– “Шанхай цирки жүрүп жаткан учурда, бир жаш гимнаст бийиктиктен кырсык басып кулап түштү. Ал ошол эле жерден мүрт кетип, көрүүчүлөрдүн бардыгы коркуудан жана аёо сезиминен улам чуру-чуу түшүп жатышты. Жалгыз гана Мао Цзэдун эч нерсе болбогонсуп олтура берди. Ошол саам эч кандай өкүнүчтүн, кайгыруунун, аёо деген сезимдердин белгилерин анын бетинен ныпым көрө албадык” – деп эскерген.
* * *
Калың элди ал ар дайым чынчыл болууга, акыйкат иш жүргүзүүгө чакырган. Ал эми иш жүзүндө ага ким кошомат кылып кол куушурса, өлкө шумдуктай өнүгүп жатат деп жанын жеп жалган айтса ишенип алып андан ырахат алганды, аларды улам бир кызматтан бир кызматка көтөргөндү туура көргөн.
Ар убак: «Асман, Жер, Адамзатты башкарып күрөшө алам!» — деп мактанганды жакшы көргөн Мао Цзэдун 1976-жылдын 9-сентябрында түнкү саат 12ден 10 мүнөт өткөндө өлгөн. Анын өлкө башкарган жылдарында ар кандай башаламандыктар өкүм сүрүп, ачарчылыктын арааны жүрүп турган. “Чоң секирик” деп аталган кампаниясы жылдарында 50 миллион, “Маданий революция” жылдарында 20 миллион адам өлүмгө дуушар болгон. Мао Цзэдун жүргүзгөн саясаттын аркасында Кытай мамлекети күчтүү да, бай да мамлекеттердин катарына кирбей калган…
ДАНИЯР ИСАНОВ
2008-жыл. Июнь.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс