Среда , 2-Декабрь 2020
Башкы бет / Кыргызстан / Кыргыздын башкы трагедиясы — ынтымаксыздык, майдалануу

Кыргыздын башкы трагедиясы — ынтымаксыздык, майдалануу

Кыкең эмне иш баштабасын, ырк келишпөөчүлүк, бөлүнүүдөн башталат. Ар бир кыргыз мен чоң болушум керек, ушуга баш иемби дейт ичинде. Жанындагы жакын өнөктөшүнө котур ташы койнунда болот. Ыңгайы келе калганда өнөктөшүнүн ордун баса калганга маш. Ар ким өзүнчө бий болгусу келет. Саясатты карайбызбы, бизнести карайбызбы, маданиятты, искусствону карайбызбы, жалаң кыргыз болгон жердин баары майдалануу, өз-өзүнчө чоң болуу. Жакшылап өз иштеген чөйрөңөргө баам салып көрсөңөр, майдалангандан майдаланып бара жатканыңарды сезесиңер. Мисалы, мен өзүм аралашып жүргөн журналистика, пиар тармагы да болуп көрбөгөндөй майдаланып кетти. Аты чыгып калган кайсы журналистти алба, өзү сайт ачып алган. Өздүк контент сапатсыз. Эптеп бир-эки саясатчынын этегин кармап тирилик кылмай. Жок дегенде 10 журналист иштеген күчтүү аналитикалык-маалыматтык сайт түзөлү деген аракет ишке ашпады. Нукура кыргыз тилинде иш алып барган олуттуу бир да эркин сайт жок. Орусча «Кактус медианын» алдына бир да кыргыз тилдүү сайт чыга албайт. Дурус айлыгы болсо, тыйын табат элем деген баш оору менен директор же башкы редактор алек болсо, чыныгы профессионал журналисттер иштеген жамаат болсо, чын жүрөктөн иштейт элем, аттиң. Илгерки «Асабадай» же «Кыргыз рухундай» күчтүү жамаат болсо чийбейт белек сызыкты, салбайт белек кызыкты…
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс