• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

АКШ Райымбек Матраимовго санкция салды 

Автор:ruh_admin

Дек 10, 2020


Райымбек Матраимов
Райымбек Матраимов

49 жаштагы Райымбек Матраимов 1997-2017-жылдары Кыргызстандын Бажы кызматында иштеген. Ал 2015-2017-жылдары мекеменин төрага орун басарлыгын аркалаган.

АКШнын Каржы министрлигинин сайтындагы билдирүү.
АКШнын Каржы министрлигинин сайтындагы билдирүү.

«Азаттык» радиосу өнөктөштөрү менен бирге Матраимовдун бажыдагы ири коррупциялык иштерге тиешеси бар экенин ачыкка чыгарган бир канча журналисттик иликтөөлөрүн жарыялаган.

Матраимов жана анын жакындары анын куру доомат экенин айтып келатышат.

20-октябрда Улуттук коопсуздук комитети Матраимовду кармап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин уланып келатканын билдирген.

Ошол эле күнү сот Матраимовду эки миллиард сом мамлекетке төлөп берүүгө милдеттендирип, тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкаттын негизинде үй камагына чыгарган.

8-декабрда Кыргызстандын Финансы министрлиги маалымдагандай, Матраимов мамлекетке жалпысынан 773 миллион сом төктү.

Дагы караңыз

Матраимов АКШнын «кара тизмесине» кирди

5-декабрда АКШнын Бишкектеги элчиси Дональд Лу парламенттик шайлоодогу добуш сатып алуу сыяктуу көрүнүштөрдү сындаган. Октябрь окуяларынан кийин келген бийликтин Матраимовдун айланасындагы соңку чечимдерине токтолуп, иштин башталышы жакшы болгону менен жетишсиз чара көрүлүп жатканын айткан.

Мындан соң Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Лунун билдирүүсүнө жооп кайтарып, анда «ички иштерге кийлигишүү менен тергөөгө басым кылуунун элементтери бар» деп сындаган.

АКШнын Каржы министрлигинин расмий Интернет барагындагы маалымат. 2020-жылдын 9-декабры.

Дагы караңыз

Дрю Салливан: АКШнын Матраимовго санкциясы көп өлкөлөрдө эске алынат

«Магнитский актына» киргендердин АКШда жайгашкан же америкалык жарандардын көзөмөлүндө же ээлигиндеги бардык мүлк менен каржылык активдерине арест (камак) салынат, алар тууралуу маалымат Чет элдик активдерди көзөмөлдөө мекемесине берилет. Буга кошумча камакка алынган мүлккө түз же кыйыр, 50% же андан ашык пайыз менен ээлик кылган башка юридикалык жактарга да арест салынат. Ал Чет элдик активдерди көзөмөлдөө мекемесинин мыйзамдык актылары америкалык жарандардын санкцияга киргендер менен кандайдыр бир мүлктүк же мүлккө байланышкан амалдарга катышуусуна тыюу салат. Ошондой эле санкцияга учураган адамдын кызматын көрүүгө, же ага кызмат көрсөтүүгө, аны каражат же товар менен камсыз кылууга, ошондой эле андан салым, каражат же товар алууга тыюу салынат.

https://www.azattyk.org/a/30992445.html

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс