Среда , 2-Декабрь 2020
Башкы бет / Досье / ЭРМЕК КАРИМОВ

ЭРМЕК КАРИМОВ

Өткөн кылымдын 60-70- жылдары Эрмек аке кыргыз музыкасынын генийи- Рыспай Абдыкадыров менен ага-ини тутунуп, көп жылдар чогуу жүрүп, ошол кездеги музыка күйөрмандарына мыкты аккордеончу жана мыкты ырчы катары кеңири таанымал болгон. Эрмек акенин негизги өзгөчөлүгү көп тилде: өзбек, тажик, азербайжан, түркмөн, хорезм, орус, татар ж.б. тилдерде эркин, акцентсиз ырдай алгандыгында. Орто Азия өлкөлөрүндө өткөрүлүүчү абдан чоң, мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларга кыргыз өкмөтү тарабынан сөзсүз чакыртылып, жумурай-журттун алкышына татып жүргөндүгүнө өзүм күбөмүн. «Лейлекте мен барып ырдабаган үй калбаса керек»- деп тамашалап, эскерип калат. Лейлек, Сүлүктүнү бери кой, коңшулаш Тажикстан жана Өзбекстандагы улуту тажик жана, өзбек туугандар кезекке туруп болсо да тойлоруна алып кетчү. «Кыргыз ырчыңыз бар экен, бизди неге чакырдыңыз?»- деп жергиликтүү ырчылар той ээлерине таарынышып, кетип калган учурлар көп болгон. Себеби, бул кишиден кийин бир да өзбек же тажик ырчылары батынып ырдай алчу эмес. Ушундай кыйын талант болгон кезегинде. Эрмек акенин адамгерчилиги менен талантын Рыспай Абдыкадыров, Жолболду Алыбаев, Асанкалый Керимбаев, Түгөлбай Казаков, Токон Эшпаев, Бабаравшан Тургунбаев сыяктуу көптөгөн залкар замандаш, ага-ини, достору өтө жогору баалап, ар дайым сый-урмат менен мамиле жасашчу. Чындыгында, Эрмек аке өтө жумшак, бала пейил, колу ачык берешен, меймандостукту ордуна койгон мыкты инсан. Азыр да жумушка алаксып, бир топко чейин байланыша албай калсам сөзсүз чалып, ал-абалымды сурап анан көңүлү жай табат. Акемдин уучу куру эмес, Кудайга шүгүр. Ата жолун улаган Самара кызы кыргыздын учурдагы жылдызы. Уулу Сагынбек болсо кыргыздын саналуу виртуоз аккордеончуларынын катарын толуктады. Эрмек аке жете албаган бийиктиктерге балдары жетип жатат. Албетте, бул ата үчүн чеги жок кубаныч жана бакыт деп билем. Кейиштүүсү, бир канча жылдардан бери инсульт деген балекет дарт менен күрөшүп келе жатат. Жабышкан дарт бир эмес, бир нече жолу кайталап кармаса да майтарылбай, позитивдүү жашоо образын улантып келе жатат. Тилекке каршы жыгылып кетип, жамбаш сөөгүн сындырып алып, бүгүн борборубуздагы N4 ооруканада операция жасалып, ийгиликтүү аяктады. Жараткан Кудай Эрмек акеге шыпаасын берсин деп дуба кылып атабыз. Сиздер да дуба кылып коюңуздар.
Хабибилла Азиреткулов.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс