Зарипа дегенде Эдигейдин заманасы куурулчу болду. Күнүмдүк тириликтен тышкары экөөнүн ортосунда башка сөз болбосо да, башка сөз болууга Зарипа эч качан кашын какпаса да, Эдигейдин ойлогону эле Зарипа. Эдигей аны жөн эле аяп, тагдырын билген башкалар өңдүү жалооруп ойлобойт, анын башына түшкөн мүшкүлдүн баарына аралашып жүргөндүктөн жакын көрүп ойлобойт, — андай болгондо бул сөздү козгоп не керек. Эдигей Зарипаны сүйүп ойлойт, ойлобой коё албай ойлойт, мага таянса, мага берилсе, мен ал үчүн эчтемеден тартынбасымды билсе, мен ал үчүн баарына даяр экеними сезсе деп ойлойт. Зарипанын назили берилген, назили ишенген, назили сүйгөн кишиси ушул Бороондуу экенин билген болсо, анда Эдигейдин бактысынан тоо жарылып, көл толкумак.
Ортодо эчтеме жок, болушу да мүмкүн эмес, Эдигейдин ниетинде бөтөнчө башка сезим жок дегенсип анткорлонуп жүрүштүн өзү кыйын экен!..
249-бет
… Эдигей айласы кетип, ийнин куушурду.
— Жаңыңды эмне мынча кыйнайсың? – деди муну айткысы келбесе да жемелеген болуп. – Канчага чейин ушинте бересиң? Мындан эч жеңилдик жок да. Сени карап туруп биз да (мен деп айтмакчы) кыйналабыз, балдар да жүдөйт. Түшүнчү. Мунуң жарабайт, — деп жатты да, бу дүйнөдө аны Эдигей гана айарын, ага Эдигей гана күйөрүн, анткени аябай сүйөрүн билдирер сөздөрдү издеди. – Өзүң эле ойлоп көрчү. Катыңа жооп беришпесе койсун, кудай алсын ошолорду, аларсыз куруп кетпейбиз. Сен менен биз (мен — дегени) бир үйдүн бүлөлөрүндөй эле болуп калбадыкпы. Анча чөгө бербегин. Кайраттанып иште. Балдар буерде биздин (менин жанымда — дегени) арабызда кор болбой чоңойот. Орду толот деген ошол. Дагы бир жакка көчөм деп эмне кыласың? Буердегилердин баары сага жакын. Мен болсом, өзүң билесиң, сенин балдарыңды бир күн көрбөй тура албайм. – Мына ушинтип токтоду. Мындан артык ачылууга батынбады.
254-бет
Чыңгыз Айтматов. Чыгармаларынын сегиз томдук жыйнагы. “Кылым карытар бир күн”.
“Учкун” — 2009
Кайран Чыкем! Ушул жерлерин аябай келтирген экен…
Өзүн жазган да…