Суббота , 23-Январь 2021
Башкы бет / Кыргызстан / Саясатчылар үчүн жөнөкөй адамдык сабактар:

Саясатчылар үчүн жөнөкөй адамдык сабактар:

1) Эл башы болуу — оюнчук эмес. Аттангандан кийин бир шайлоочуң болсо да ошону сыйлаш керек. Бир шайлоочуң үчүн болсо да аягына чейин барыш керек. Бир добуш алсаң да өзүң үчүн билип койгон жакшы. Анткени ошол бир шайлоочу дагы — корооңдогу мал же чөнтөгүңдөгү шарик эмес, өз дүйнөсү бар тирүү АДАМ. Балким дүйнөсү сеникинен кем эмес, ар бириники.
2) Саясатка аттангандан кийин сага ишенгендер менен кеңешпей туруп бирөө менен жеке өзүң сүйлөшүү — элди мал катары көрүүгө тете. Анткени эл сага ишенген, башкага ишенген эмес. Сен сүйлөшкөн кишиге ишенген эмес же тескерисинче жек көргөн болушу мүмкүн. Анда бул чыккынчылыктын эле бир түрү болот.
3) Сүйлөшүп алып чечсе боло турган маселе үчүн шайлоого аттанып кереги жок. Бул сен бараткан Жолдун кадырын кетирет.
Ушул үч сабак дегеле эгемен Кыргызстандын саясатында жүргөндөрдүн көбүнө тиешелүү.
О, жолуң болгурлар…
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс