• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

ЧЫӉГЫЗ АЙТМАТОВГО

Автор:ruh_admin

Дек 12, 2020
Расул Гамзатовдон котормо
Кайран көӊүл, канат күүлө, ташкында,
Чөйчөгүмө толтургула кымызды!
«Жашоо бакыт!» Келет кайра айткым да,
Мен куттуктап жатып досум Чыӊгызды.
Мааракеӊе алыс жолду багынтып,
Келген кезде, орун алып төрүӊөн.
Мен бир гана бул жылдыздуу саатыӊды
Ата-энеӊ да көрсө эмне деп өкүнөм!
Өз ичимден тизе бүгүп, баш ийип,
Таазим кылам асыл апаӊ алдында.
Атаӊ руху турат да ана тирилип,
Кайран жигит ак жеринен атылган.
Катаал кезде бооруна алып сыздаган,
Сен апаӊды кубантканга үлгүрдүӊ.
Атаӊ руху раазы: өргө чыксаӊ да,
Элиң менен жөпжөнөкөй жүрүсүӊ.
Кайра Ааламга даӊктап улуу кыргызды,
Бирде Европа, Азия да бараарың.
Чөйчөктө бул мейли шарап, кымызбы,
Залкар досум Чыӊгызым деп аламын!
Мейли ойносун талбай тентек толкундар,
Кайыктар көп катташпасын канча элде.
Бирок Жер шар портторунун баарына
Сүзүп келген, сүзүп келет Ак кеме.
Күнөөлөбө Расулун Гамзаттын,
Гүлсаратка көзү түшкөн суктанып.
Айлында авар Даниярды ырдаттыӊ,
Жамийланы карады да уурданып.
Алыска учтуӊ, арбын дагы бермегиӊ,
Асман сызып, тоскоолдукту көрбөгүн.
Жарым каны Европалык эреним,
Жарым каны Азиялык айкөлүм.
Мекен күтөт урпагы өсүп-өнгөнүн,
Элге кылган улуу эмгегиӊ ушунда:
Ааламдагы арбын элге көргөздүӊ,
Ала-Тоо эми бийик дагы, улуу да!
Которгон Нурланбек Кайрыев
Бишкек, 11.12.2020
Расул Гамзатов
Чингиз Айтматову
Даруй душа, устам всевластным слово,
Налей-ка, кравчий, в кубок не кумыс.
Прекрасна жизнь — в том убеждаюсь снова,
Приветствую тебя, мой друг Чингиз!
На праздник твой сквозь дымчатые дали
Слетелись мы, но в этот звёздный час
Я оттого не в силах скрыть печали.
Что нет твоих родителей меж нас.
И мысленно склоняю я колени
Пред матерью твоей. И не впервой
С ней заодно и не в обличье тени
Мне предстает отец погибший твой.
Сумел, Чингиз, порадовать ты маму
И не подвёл отца наверняка
Тем, что когда взошёл на Фудзияму,
Ни на кого не глянул свысока.
Шипучий дар играет в кубке, пенясь,
Пью за тебя до дна, названый брат,
Мой именитый полуевропеец,
Мой знаменитый полуазиат.
И как бы волны ни метались шало
И чёлны ни менялись в свой черёд,
Но в гавани всего земного шара
Входил и входит белый пароход.
Ты не суди Гамзатова Расула,
Завидует тебе он с той поры,
Как Джамиля аварского аула
Платком венчала шею Гульсары.
Скачи, наездник, на коня надеясь,
Касайся неба и не знай преград,
Мой именитый полуевропеец,
Мой знаменитый полуазиат.
К Отечеству в любви мы все едины,
И в том твоя заслуга велика,
Что сделались киргизские вершины,
Во вногом раз видней издалека.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс