Суббота , 23-Январь 2021
Башкы бет / Аналитика / * Чилтен авам

* Чилтен авам

— Чилтен авам рамалик, жүда-аа пакиза киши эле. Жашында кандай эле билбейм, лейкин, чалдын гана сулуусу эле, кызыталак. Жайкалган аппак сакалычы. Жүзүнөн нур тамып турчу жарыктык. Онун жанында жарым саат жөн эле тиктеп отурсаң, нуруна арууланып, тазаланып калчусун. Эч кимди жамандабады, кайран авам… Мактаган да жок. Жүда-аа таза жашады. Ондойлор жүз жылда бир жаралбайт го. Суроо салсаң жообу — кыска-нуска. Болду, индебейт. Бир орунда жылбай отура берет. Сүкүт тартабы, билбейм. Өмүр бою малдын артынан жүрдү. Бир адамга тике карап катуу сүйлөбөй өттү, рамалик Чилтен авам. Күлгөнүн айтсаң, бир сонун. Өзүнө гана жарашат. Жашында чоюлган жигит болсо керек. Ушу, рамалик Чилтен авам бир эле сүйлөп коёт болчу. Ошол эле жетчү жетер жерине. Жаштык-мастык кылдыкпы билбейм. Бир кабылдык дейсиң, чалдын баласы, оозубузду Ошту караткан…– Шапа акем мындан бир топ жыл мурда дүйнөдөн өтүп кеткен абасын негедир эстеп отурду.
— Ондо чын эле жашпыз. Жанагы Ажыбай лалак менен мелдешип кеттик. О-уу, бу лалак жүда-аа карылуу эле жашында. Кырк градус суукта жакасын жагжайтып, көчөдө жүрө берчү. Кычыраган кышта коон жеп чыгат, тооба. Жер төлөсүндө паказ эле кышкы коон менен өрүк как. Өрүк пышты дегенде бу лалакты Дарбаза-Колоттон табасың. Өрүк терип аткан болот. Аны кургатып, как кылып коёт. Кышы бою жеп чыгат. Анан көрө бер, лалакты. Баскан сайын “дырт-дырт-дырт” деп кете берет. Мелдешип кеттик. Ортодо бир козу бар. “Мааланин аягына чейин 100 жолу осуруп берем” деди. Сапаш лакатыр, Сати кыйшык экөө ээрчип алышкан. Санап келатабыз. Ол “дырт-дырт-дырт” деп келатат. 47ге жеткенде токтоп калды. “Балдар, кыз-келин көп өткөн көчөгө түшүп алыппыз. Уялып атам, бүгүн болбойт окшойт” деди. “Жеңилдиң” дедик. “Козу жейбиз” деп атабыз да. Ажыбай лалак такыр көнбөйт. Биз дагы айтканыбызды бербейбиз. Ушу, Чилтен авамдын үйүнүн тушуна келгенде талашып калдык. Авам рамалик Шодокондун бүркүтүндөй кырда сүкүт салып отуруптур. А биз талашып атабыз. Ичибизде бир нерсе бар да. Сати кыйшык кызып калган. Анан кыйшык, “Чилтен авамын калыс сөзүн угалы” деп калды. Ажыбай лалак уялды окшойт, кетти а-бу дегенге карабай. Бардык анан. Барсак, сүлөөсүн тебетейин чыкыйтып кийип, аюу талпакта отурган экен. Чалдын эле сулуусу эле да Чилтен авам. Индебеди. Учураштык. Сати кыйшык мелдештин жайын айтып кирди. “Жеңилди да, Чилтен ава, 47ге араң жетти…” деп кыйшыктын чый-пыйып чыгып атат. Лалакты жамандап атабыз, бир жагынан. “Осурак” деп атабыз да. Айтор, биз эле жакшыбыз. Бир убакта Чилтен авам ордунан козголуп: “Бирөөнүн көзүнчө жүз жолу осурган оңойбу? Андан көрө тымызын былгытканың жаман да, үкам…” деди CСати кыйшыкка сыпайы жылмайып. Үчөөбүз тең селейип туруп калганыбызды көрө бересиң, чалдын баласы. Башка сөз айтпады. Отурат жүзүнөн нур төгүлүп. Тарадык анан. Үчөөбүз үч жакка тарадык. Артыбызга караганга дарман жетпеди. Кыйынсынып бардык эле да, козу жейбиз деп. Ошо, ошо болду рамалик Чилтен авамдын көчөсүнүн өтпөй, башка жол менен жүрчү болдук. Ажыбайды “лалак” дегенге оозубуз барбайт. Чилтен авам укса жетер жерибизге дагы жеткирип коёбу дейбиз да. Рамалик авам пандачилик кылгандан кийин гана Ажыбай лалакты атынан чакыра баштабадыкпы.
“Неге аваңы эстедиң?” дебейсиңби, чалдын баласы. Ушу жашка келип, Чилтен авамдай бир кишини көрө албадым. О киши адамдын эле пакизасы эле. Кайран Чилтен авам…- деп тилават кыла куран окуй баштады.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс