Мекеме бул маалымат «фейк» экенин маалымдап, жалган маалымат тараткан адамдардын жоопкерчилиги мыйзамдарда каралганын эскерткен.
Мунун алдында Камчыбек Ташиевдин «Фейсбуктагы» баракчасына окшош аккаунттан жазылган посттун скриншоту тараган. Андагы текстте «Садыр Жапаров оюн улам өзгөртүп турат, эгер коррупционерлерди кызматка коё берсе аны жеке өзүм камайм» жазылган.
Аккаунт Ташиевдин реалдуу баракчасындагы сүрөтү менен жасалгаланган, муну айрымдар анын пикири катары кабыл алып6 бөлүшүп жиберишкен. (ErN)