Среда , 2-Декабрь 2020
Башкы бет / Жаңылыктар / Өзүбүздүн өндүрүштү колдойлу

Өзүбүздүн өндүрүштү колдойлу

Майлуу-Суунун Led (электр үнөмдөөчү) лампаларын издеп жүрүп таап алдым. Бишкекте Кустанайский көчөсү 117 дарегинде (тел. 0773 161720; 0558 523652; 0772526889) сатылат экен. 4 жыл мурда жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн жарманкесинен ушундай лампа алган элем, азырга чейин жарык берип турат, чын. Бирок бул биздин чырактарыбызды кытайдын сапатсыз, тез күйүп кетчү, пластик лампалары рыноктон сүрүп салган. Ошондуктан Майлуу-Суунун светодиод лампалары соода түйүндөрүндө жок. «Фрунзе», «Глобус» сыяктуу супермаркеттерге чыгарбайсыңарбы десем, албайт дешет.
Былтыр төрага баш болгон ЖК депутаттары Майлуу-Суу лампа заводуна барганда ишкана ээлери ушул маселени койгон болчу. Өндүрүш бара-бара кыскарып, элдер миграцияланууга аргасыз. Чынында, шаардагы 1000ден ашык үй-бүлөнү багып турган жападан жалгыз ушул лампа завду калган. Башка эч нерсе жок. ӨЗҮБҮЗДҮН ӨНДҮРҮШТҮ КОЛДОЙЛУ!
Люстрадагы кытай лампаларын өзүбүздүкүнө алмаштырып жатам.
Жаннат Мажитова
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс