Вторник , 9-Март 2021
Башкы бет / Аналитика / Төшөгүбүзгө карап бутубузду суналы

Төшөгүбүзгө карап бутубузду суналы

Шайлоо баягы эле тейде өтчүдөй болуп калды. Садыр аваны баягы-баягылар курчап алып: «баланча жерде түкүнчө добушум бар, алып бере калайын, чыгымын өзүм көтөрөм, Нуркожоевич», — деп жүрүшөт. Эгер ошондой болчу боло турган болчу болсо, Садыр ава кайра эле карыз менен Президент болот. 6 жылы ошол добуш алып бергендердин карызын төлөө, башкача айтканда, кызматка коюу, тендерлерден утуп берүү жана башка иштерин бүтүрүү менен өтөт. Экс-Президент Жээнбеков да кокту-колоттон чыккан бай-көпөстөргө карыз болуп калып, алардан бийликтеги 3 жылында да кутула албай, чайналып жүрүп, эл башкарды. Эң чоң карыздар адамдарын түрмөгө тыкты. Ошол шайлоодогу карыздар 3 жыл башкы баш оору болду.
Элибиз: «Канча берет экен, каяктык экен?» — дебей, программасы кандай экен, буга чейин эмне иш кылып, кандай натыйжа көрсөттү экен, ошого карап шайлап берели деген деңгээлге көтөрүлө алды бекен?.. Ай, билбейм.
ТВ, баннер, сайт, роликтер, соцмедиа — ушунун баарына бери дегенде 500 000 доллар, агитаторлорго эң аз дегенде 500 000 миң доллар кетет. 1 млн долларсыз Президенттик шайлоого баруунун өзү майнапсыз биздин шартта. Сурашып келсе, баары бири-бирине тууган чыккан үркөрдөй аз элбиз. Ушундай акча самандай чачылган шайлоо жосунун кайсы ырысыбызга түзүп алдык, билбейм.
Кечээги октябрдагы парламенттик шайлоодо өткөн 4 партия ар бир мандат үчүн орточо 500 000 доллар коротту. Баса белгилеп койоюн, бул болжолдуу чыгым. Кээ бир талапкерлер андан көп же аз коротуусу мүмкүн. Мисалы, “Мекеним Кыргызстан” партиясы канча короткондугун, ошол партиядан талапкер Марлен Маматалиев ачык эле айтып чыкпадыбы…
Кайра эле ошол жолго бара жатабыз. Өзүбүздүн бийлик башчыны өзүбүз бизге кызмат кылып бер деп шайлап жаткандан кийин, агитатору,аш-гөшү, концерти жок эле шайлап берсек болбойбу. Мамлекеттик казынадан каржы бөлүп кармап отурган мамлекеттик каналдар, “Кабар” сайты, облустук ТВлар талапкерлерге акысыз эле убакыт берсе болбойбу. Мисалы, ыр-күүнү башка каналдардан эле угуп туралы бир ай, КТРдин “Тарых, маданият” каналын бир айга ушул шайлоолорго эле берсек кандай болот? Ар бир айылдан агитатор алып, же анысы программаны түшүндүрүп бере албаса, жөн эле тизме толтуруу, паспорт данныйларын чогултуу менен убара болсо, анын эмне кереги бар? Талапкерлер ютубдан, фейсбуктан, инстаграммдан чыгып эле программаларын айта берсе болбойбу?
Кыскасы, курсагыбызды араң багып атканда, төшөгүбүзгө карап бутубузду сунуп, дагы миллиондорду асманга сапырбай, үнөмдүү шайлоо өткөрсөк жакшы болот эле…
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс