• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

Кара-Суу – добуш берүүлөрдүн барометри

Автор:ruh_admin

Дек 14, 2020
Шайлоодо кандидаттар элдерге чай берип, элдер болсо талапкердин башына суусар тебетей кийгизип, жонуна карышкыр ичик жаап, алдына жасалгалуу ат тартмай кыргыз элинин демократиялуу шайлоо дегенге кошкон эбегейсиз зор “салымы”. Акыркы күндөрдө Президенттикке №1 талапкер Садыр аванын гардеробу суусар тебетей, карышкыр ичикке, короосу күлүк атка толуп келе жатыры деп угам. “Уккан кулакта жазык жок” да. Эгер Кызыл Китепке кирбегенде ак илбирс ичик кийгизип, колуна ителги кондурмакпыз, атаңдын көрү. Кепти мындан баштаганым: кыргыздын жер-жерден чыккан жакшылары бабаларыбыздын салтын бузбай, без пяти минут Президенттин көзүнө илинүүнүн ар кандай жол-жобосун издеп, чайын берип, элибиз Сизди шайлап берет, Нургожоевич деп шымаланып турганы мени көп ойго түртүүдө.
Жапаровду колдоочулардын бир бөлүгү, ошондой эле коомчулукта люстрацияны талап кылгандар арбын. Бирок караламан калк люстрацияга даяр эместей көрүндү. Эскилер, бизден алыс ойногула, биз өз кандидатыбызды шайлайбыз деп баягы-баягы “илиталарды” жондон силкип салчу электорат байкалбайт. № 1 талапкер да бийликтен түшсө да ээрден түшпөй келе жаткандардын сый тамагына барбай койо албай, барбай койсом, непадам, эмне болуп кетет деп “илиталардын” чайын ичип, алардын тартуу кылган суусар тебетейин башына кийгенге туура келип жатат окшойт. Анткени, региондордо азыркы жакшыларга теңтайлаш чыккан, каржылык, интеллектуалдык багажы, коомдук орду бар жаштар чыга элек экен. Тагыраагы, азыркы “илита” артынан келчү муунду тарбиялай элек. Демек, Садыр Жапаров да учурдагы эле тыңчыкма атка минер, тайга минер, байларга таянууга мажбур. Буга Кара-Суу районундагы азыркы жагдай мисал болуп турат. Жапаров штабы Кара-Суу районунан добуш алуу боюнча жалпы жетекчиликти ушул район тургундары Равшан Сабиров менен Жылдызкан Жолдошовага жүктөгөн деп жатышат. Президентттик шайлоодо парламенттик шайлоодо ким көп добуш алса, ошол талапкердин электоратын тартуу аракеттери болуп жатат. Равшан Сабиров, биринчиден, улуттук азчылыктын өкүлү, экинчиден, шаарда өсүп калган жайы бар, кең Кара-Суу жапырт колдоп кетет деш кыйын. 2000-жылдардын башында Равшан мырза Кара-Суу районунан бир мандаттуу шайлоого барып, эбегейсиз акча чачса да, шайлоочулар башка кандидатты шайлап коюшкан, кара-суулуктарга айтканда, “башкага ташашкан”. Жылдыз эжем канча жылдан бери саясатта жүрөт, “Ата Журт” партиясынын тизмеси менен парламентке шайланып келген. Эгер аялдар квотасы болбосо, бу эжемин да шайлануусу өтө күмөн эле. Анткени, кыргыз коомунда акчасыз адамдын парламентке шайлануусу деги эле мүмкүн эмес болуп калды. Кара-Сууда болсо, акчасыз же бийликсиз адамдын шайлануусу жомок сезилет. Анткени Кара-Суудан чыккан байлар, айрыкча, Матраимовдор өз районуна эбегейсиз акчаларды салышты. Кылымда бүтпөгөн жолдорду бүтүрүштү, суу чыгарышты, бей-бечара балдарын окутушту дегендей… Акыркы шайлоодо Матраимовдор Кара-Суунун өзүнөн эле 80 000 ашык добуш алышты. Ал эми “Мекенчил” партиясы менен барган Жылдыз Жолдошова, Равшан Сабировдор 7% барьерден өттүк деп деликаттуу гана жооп берип жүрүшөт. Эмки маселе Матраимовдор кимге иштейт деген маселе? Алардын 80 000 дебейли, 50 000 добушу кимге кетет? Деги эле агитаторлорсуз добуш алууга болобу? Кечээги Октябрь ташисттик революциясында чоң роль ойногон генерал Курсан Асанов да Кара-Суу районунун кулуну. Ал Адахан Мадумаров менен биригип кетсе, буларга дагы бир генерал Рашид Тагаев кошулса кандай болот? Анткени, 2010-жылкы шайлоодо Рашид Тагаев Мадумаровдун “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен шайлоого барып, Сузак, Кара-Суу райондорунан дурус добуш алган. Жапалактык атактуу Рахман аксакалдын небереси Бабур Төлбаев да Президенттикке талапкер. Кыргызстандагы эң чоң каржылык компания болгон “Мөл булак финанстын” башкы директору Бабур мырза бир топ социалдык база, электоратка ээ. Ал тарабынан каржыланып келе жаткан ондогон социалдык долбоорлор, кайрымдуулук иштери добуш берүүгө таасир бербей койбойт. Андан сырткары Кара-Суу районунда улуттук азчылыктардын лидерлери, уруу ынтымагынын башчылары, спорт дүйнөсүнүн өкүлдөрү, криминалдык авторитет, базарчылар, диний аалымдар, хажы акалар деген билинип-билинбеген, көрүнүп-көрүнбөгөн, бирок көп нерсе чечкен күчтөр бар. Буларга Садыров штабы койгон жаш балдардын тили өтөбү?
Кара-Суу – добуш берүүлөрдүн барометри. Кара-Суудан 1-орунду алган талапкер, республикада да биринчи орунду алат. Кара-Суудан добуш ала албаган талапкер биринчи орунга умтулбай койгону эле оң.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс