Среда , 2-Декабрь 2020
Башкы бет / Досье / Президент болушум керек, бовосо шоруңар катат

Президент болушум керек, бовосо шоруңар катат

Мен мендигимен эле мен болуп жүрөм. Кыргызда бир оору бар, «көрө албастык» деген. Шондон улам, «Элдин маңа болгон көрө албастыгы пешенеме жазылган бакытым» деп коем аргасыз. Кудай чекеңе чызып койсо, арга жок да. Таланттуулардын, Баатырлардын, Кыйындардын тагдырын эми түшүндүм. Талантыма Токтогул өзү таң калмак, эгер тирүү болсо. Үнүмчү… Үнүмү Миңжылкыев укса, сахнада жүргөнүнө өкүнмөк. Ишенбесеңер мен сөгүшкөн балдардан сурагыла. Чыгарма жазсам, Чынгыз акам, чаңымда калмак. Шуну айтсам эле чычалай беришет, адамдар. Бу адамың деле алына жараша адам экен да. Аларга теңелип не кылам. Шондуктан, ырдабайым дагы, жазбайм.
Мен тиккен дарак шартактап, мөмө байланганын айтпа. Мөмөсү жер жайнайт. Талтайып терем десең, суй жыгыласын. Шундай ысырапкорчулуктун кимге кереги бар? Шондуктан, бир түп тал экпейм. Мени атам, «Лодр» дечү. «Эй ата, — дейм. – Бир Кумайыкты туудуруп коюп, балаңыздын паркын билбегениңиз кандай?”, — десем унчукпай калар эле жарыктык. Таланттуу, шайыр, шамдагай, жөндөмдүү, иш билги, кыйын баласынын паркын билбей кете берди, атам печара. Атамды мындай кой, мамлекет парктай албай жатпайбы. Төрт баланы туудуруп бердим өкүматка. Төртөө тең эркек. Өкүматиң шуларды жарытып бага албай жатат. Жаның кашаят да, эй.
Менин паркымды катыным гана билет. “Аман эле бол” деп турат. Жакындан бери эртең менен, “Зрениең минусовка болуп калды” дей турган болду. “Сен мине көз доктур белең, төшөккө жатканда зрениенин кимге кереги бар?” дейм. О кургур, менин ылаачын экенимди билбейт да. Бирок, менде бир кемчилик бар. Аны моюнга алам. Наркым жокпу билбейм, балдарым тагаларын тартып калды. Бирөө дагы үйдө отурбайт, маңа окшоп. Анан сөгөм аларды.
Эми кеп мындай. Маңа бир иш чыгып калды. Ынтылып койсом деп атам. “Мухаммед тоого барбаса, тоо Мухаммедге барат” деп коет го. Күттүм шунча. Эми мен мамлекетке барайын. Президент болоюн деп атам. Мени шайлагыла. Оозуңар менен орок орбой отуз миң кол топтоп бергиле. Мен барган күндүн эртеси Кумтөрдү элге таратып берем. Жөн эле жиликтеп коем. Жанагы Матраимов деген немени бүттү деп кое бергиле. “Камалат” деген бери жактагы сөз. Анан Жогорку Кеңешти жоем. Өкмөттүн өпкөсүн үзөм. Кетирем. Иштебегендерге Кыргызстанда орун жок. Башкаруу бийлигинде бир гана киши иштебегени жетишет. И, баса, Кытайдын карызынан чочулабай эле койгула. Жетимиш жыл орус бакты, эми Кытай баксын да. Бу кытайың бака-сака, жылан-пылан, деги жердеги жан бүткөндүн баарысын жей бергени менен, мамлекетинин казынасына тиши өтпөйт экен да. Бизде тажрыйба мол. Аларга кирип эле алсак, банк-танкы менен кошо бүкүлү жеген биздин азаматтар Кытайды тез эле алсыратып коет. Эртең бизден карыз сурайт керек болсо. Андыктан, мен Президент болуп шайланышым керек. Дагы айтам, бовосо шоруңар катат.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс