Воскресенье , 7-Март 2021
Башкы бет / Досье / ИЧКИЛИКТЕР жөнүндө уламыш

ИЧКИЛИКТЕР жөнүндө уламыш

Ичкилик аталып калышынын да озунчо тарыхы айтылып журот. Окуп, элден уккан бир вариантты кыскача келтирсек. Уламыш боюнча, байыркы замандарда КЫРГЫЗдар озунчо бир мамлекет болуп, доолот куруп, турмушу, чарбасы онугуп, соода-сатыгы, башка элдер менен байланышы чыналып турган кезде, алардын куч-кубатына ичи тарлык кылган атаандаш мамлекеттер биригишип, кыргыздарга кутуусуздон кол салышат. Бир нече айга созулган салгылашуудан кийин кыргыздар женилип калат. Душмандар кыргыздардын кайрадан кобойуп, куч-кубаттуу болуп кетуусунон чочулап, алардын баарын жок кылууну чечишет.
Ошондо кыргыздардан 40 адам бир тар капчыгайга жашынат. Душмандар бир аз убакыттан кийин аларды байкап калып, дагы чабуулга отушот. Ошондо 40 кыргыздын 30у кеч кирип калганынан пайдаланып, капчыгайдан жалгыз аяк жол таап, качып чыгышат, тоо аралап журуп олтурушуп куугундан кутулуп кетишет. Аман калган 30 кыргыз бир топ убакыт отуп, душман кетип, тынчтык орногондон кийин баягы 10 кыргыз калган жерге, тируу калганбы, барбы же жокпу деп издеп келишет. Алар издеп журуп, капчыгайдын ичинде калган 10 адамды капчыгайдын жогору жагындагы тоодон табышат. Мына ошол душмандан аман калган кыргыздар чогуу кенешип, капчыгайдан кутулуп чыккандары оздорун «30 УУЛ» деп, ал эми капчыгайдын ичинде калгандар ИЧКИЛИК деп атап калышкан экен.
Ичкиликтер-деп аталышын дагы бир вариантын санжырачы С.Закиров мындайча тушундурот.
Туштук кыргыздардагы санжырачылар: Эгембердиев Акунбай, Тагай… ж.б. тоодо жашаган кыргыздар шаар тегерегиндеги кыргыздарды ичкеридеги кыргыздар деп атап журушуп ошондон ИЧКИЛИК деген аталыш келип чыккан деп жазат.
Орто кылымдын тарыхый эмгектеринде да ичкиликтер жонундо айтылган. Мисалы: «Мажму ат Таварикте», «Кыркыркан аймагы- ичкиликтердин байыртадан берки ата мекени»-деп жазылган. (Кыркыркан тоолору- бул Памир, Алай тоолору).
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс