Ар нерсенин ичи бар,
Аткан таңдын кечи бар.
Абалкыны карасаң
Ак калпак элдин көчү бар.
Азыркысын сурасаң —
Ак үйдөгү кашаада
Айрылган шымдын өчү бар… 

Ажолук күткөн беги бар,
Акталбай чыккан зеги бар.
Корко турган жайы жок —
Кош бийлиги деги бар.
Кантээр экен кыргызым?
Кайрап коюп үчөөнү
Карышкыр көз Максимдин
Калтырып кеткен кеги бар…
Жыргалбек Касаболот