• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

Улуу бабабыздын руху тирилди

Автор:ruh_admin

Дек 5, 2020
Али эсимде: эгемендүүлүктүн алгачкы жарчысы катары заман ырчылары Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч, Молдо Нияздардын мурастары ачыкка чыкканы болгон. Алардын чыгармаларынын ачыкка чыгуусу улуттук кайра жаралуу жараяндарынын башаты болуп берди. Булардын ичинен Кадам-Жай районунун Кызыл-Булак айылынан чыккан жазгыч акын Молдо Нияздын орду өзгөчө. Бул улуу апызды алгачкы кыргыз жазгыч акыны деп жүрүшөт. Андан мурун да көптөгөн жазгыч акындарыбыз өткөн болушу мүмкүн. Бирок азырынча мурастары элге жеткен жазгыч акындардын көч башында Молдо Нияз турат.
2023-жылы улуу акындын 200 жылдыгы белгиленет экен. Молдо Нияздын түз урпагы Айтмат Азамжанович башында турган «Молдо Нияз урпактары» деген уюм түзүлүп, улуу апыздын мурастарын популяризациялоо боюнча ар тараптуу иштер жүрүп жатыптыр. Ошол уюм аксакалдардан бата алмакка сый тамак уюштуруп, аксакал окумуштуу Омор Сооронов, академик Абдыганы Эркебаев, профессор Садык Тиллебаев, хан-бектердин ата-тегин изилдегич, чоң тарыхчы,профессор Кыяс Молдокасымов, жазуучу-журналисттер Бейшенбек Бекешов, Адылбек Жажанов, төкмө акын Абдивали Акимбеков, «Жетиген» журналынын кожоюну Абдиламит Жумашев, «Ыйман» фондунун төрагасы Самаган Мурзубраимов, ЭлТР башчысынын орун басары Кылыч Мурзалиев, ошондой эле Молдо Нияздын Бишкекте жана Кадам-Жайда жашаган урпактары чакырылыптыр. Эң эле сый-ургаалы жок, погону таза, жөнөкөйү мен экенмин.
Молдо Нияздын чыгармаларын изилдөө, жайылтуу элге жеткирүүгө бүт өмүрүн арнаган Омор Сооронов агай улуу акындын чыгармаларын кайра басып чыгуу, бүткүл дүйнөдө кабыл алынган стандарт: түп нусканын сүрөтү менен текстти жанаша жайгаштырган вариантта чыгаруу боюнча ой айтты. Академик Эркебаев Молдо Нияздын санаттары кандайча иликтөөгө алынып, кандайча 170 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде белгиленип калгандыгын, ал мааракенин белгиленүүсүндө Ош облусунун ошол кездеги губернатору катары кандай салым кошкондугун эске салды. Сый тамактын ар бир коногу баалуу пикирлерин билдирип, 2023-жылы 200 жылдык мааракенин кандай форматта өтүүсү боюнча сунуш айтышты. Көлдүн кулуну, журналист, жазуучу Бейшенбек Бекешов кыргыз адабий тили Көл говорунун негизинде кабыл алынып калгандыгын, түштүк диалектининин, айрыкча, ичкилик говорунун көптөгөн сонун сөздөрү адабий лексикага кирбей калгандыгын айтып: «Ушу ичкилик туугандар, силерде комплекс бар, өз говоруңарды адабий тилге киргизүүдө тартынып турасыңар», — деди. «А зор гап болду, кана энди шондой болсо», — деп Молдо Нияздын урпактары Балбайдын урпагынын сөзүн түп көтөрүлө колдошту. Түштүктө кеңири колдонулуп, алфавитке кирбей калган жумшак «а» тыбышынын фонетикалык белгисин кабыл алуу боюнча сунуштар айтылды.
Профессор Кыяс Молдокасымов эгер Молдо Нияздын урпактарынан Президенттикке койгонуңарда, ата-тегиңерди кезексиз тактап бермекмин деп тамашага сала сөз баштап, Молдо Нияздын чыгармаларында чагылдырылган окуялардын тарыхый тастыктамасын архивден таап берүүгө, ошол учурдагы кыргыздын ар бир тың чыкмасы, байлары менен жолугуп чыккан улуу апыздын өмүрүн, баскан жолун тарыхый булактар менен тастыктап берүүгө убада берди.
Мен Молдо Нияздын өмүрү, чыгармачылыгы боюнча көркөм-тарыхый фильм тартылса, Анжиян, Фергана, Ош, Намангандын чети оюлбай жаткан адабий-маданий мурастары чагылмак дедим. Бир жолку көрүүдөн ашпаган коммерциялык кино тарткан коммерсант режиссерлор менен фестивалдар үчүн деп тартылган, кыргызды экзотикалык эл, жапайы, апенди кылып көргөзгөн өздөрү апенди режиссерлорубуз ошондой тарыхый-көркөм кино тарта алаарына күмөнүм бар болуп турса да, “үмүтсүз шайтан” дейт эмеспи, бүт кыргызды түрө кыдырган улуу акындын өмүр баянын чагылдыруу менен 19-кылымдагы элибиздин маданий турмушу күзгүдөй көрүнчү фильм тарткан азаматтар чыгып калар.
Ошентип, Молдо Нияздын арбагы ыраазы болор жакшы кече болду. Уюмда ишин жүргүзүп жаткандарга чоң рахмат. Улуу акындын улуу тоюна күбө болуу баарыбызга насип этсин.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс