Пятница , 16-Апрель 2021
Башкы бет / Кыргызстан / Азыркы бийлик туура эмес жол менен баратат

Азыркы бийлик туура эмес жол менен баратат

Азыркы бийлик туура эмес жол менен баратат. Анткени, Мыйзамдар бир логиканын үстүндө жазылат — мыйзамдар болсо одоно бузулуп жатат.
1) Конституция жана мыйзамдар болуп көрбөгөндөй тебеленип жатат.
2) Мыйзам 3 саатта кабыл алынбайт. Мыйзам талкууга тушуп, убакыт берилип анан кабыл алынат. 3 саатта кабыл алынган мыйзамсыз мыйзам, сооданын жыйынтыгы.
3) Депутаттардын мөөнөтү 28-октябрда бүтөт, конституцияда жазылган, булар болсо июнга чейин отура туралы деп өзүлөрү өзүлөрүнө мыйзам бычып, баары колдоп, отуруп алышты. Бул мыйзамсыз жана чимкириктердин эч кандай моралдык укугу жок. Революцияны ушул чимкириктердин айынан кылганыбызды унутуп калдык.
БШК мыйзам чегинде 20-декабрга парламентке шайлоо койгон, муну дагы мыйзам чыгарып жокко чыгарышты. Ушундай дагы болмок беле. Мыйзамдуу чечимди, мыйзам менен жокко чыгарган.
Себеп эмне десенер? Себеби, соодалашуу жүрүп жатат. Сен ушундай кылып бер, мен ушундай кылып берем деген. 2021-жыл, июнга чейин каалганын жасатып алат. Чимкириктер болсо июнга чейин депутат болуп отура берет- жөн эле макул деп койгондугу үчүн.
4) 6 октябрдагы талап кандай эле: шайлоо жокко чыгып, жаны шайлооо өтсүн болчу. Эми, шайлоону өткөрбөй эле, жылдырып салышты. Муну кандай түшүнсө болот?
5) Эмнеге президенттик шайлоо болот дагы, парламенттик болбойт. Анткен:
— парламенттик болсо, азыркы чимкириктер жоголот, сатып алуу-соодалашуу жүрбөй калат. Ордуна прогрессивдуу адамдар келет. Бийликти бир адамдын колуна топтоп бербей коет.
— президенттик шайлоо өткөрүп алышса, Жапаров и.о. болбой, толук кандуу президент болот.
6) Спектаклдар көбөйүп кетти. Умүт арткан эл ишенип отурат. Эмнеге ишенесинер? Кумтөрдү алам деди эле, алган жок (минимум 300т алтын бар, азыр). Бир мандаттуу деди эле, парламенттик жакшы экен деди (партиясы бар анткени). Жанылануу болот, жаштар келет, люстрацияга барабыз дебеди беле, кадрдык ашмалтай саясатын көрүп жатасынар, зекстан болуп кеттик го. Же, муну дагы актап отура бересинерби? Экономикалык амнистия деп элди алдамыш болуп жатат. Бул кыпын дагы ишке ашпайт. Силер болсо ураалап мына кустурат деп жатасынар. Ууру өзү келип, уурдаган акчасын кайтарып бермек беле.
Силер үмүт артып, карап отурганда, Садыр Жапаров бийликти колуна топтоп жатат, чимкириктер соодалашып алышты, уже алдында жатат. Ташиевди бекеринен ГКНБга алып барды дейсинерби? Ушул чимкириктерди кысыш үчүн барды. Кысты, соодалашты, эми эч ким деле куспайт. Текебаев бекеринен айткан жок, мен адамдардын характерин билем, түркмөнстан болуп каласынар деп. Ойлоно турчу жагдай көп.
7) Дүйнөлүк коомчулук мени тааныбай жатат деп жатат. Сен биринчи мыйзам талаасында ойно, анан алар сени менен сүйлөшөт. Алар көр эмес да. Мыйзамсыздык кылып аткан адам, алар үчүн бандитке барабар. Ушул үчүн сени менен алар сүйлөшпөйт.
8) Бир манаттуу шайлоого жана президенттик системага өтпөшүбүз керек. 5 президентти көрдүк. Баары узурпацияга барбадыбы — кызматын кыянаттык менен колдонушту. Же, жыргап жашап жатасынарбы? Президенттик болбойт, анткени кландар президентти курчап алат, элдин канын иче берет. Ал эми чимкирик-сойку депутаттардын айынан, парламенттик системаны жокко чыгарып салуу — бит жуккан шубаны өрттөп салганга барабар. Толук парламенттикке өтүш керек.
Туура эмес иштер аткарылып жатканына далил: ууру депутаттар Жапаровдун колун жууп жүргөнү эле жетиштүү. Уурулар кол жууп баштаса, бийлик туура эмес жолго түштү, соодалашып алды дегенди туйундурат.
Бирдемке жазсам эле жаман көрөсүнөр. Ушул адамдын сөзүн дагы тындап койгулачы.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс