• Пн. Сен 26th, 2022

Популярные метки

КОЛУ ЖЕҢИЛ ШЫПААГЕР…

Автор:ruh_admin

Дек 25, 2020
Азыр жалган жалаа менен иш козголуп, ар кандай сөздөр жүрүп жаткан айтылуу табып Хашим Зайналиевдин биздин үй-бүлө үчүн да орду чоң. Хашим акени Жараткан менин кичинекей уулумдун эсен-соо төрөлүшүнө чоң себепчи кылган. Былтыр ушул уулум түйүлдүк кезинде врачтар өмүр шеригим Чынараны “рак экенсиң, төрөй албайсың, баланы алдыргыла, башка жолу жок” деп чыккан. Бир канча медициналык кароолордон өткөн соң врачтардын айтканына көнүп, башка жолу болбосо айла жок деп калганбыз. Акыры абортко бараткан жерден Хашим акеге жолугуп, баары башкача болуп кетти. Бизди болгону 3-4 саат гана убакыт сактап калды. Эгер ошондо Хашим акеге жолукпаганда азыр эмне болорун элестете албайм, элестетким да келбейт. Бул биз үчүн чынында керемет окуя эле. Ошондон кийин биздин медицина, врачтар алмай-жулмайдан башкага жарабаган бир байкуштар экен го деп калдым. Эмесе сөз башынан болсун, эринбесеңер окуп койгула…
Жубайым Чынара мындан төрт жыл мурда бир илдетке чалдыгып, тамагындагы калкан безинде (щитовидная железа) шишик пайда болуп калды. Бир канча медициналык текшерүүлөр акыры бизди Улуттук онкология борборуна алып келди. Ал жердеги дарыгерлер “операция кылбаса болбойт, өтө кооптуу оору” деп бир жак калкан безин алып салган. Анан рактын 2-стадиясы, болгондо да эң жаманы (злокачественный) деген диагноз коюп, убагында келипсиңер деп сүйүнтүп коюшту. Ошону менен такай ушул борбордун көзөмөлүндө болуп, ар үч ай сайын текшерилип турду. Эгер шишик үч жылда кайталанбаса жакшы деп эсептелет экен. Ошентип төртүнчү жылга кеткенде аялымдын боюна бүтүп калды. Дароо онколог врачы менен кеңешсек “байкап туралы” деп койду. Үч ай болгондо УЗИге түшсөк баягы операция болгон жерде кайра майда бүртүкчөлөр пайда болгонун көрсөттү. Муну көргөндө эле врачыбыз “баланы алдырыш керек, анан кайра операцияга” дей баштады. Мен башка жолу жокпу деп чебелектейм. Ишенбеген түрүмдү көргөн врач Перинаталдык борбордогу (4-төрөткана) бир профессорго жолдомо жазып берди. Аксакал киши экен, диагноз жазылган кагаздарды карап отуруп, баш чайкады да “эгер төрөй турган болсо аялыңдын өмүрү үчүн кооптуу, бул шишик да түйүлдүк чоңойгон сайын чоңойо берет, жакшысы алдырып салгыла”, — деп кеңеш берди. Логикалык, медициналык жактан караганда албетте ал кишинин сөзү ынанымдуу, бирок ага да болбой бир жол табылып калчудай чебелектейм. Ошентип бизди кайра Адамдын репродукция борбору деген клиникага (5-төрөткана) жөнөтүштү. Мында врачтардын консилиуму карап, акыркы тыянак чыгарып беришет экен. Консилиум баланын да, эненин да саламаттыгы жакшы, бирок шишик менен төрөө опурталдуу, жакшысы бойдон алдыргыла, ал жагын онколог врачыңар менен чечкиле” дегендей тыянак чыгарды. Ошентип бир айыбыз ушул үч борбордун ортосунда өттү, күндө анализ, текшерүү болуп атып. Бул арада түйүлдүк төрт ай болуп, аборт деген сөз чыкканы тез-тез тыбырчылай баштаган. Анысы бизге “мен жашашым керек, алдырбагыла” дегендей туюлуп атты. Акыры Онкология борборунда дагы бир УЗИге түшүп, онколог врачтын алдына кайра келдик. УЗИ бир айда эле баягы бүртүкчөлөр бир канчага көбөйүп, көлөмү да бир канча миллиметрге өсүп кеткенин көрсөтүптүр. Орусча оңой, кыргызча кыйналып сүйлөгөн врач эле, аны көргөндө эле “все, немедленно прерывать, нет другого пути”, – деп так кесе жооп берди. Анын көзүнөн “төрт балаңар бар экен го, эмнеле болуп атасыңар, бала керекпи же аял керекпи?” деген маанини окуп турдум ачык айтпаса да. Врачыбыз ошентип “канча тез болсо ошончо жакшы, тез аборт кылып келгиле, анан кайра операцияга” деп жолго салды. Шаабайыбыз сууп үйгө келдик да өз журт, кайын журт менен дагы бир ирет телефондошуп кеңешип-таңаштык. Арасында медиктер да бар, алар эмнеле болуп атасыңар, врачтардын айтканын кылбай деп дагы бир сыйра ызылдашты. Ошентип акыры врачтардын айтканына көнүп, эртеси баягы консилиумдун жетекчисинен жолдомо алып, абортко бармай болдук. Эл жатса да мен жатпай Кудайдан башка жол көрсөтүүсүн дагы бир ирет тилеп, интернетке үңүлөм. Негедир бир жолу бардай туюлуп туруп алды. Орусча маалыматтарга ыраазы болбой Гууглдан англисче, түркчө, иши кылса чала-була билген, түшүнгөн тилдеримде маалымат издеп кирдим. Түркиядагы, Европадагы клиникалардын сайттарын да аралап чыктым бир ылаажы табылып калчудай. Түн бир оокумда ошентип отурсам Фейсбукка Хашим акенин бир посту чыгып калды кезектеги пациентин рактан айыктырганы тууралуу. Кудай жалгап бу киши менен дос экем, карасам 3 мүнөт мурда жазыптыр. (Бул киши тууралуу мурда оң-терс маалыматтарды окуп, кабарым бар эле. Бирок кайсы бир сайттан клиникасын жаап, сыртка чыгып кетти дегенди окуп, аны вариант катары карабаптырмын ошого чейин) Дароо эле жеке көзөнөгүнө жазсам Бишкекте экен, эртең саат тогузга келгиле деди. Эртеси аялым көйнөк-көнчөгүн көтөрүнүп чыкты, кечээги сүйлөшкөн боюнча ооруканага жатмак. Машинага отурганда азыр бир жерге барарыбызды, кийинки кадамдар ошого жараша болорун айттым да, урган бойдон Хашим акенин айткан дареги боюнча Көк-Жардагы клиникасына келдик. Ал киши тамыр кармап туруп эле, так диагноз коюп коет экен. Тамырын кармап туруп эле “рак эмес, курсактагы бала менен бул шишиктин эч кандай байланышы жок, ойлонбой төрөй берсең болот, биринчиси да рак болгон эмес, операциясыз эле айыктырса болмок, бекер кылгансыңар”, — деп ооз ачырды. Түшүнүп-түшүнбөй отуруп калдык. Биздин дендароо абалыбызды карап “кааласаңар бир курс дарылангыла, мен шишикти жоготпосом да өсүүсүн токтотуп берем, он күндө эле билинет, калганын төрөгөндөн кийин улантабыз”, — деп дагы таң калтырды. Бизге ушул эле керек болчу, дароо макул болдук, башка чарабыз да жок эле. Бул былтыр кеч күздүн суук күндөрү эле, ошол учурда да бирөөлөр клиникасынын тогун үзүп, ызы-чуу болуп аткан экен, үйдөн эле дарыланмай болдук. Күндө бир маал алып келем, тамыр кармап, чөп дарыларын улам жаңылап берет. Ошентип 10 күн эмес, 4 күн дегенде эле аялым жеңилдеп жакшы болуп калды. Буга чейинки стресстерден улам бала да ылдыйлап кетип, кооптуулук (угроза) пайда болгон эле. Врачтардын сөзүнөн кийин ага да карабай калганбыз. Бала да өз ордуна келди. Ошентип дарылоону дагы он күн узартып, бир ай дегенде Онкологиянын УЗИсине кайра түшсөк, чын эле шишиктин өсүүсү бир ай мурдагы калыбында токтоп калыптыр. Хашим аке аны көргөндөн кийин “болду эми, калганын төрөгөндөн кийин улантабыз”, — деди ишенимдүү. Баягы кабак түйгөн капалык айдалып, жадырап-жайнап эле калдык, аялым кайра тириликке аралашып, жумушка да чыгып кетти. Айтса, аймактык гинеколог эже “врачтардын айтканын эмнеге кылбайсыңар” деп сая түшүп алганынан баарына өзүбүз жооп беребиз деген тил кат жазып берип кутулдук. Ошентип тогуз ай толуп, ай-күнү жеткенде өзүбүздүн районго караштуу 1-төрөтканага келдик. (Жакшы деген төрөткана менен сүйлөшүп аткам, бирок түн ичинде келген толгоо ага жеткирбеди). Кудай жалгап төрөт аябай жеңил өтүп, Жараткан бизге балканактай уул берди. Уулубуз азыр тогуз айдан өтүп, кас-кас кадам таштап калды. Биздин үйдүн сүймөнчүгү, Кудай ден соолугун, өмүрүн берсин деп тилеп отурабыз. Эгер ошондо Хашим акеге жолукпаганда балким баары башкача болмок, кандай болмоктугун азыр элестеткибиз да, ойлогубуз келбейт. Жараткан бизге колу жеңил шыпаагерди себепчи кылды.
Баса, ошол күндөрү менин да оң жак бөйрөгүм талып, кез-кез көкүрөк тушум сайгылаша калып жүрдү. Билинбеген менен жанагынча стресс, ой-санаанын таасири тийсе керек мага да. Бир жолу Хашим акеге айтсам оң колумдун тамырын кармап туруп, абалың чатак бала деп баш чайкады. Кыскасы бул кейпиңде бара-бара инфаркка, баштын кан басымы күчөшүнө барасың деп мен түшүнбөгөн медициналык терминдерди аралаштырып бир топ сөз айтты. Ошол учурда кырктын кырынан ашып-аша элек, эл көзүндөгү 3-4 жигит жүрөк оорусунан удаама-удаа кете берген эле. Инфарк десе ошолор эсиме келип, дарылаңыз дедим эч ойлонбостон. Ошентип эки иштен бир иш кылып, чөп дарыларды иче баштадым. Эки курс алгандан кийин көкүрөк сайгылашканы, бөйрөк талыганы да тып токтоп, кыйла жеңилдеп, чуркагым, секиргим эле келип калды. 18 дебейин го, бирок 25 жаштагы абалыма кайра келдим десем болот. Көрсө Хашим аке оорунун өзүн эмес, адегенде ошол ооруга алып келген булакты аныктап, ошол жерди дарылайт экен. Оорунун булагы тазалагандан кийин кесел өзүнөн-өзү айыгат тура. Дарыларын, клиникасын азыркыча айтканда эко деп койсок болот, химия кошулбайт. Кур дегенде пайда кылбаса да зыяны жок. А салттуу медицинада ооруган жериңди эле дарылап, үстөккө-босток химиялык дарыларды бере берет эмеспи, ал ооруну убактылуу басканы менен кайра эле кайталана берет. Анткени ары жакта булагы калып атпайбы. А химикат дарылар бир жериңе жакканы менен башка жагыңды талкалайт. Анын үстүнө дабасы тийбеген дарылар деле көбөйүп кетпедиби…
Мен өзүм деле скептикмин, анча-мынчага ишенбейм, көп нерсеге сын көз менен карайм. Хашим акени мурда шарлатан, билимсиз деген сөздөрдү угуп жүрсөм ушул окуядан андай эмес экенине көзүм жетти. Тескерисинче бул киши Кудай берген тамырчылык касиетти кастарлап, тынбай изилдөө менен дарыгерлигин өркүндөтүп, окуп, өзүн өзү улам өстүрүп турган киши экен. Хашим акедей шыпаагерлер эми кыргызда ар качандан бир качан болуп келген. Аны жалган жалаа менен камап, ишин токтотуп койгондон эч ким утпайт. Анын үстүнө ал эч кимди зордоп дарылап аткан жок. А расмий, мыйзамдуу делген ооруканаларда туура эмес дарылоодон, туура эмес диагноз коюудан, же жөн эле врачтардын шалаакылыгынан канча адамдар жарык дүйнө менен кош айтышып атат… Хашимди каматтык, ишин токтоттук деп кол чаба сүйүнүп, бир тараптуу каралап аткан журналисттер ушуларды иликтесеңер коом үчүн да, өзүңөр үчүн да пайдалуураак болмок.
Шайырбек Эркин уулу.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс