Четверг , 26-Ноябрь 2020
Башкы бет / Досье / КР Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековго Салам кат!

КР Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековго Салам кат!

Алдыда жаңы министр аткарса жакшы болмок деген бир канча маселелер боюнча сунуштарды айтып жатам. Аларды акырындап чече баштасаңыз ийги! Менин сунушум ЖМК тармагындагы маселелер:
Биринчи: Мамлекеттик ЖМКлардын бутун тушаган “Бюджеттик кодекс” дегенге өзгөртүү киргизиш керек. Аны өзгөртүүнүн кандай гана жолу болбосун табыш керек. Өзүңүз жакшы билесиз, ушул кодекс ишке кирген акыркы 3-4 жыл ичинде толгон токой көйгөй жаралды. Мени менин кесиптештерим толук колдойт деп ойлойм.
Экинчи: Облустук мамлекеттик телеканалдардын курамына, көпчүлүк мамлекеттик гезиттер кошулган. Анын эсебинен “Медиа борборлор” түзүлүп, медиадагы универсалдуулукка чыгарабыз деген ийги тилектер менен иштей баштаган. Бирок, өзүңүз билгендей, алар “сүт” берген жок. Анткени гезитти ТВга, ТВны гезитке байлоо азырынча биздин кадрларга жат экен. Аш кыла алышпайт экен. Болбосо ыраматылык Султан Жумагулов министр болуп тургандагы ӨТӨ ЖАКШЫ демилгелеринин бири эле. Гезиттер эски стилде иштебей, мультимедианы да колдонуш керек деген максат эле. Бирок азырынча биз бул жол менен барганыбыз туура эмес болуп калат экен. Ошол үчүн “Медиа борборлорду” жоюп, ТВлар мурдагыдай иштеп, гезиттерди өз алдынча жашоого, мүмкүн болсо, менчикке өткөрүп салуу демилгени колдойт элем. Ошондо медиа рынокко туруштук берүү инстинкти иштеп, мультимедианы оңой эле алып кетмек деп ойлойм. Азыр мамлекет өз саясатын облустук же райондук мамгезиттер менен элге жеткирүү артта калгандыктан, аларды бюджеттен каржылап, кармап туруу болбойт. Аларды эркиндикке кое бериш керек.
Үчүнчү: Кыргызстандын бардык ЖМКларын карасаңыз, бир окуяны баары чыгарат. Албетте ар түрдүү өңүттө. Ал эми Эл аралык жаңылыктардын дээрлик көпчүлүгүн орус тили аркылуу чагылдырат. Менин сунушум: өзүн сыйлаган үлкөнбүз деген мамлекеттик ЖМКларга жардам берип, чет элден коррпункттарды ачууга көмөк көрсөтүш керек. Эл аралык жаңылыктарды өз көзүбүз менен көрүп, өзүбүздүн үнүбүз менен жеткирүүгө убакыт келди.
Төртүнчү: Мамлекеттик ЖМКлардагы кызматкерлердин медиа тармактагы билимдерин жогорулатуу максатында бат-баттан окутууларды өткөрүп туруу. Бул өтө маанилүү!!!
Бешинчи: Чет мамлекеттерден журналисттерди алып келип, медиа турларды бат-баттан уюштуруп туруу керек. Ушул тармакка жакшылап көңүл буруу зарыл. Ай сайын ар мамлекеттен журналисттерди алып келип турса эмнеге болбосун? Сонун болот. Бул практика өзүн сыйлаган бардык мамлекеттерде эле бар го акыры. Аларды алып келип, бир эле борборду көрсөтпөй, аларды региондорго алып барып, Кыргызстан кандай экенин көрсөтүү. Албетте жакшы сезондордо алып келсе, эмнеге болбосун? Мисалы жазда Кыргызстан кандай кооз болуп калат. Эми, шылтоолорду тапса болот. Бул Эл аралык байланыштарга, инвестицияга дегеле бардык сферага жардам бермек.
Asanbek Pazyl.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс