• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

Саясатчылардын популизми Бишкекти түтүнгө бастырды

Автор:ruh_admin

Дек 9, 2020
Майда курулушпу, чоң курулушпу — баары илимге таянып курулат. ТЭЦ сыяктуу стратегиялык маанидеги чоң объектилер болсо, ар бир буроосуна чейин илимге таянып, «жети өлчөп, бир кесилип» жасалышы айтпаса да түшүнүктүү.
Ал эми бизде кандай болду? Саясатчылар тээ Союз бузулгандан бери Бишкек ТЭЦти жергиликтүү көмүргө өткөрүүбүз керек деп жар салып келишти. Эмне үчүн өткөрүүбүз керек дегенге иш орун түзүү, күңк-мыңк деген жооптор болуп жатты.
Кытайдан олчойгон кредит алып, аны жоо кууп келе жаткандай тез, шашкалактап парламенттен ратификациялап, анысы аз келгенсип, бир короо депутат Кытайга барып көңүл ачып, саякаттап келди.
Натыйжада эмне болду? ТЭЦти модернизациялап, Кара-Кече көмүрүнө өткөрдүк. Кара-Кеченин күрөң көмүрү адис эмес адамга деле тапсыз экендиги белгилүү. Тапсыз көмүрдү каптап жаксаң эле жылуулук бербесе, жылытып кыйратпайт.
Бишкек ТЭЦте Казахстан, Россиянын колориясы жогору көмүрлөрү канча көлөмдө жагылып жаткандыгын адистер айтышар, бирок негизинен Кара-Кеченин көмүрү жагылып жатат. Жергиликтүү көмүр жагуудан Жумгалдын эли байып, байпагы манат болуп калган жери жок. Кенди ээлеп алган баягы эле бир ууч байлар байыса байып жаткандыр. Километрин миллиондогон долларга баалап, Кытай кредитине курулган жолдорубуз талкаланып жатат. Казакстан көмүрү, биринчиден, арзан, экинчиден, калориялуу, үчүнчүдөн темир жол менен келип, биздин асфальт жолдорду талкалалабайт болчу. Андан да негизгиси, тээ Союздан бери «жашыл шаар», «таза шаар» делип келген Бишкек шаары «балит шаар» деген атка конду. Ооба, автолордон чыккан түтүн да абаны булгайт, бирок ТЭЦ түтүнүнчө эмес. Эгер автолор булгайт десек, анда Бишкекти жыл бою түтүн каптап турмак.
«Хотели как лучше, получилось как всегда», — деп бейиши болгур Черномырдин орусту эле эмес, бизди да кошо айткан экен. Негизи эле бизде бардык чарба саясатчылардын популисттик чакырыктарына, деңгээлине жараша жүргүзүлөт. Популизм менен жаңыланган ТЭЦтен чыккан ыш түтүндү жыттап жата бер эми, кыргызым. Кредиттен олчойгон кол кесим алган ошол учурдагы тиешелүү жетекчилер «Кой-Таш элдик республикасына» танапташ аймактарда жашашат. Ал жакка ТЭЦтин түтүнү Арстан Алай айдаса да жетпейт эмеспи…
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс