Четверг , 26-Ноябрь 2020
Башкы бет / Жаңылыктар / Экс-вице-премьер Асрандиев Жапаров менен иштөөдөн баш тартуу себебин түшүндүрдү

Экс-вице-премьер Асрандиев Жапаров менен иштөөдөн баш тартуу себебин түшүндүрдү


Экс-вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Кыргызстан-Орусия өкмөт аралык жолугушуусунда. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясы, Бишкек шаары. 22-сентябрь, 2020-жыл.
Экс-вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Кыргызстан-Орусия өкмөт аралык жолугушуусунда. «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясы, Бишкек шаары. 22-сентябрь, 2020-жыл.

“Менимче бул операциялар Максим Бакиев жана анын айланасындагы адамдар менен байланыштуу болчу. Бул операциялар Райкүл Жапарованын жетекчилиги менен жүргөн. Банк анын колунда болчу. Менин оюмча бул тууралуу анын бир тууганы Садыр Жапаров билген. Жапаров анда Курманбек Бакиевдин кеңешчиси жана коррупциянын алдын алуу агенттигинин башчысы эле. Мен абийирине ишене албаган адамдын жетекчилигинин алдында иштей албайм”, деп жазган Эркин Асрандиев.

Экс-вице-премьер-министр билдирүүсүнүн саясий мазмуну жоктугун, өз пикирин гана жарыялаганын айткан.

Май айынын этегинде Садыр Жапаровдун эжеси Райкүл Жапарова Интерпол аркылуу Польшада кармалган. Райкүл Жапарова мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин көмөгү менен «Ысык-Көл Инвест банкты» рейдерлик жол менен тартып алганы үчүн айыпталып, 2015-жылы сыртынан соттолгон.(ZKo)

https://www.azattyk.org/a/30912526.html

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс