• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

ТАШТЫ КИМ ЖЫЛДЫРАТ?

Автор:ruh_admin

Ноя 2, 2020
Падыша жолдун ортосуна бир чоң таш коюп, терезеден эмне болот экен деп байкап отурат. Көп өтпөй жолдон вазир өтүп баратып, ташка назары түшөт. Акылына ташты жолдон алып коюу, бул дагы сооп иш деген ой келбейт. Ташты нары-бери айланып: “Падыша менен сүйлөшүп көрөйүн, жолдун ортосунда бир чоң таш турат деп айтайын. Аны алдырганга бир адам издеп көрөлү. Жакшы бир кадр чыгып калаар” дейт. Мамлекеттик кызматкердин жеткен акылы эле кадр издөө жана аны жумшоо эмеспи.
Анын артынан бир сот келет. Ал дагы таштын айланасында айланып, көпкө ойлонот. Бирок акылына бул ташты алып салуу келбейт. “ Вазир менен сүйлөшүп көрөйүн. Жолдун ортосуна таш ыргыткандарга кандай жаза берсек. Тергөө жүргүзүп, жазасын берели” деп жолуна түшөт. Ал бечаранын деле акылы жазалаганга гана жетти. Өмүр бою элди жазалагандан башкага жараган жок.
Акылдуу падышалардын жанында ар дайым өзүнүн маскарапозу болчу экен. Сырттан башка бирөө келип маскарапоздук кылып, кошомат кыла баштаганда: “Кечирип кой,колуңдан маскарапоздук келбейт экен, менин өзүмдүн маскарапозум мага жетиштүү” деп жолго салчу.
Ошентип кошоматчы, маскарапоз, эки жүздүү, пайдасыз кеңешчилер, дүжүр аксакалдардын баары таштын жанынан өтүп, бирок бирөөсү да ташты жылдырып койгонго жарабайт. Тескерисинче бирөөсү бул көйгөй жөнүндө падыша үчүн ыр жазат, экинчиси маселени көбүртүп-жабыртып, ого бетер абалды татаалдаштырат.
Эң аягында бир айылдык киши келип калат. Жол боюнда турган ташты четке алып коюу сооп экендигин, садака болоорун жаштайынан уккан бул карапайым киши алгач жылмайып, андан соң: “Кой, бул ташты жылдырып койбосом болбойт” дейт. “Канча деген адамга, ат арабалардын дөңгөлөгүнө тоскоолдук жаратат эмеспи”. Бысмылда деп туруп ташты нары-бери жулкулдатып, акыры бир четке сүрүп салып, таштын астынан бир калта алтын таап алат. Абдан таң калып, калтанын бетиндеги жазууну окуганга шашат. Падыша : “Бул калтадагы алтындар ташты четке алганга күчү жеткендерге насип этсин” деп жазган экен.
Таш сымал көйгөйлөргө күчү жетпегендер эч качан ийгиликтүү боло алышпайт. Өкүнүчтүүсү биздин өлкөбүздө да мындай таштар толтура. Өзүнүн жана өлкөсүнүн келечегин ойлогон адам ошол таштардан коомду тазалоого тийиш. Кызматка жаштардын же карылардын, тазалардын же жегичтердин келүүсүнөн дагы, жүктү көтөрүп кете алгандыгы маанилүү болуп жаткан учур. Кээ бир учурда таш көтөрө албаган жаштардан, кесипкөй жана тажрыйбалуу карыя артык. Мамлекетти “таштардан” тазалоодон мурун, өз корооңуздагы таштарды ирээтке келтирип алыңыздар, туугандар.
Которуп, даярдаган:

Нуриет Абдулазиз (Nuriet Abdulaziz)
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс