• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

И. Раззаковго арналган илимий симпозиум болду

Автор:ruh_admin

Дек 5, 2020
Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына арналган илимий симпозиум бүгүн «Манас» жана Ч.Айтматов атындагы академияда болуп өттү. Симпозиумду уюштурган Сулайман Кайыпов агайга, Топчубек Тургуналиев агайга терең ыраазыбыз.
Симпозиумга келип катышып сүйлөйт элем деп сөз талашкандар мындан көп, сөзүм бүтпөй калды коё тургулачы дегендер андан көп эле…Исхак атабыз бул дүйнөгө кылымда бир жаралган улуттун лидери, сыймыгы экендигинин далили. Ал жөнүндө ар бир ойду, айтылган пикирлерди өз-өзүнчө жазып чыгарам. Жардам берем деп жеке өзүнүн атынан каражат жиберген

Замирбек Осмонов

, Алматов Замирбек Рахматиллаевич, Сүлүктүдөн 71 жылкы аваларыбыздын атынан Алимкулов Эркинбек, Нурматов Кылычбек деген аваларыбызга таазим этем. Сиңдим

Madina Khalmurzaeva

эртеден бери жанымда жардамын берип жүрдү. «Лейлектиктер ынтымактуусуңар, бекеринен Исхак Раззаков силерден чыккан эмес,» — деген сөздү угуп төбөм көккө жетти.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс