Понедельник , 8-Март 2021

Суваналиев Башкы прокуратуранын Мадумаров боюнча кайрылуусун туура эмес деп эсептейт


Адахан Мадумаров, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери.
Адахан Мадумаров, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери.

“Мадумаров барып ал жактагы биздин жарандар менен жолугуп эле жүргөн. Ал роль ойнобойт. Бизде мамлекеттик кызматкерлер кызмат көрсөтөбүз дейт. Анын кесепетин ойлош керек. Ар бир чиновник саясатты дагы ойлошу керек. Ушул кагазды жибергенден кийин кандай саясат болот деп ойлошу керек. “Бүтүн Кыргызстанды” шайлоодон (парламенттик-ред.) четтетип салганда биз саясатчы катары аны жакшы жакка буруп кеттик. Азыр дагы ошондой болот”, — деди Суваналиев.

Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев алдыдагы президенттик шайлоодо Мадумаровду колдобой турганын, «Бүтүн Кыргызстандын» тизмесине парламентке баруу үчүн гана кошулганын кошумчалады.

Башкы прокуратура президенттикке талапкер болууга арыз берген саясатчы Адахан Мадумаровдун Орусиядагы кыргызстандыктар менен жолугушуусунда үгүт иштеринин белгилерин кароону Борбордук шайлоо комиссиясына 24-ноябрда сунуштаган.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров 25-ноябрда кызматынан убактылуу четтеген өкмөт башчы, президенттикке талапкерлигин койгон Садыр Жапаровго жана Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылуу жиберди. Анда Башкы прокуратура БШКга жиберген материалдын артында Садыр Жапаров турат деп эсептеген. (TSh)

https://www.azattyk.org/a/30970968.html

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс