• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

Асылбек Жээнбеков Садыр Жапаровду ресторанга чакырып коноктоду

Автор:ruh_admin

Дек 12, 2020

Бул тууралуу Жаркынай Айтбаева аттуу фейсбук колдонуучусу билдирди:

(Текстти өзгөртпөй беребиз)

Агасынын артында 3 жыл бийлик жүргүзүп, мамлекетти олчойгон сазга батырган Асылбек Жээнбеков Сары-Челек ресторанында Садырга кошомат дасторконун жайганы дүнк дей түштү. Жылкы тартып, баалуу кийит менен желкесин сылап, Садырга кулдук урганына каракулжалыктар чырт түкүрүп атышат дейт. Намыстандыбы же азыркы абалына шүгүр дегениби, Соке өзү келбептир. Тизгинди Асылбек колго алып, каракулжанын 150дөй аксакал, көк сакалдарын чогултуп, Садырды космоско учура мактап, Ханды Алла Таала качан алып коерун өзү билет тура деп хадистен мисал келтирип, дале ээрден түшпөй атканына жердештери кыжырданып отурушту дейт.  Чакыргандар арасында эмнеге чогулганын деле билбей баргандар, Садырга кошомат чай экенин билгенде ооздору Ошту карап ачылды дейт. Жалпы каракулжалыктардын атынан «Биз Сиздин саясатты колдойбуз» деп Асылбек Садырга бодонодой сайрап киргенде, өлбөгөн торт шыйрагыбыз калды дешип, залда отургандардын кекиртегине сөөк тыгылды дейт. Каракулжанын атынан сүйлөгөнгө Асылбек Жээнбековго ким уруксат берди же бизди менчиктеп алды беле дегендер чыгыптыр арадан. Бирок артынан кунк-мынк сүйлөп, бетине даап айта албай кала беришиптир. 
Айтор Асылбектин Садырдын алдында бетин агартып алып, анан ЖКнын отурумуна келип каамырабай отурганы ошондон экен. Эл төңкөрүштү Асылбектин жеп-жутар кландары үчүн жасады беле? Же Садыр каракулжанын кара жилигине алданып кала береби?

http://argument.kg/?p=68429&fbclid=IwAR1Um8AkTqMCmNZkOkggTxXuEi5vfk6FzO8olM_XNF7gj_R5LTPwOwLTtyo

FacebookTwitter

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс