Среда , 2-Декабрь 2020
Башкы бет / Жаңылыктар / Бишкек шаарындагы эки районго жаңы акимдер дайындалды

Бишкек шаарындагы эки районго жаңы акимдер дайындалды

Бишкек шаарындагы Биринчи Май жана Октябрь райондорунун акимдери алмашты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

“Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 46-беренесине ылайык, Биринчи май районунун башчысы Алимбек Биримкулов кызматынан бошотулду. Анын ордуна Нусувалиев Максат Орозбекович дайындалды.

Октябрь районунун акими Азамат Дороев дагы кызматынан бошотулуп, анын ордуна Константин Иванович Куценко аким болду”, – деп жазылат анда.

Маалым болгондой, тийиштүү буйруктарга мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс