Пятница , 16-Апрель 2021
Башкы бет / Досье / ПРЕЗИДЕНТТИККЕ МЕН ДАГЫ АТТАНДЫМ

ПРЕЗИДЕНТТИККЕ МЕН ДАГЫ АТТАНДЫМ

Айланайын элим, эми кимди президент кылып алсак деп башыңар катып атабы? Мынаке, мен турам го! Ошон үчүн бир жакадан баш, бир жеңден кол, бир багалектен бут чыгарып, мени шайлап алгыла!
Азыр эле БШКга арыз тапшырып чыктым. Катталган соң ар бир талапкер мурдагы жумушун тапшырыш керек тура. Көптөн бери жумушсуз болчумун. Жумушсуздугумду тапшырайын, давайте, мага кызмат бергиле дедим. Кайсыл кызматка кызыкканымды сурашты эле, мен: «дароо эле президенттикти берип коё бергиле, шайлоого акча коротуп олтурбай» — десем, ынабай коюшту.
«Программаңыз барбы» дейсиңерби?
Бар эмей анан… Кечээ эле «Пирамида» гезитин сатып алгам. Анда бир апталык телепрограмма бар экен. Буюрса, эми жатып алып, жыргап телевизор көрөм, чиркин!.. А-а, президенттик программаны сурап жатасыңарбы? Андай программам деле бар. Ал мындай: баарыңарды жыргатуу.
Баса, минтип да суроо берээриңер бышык: «Сиз, катыныңызга баш ийесизби, аксакал?»
Во, эң сонун суроо! Эми менин жообум: Коркпой эле койгула. Эгер бийликке келип калсам, кийлигишчү адамым жок. Аялым менен ажырашып кеткем. Президенттик мөөнөтүм канчага созулса, ошончо убакыт бойдок жүрө берем. Ишенбесеңер, мени түбөлүк президент кылып алгыла.
Ал эми атаандаштарыма айтаарым бул: Силер талапкерлигиңерди алып салып, мени колдогула. Мен шайлангандан кийин силер да кызматсыз калбайсыңар. Бириң оң колум, бириң сол колум болосуңар. Дагы бириң оң бутум, дагы бирөөңөр сол бутум… Менин денемдин башка да мүчөлөрү бар. Макул болбогонуңду жаман жериме мүчө кылып алам. Үйлөнбөйм дебедимби, демек, өмүр бою жүрөсүң кор болуп.
Албетте, бул жазганым окурмандарым үчүн күлкү. Тилегеним, талапкерлердин арасында болбосо экен түлкү.
Орозбек Казыбек Уулу.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс