• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

Чала болот сага, кыргыз…

Автор:ruh_admin

Дек 14, 2020
Эл эмне болуп жатканы менен эч кимдин иши жок.
Азыркылар бийлик талашып, кызмат талашып, бири-бири менен интрига. Ал эми, мурдагылар болсо, азыркылар менен кайра эле келишип алышып, «удобный момент» күткөнчө, мынтип тойдо жүрүшөт. Эл ушунчалык кыйын турмуш кечирип жатса, 1 ууру, миң ууруну чакырып той берип жатса деле унчукпай олтура бересиңерби?
Ушунун баарына чыдап, сууктун күнү көмүр алганы акчаң жок, балдарыңа түзүгүрөөк тамак-аш же кийим-кече алып бере албай, бир жагынан кредит кыйнап, жегениң желим, ичкениң ирим болуп жатса, арзыбаган тыйынга сатылып, кайра эле ушуларга малай болуп жашагандан тажабадыңарбы? Менимче, тажаган деле жоксуңар, сыягы.
Анда.., мындан ары жашоого арызданбагылачы! Силерге болушам деп, жөн эле жерден душман ашырып мага не азап дейм да…
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс